Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

"Тахиржонду зордукташкан". Орус түрмөсүндө кордолгон адам каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

6-февралда Орусиянын Иркутск шаарындагы №6 түрмөдө жазасын өтөп жаткан Тахиржон Бакиев көз жумду. Ал буга чейин абакта кыйноого кабылып, зордукталганын ачык айтып, түрмөнүн жетекчилери жоопко тартылган.

Расмий версияда ал өз өмүрүнө кол салганы айтылды. Жакындары жана укук коргоочулар Тахиржонду бул кадамга барууга аргасыз кылышты деп эсептешет.

Тахиржон Бакиевдин карындашы Наргиздин айтымында, 6-февралда ага Жаза аткаруу кызматынан чалып, бир тууганы каза болгонун айтышкан.

“Мага Светлана деген бирөө чалып, өзүн Иркутскидеги Жаза аткаруу кызматынын өкүлү катары тааныштырды. Ал “тезирээк келип, сөөктү алып кеткиле” деди. Бир тууганымдын каза тапканын ушинтип угузушту. Мен ал өз жанын кыйганына ишенбейм”,- деди Наргиз "Сибирь. Реалии" долбооруна.

"Люди Байкала" басылмасы жазгандай, Тахиржон Бакиев 1989-жылы Өзбекстанда туулган. Атасы өзбек, апасы орус кызы - ал кичине кезинде эле каза болуп калган. Үй-бүлөсү менен Иркутск облусундагы Худоелань айылына апасынын туугандарына жакын жерге көчүп барганына бир топ жыл болгон. Тахиржон Орусиянын жараны.

“Атабызды жакында эле Өзбекстанга жеткиргенбиз. Уулунун өлүмү тууралуу ага кантип айтарымды билбейм”,- дейт Наргиз.

Бакиевдин өлүмүн орус президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Ева Меркачева ырастап, “анын өлүмүнө кыйноо себеп болду” деп кошумчалады.

Тахиржон Бакиев 2019-жылы курал уурдоо иши боюнча жети жылга кесилген. Ал аялды коргоо максатында ага кол салган адамдын куралын тартып алганын айткан.

"Түрмө кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен кыйноого алынган"

2020-жылы Бакиев жазасын өтөп жаткан Иркутск облусунун Ангарск шаарындагы № 15 түрмөдө тополоң болгон. Ал жакта отургандардын бири түрмө кызматкеринин ур-токмогуна кабылганын айткан соң, жыйырмадай киши тилектештик билдирип кан тамырларын кесип салышкан. Түрмөдө отургандар жетекчиликтин талаптарын аткаруудан баш тартып, ичиндеги жыгач иштетүүчү цехти өрттөп жиберишкен. Бул окуядан кийин түрмөдөгүлөрдүн жарымын №6 колонияга которушкан. Арасында Бакиев да болгон.

Ал жактан Тахиржонду камерада чогуу отургандар түрмө кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен кыйноого алып, зордукташкан.

“Камерада чогуу жазасын өтөп жаткандар ар кандай себеп менен жаңжал чыгарып, Бакиевдин динине асылып, анын Куран китебин тытып салышкан. Бакиев түрмө кызматкерлерине арызданса, алар тескерисинче анын колу-бутун байлап, түрмөдөгүлөргө салып берип коюшкан. Аны пол жуучу таяк менен зордуктап, ички органдарына олуттуу доо келтиришкен”,- дейт адвокаты Наталья Юсупова.

Бул окуя боюнча 2023-жылдын февраль айында Иркутскинин Свердлов райондук соту №6 жаза аткаруу мекемесинин мурдагы башчысы Алексей Агаповду, ыкчам бөлүмүнүн жетекчи орун басары Алексей Медниковду жана түрмө кызматкери Антон Ерохинди беш жылдан абакка кескен.

Сот үчөөнү тең Бакиев кабылган кыйноолорго тиешеси бар деп тапкан.

Былтыр январда Бакиев аны түрмөдөгүлөрдүн коркутууларынан коргоону суранып Бириккен Улуттар Уюмуна, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Европа комитетине жана орусиялык укук коргоочуларга кайрылган.

"Иркутск шаардык жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү ар дайым мени коркутуп-үркүтүп, психологиялык басым жасап, суицидге жеткирүүгө аракет кылып келет. Агапов мени кечирбестигин, менин айымдан анын карьерасы түптөлбөй калганын айтышат”,- деп жазган Бакиев каттарынын биринде.

Жакындарынын айтымында, ага адвокаттан, жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлерине болгон көрсөтмөлөрүнөн баш тартуу үчүн басым жасашкан.

Кенемте өндүрүп алууну көздөгөн

Бакиев өзүнө басым жасагандарды моралдык зыян келтиргени үчүн сотко берип, алардын тогуз миллион рубль же 100 миң АКШ доллар кенемте төлөп берүүсүн талап кылган. Сот 7-февралда өтмөк. Бакиевдин соттун алдындагы өлүмү жакындарынын күмөнүн күчөтүүдө.

"Ал иш жылып жатканын, кенемте тууралуу арыз сотко жеткенин, баш кесерлерден кенемте өндүрүү ийгилик экенин айтып жаткан. "Мени куттуктай берсең болот" деген. Анын жашоого пландары бар болчу, бизге кайтып, жашоосун ак барактан баштай турганын кыялданып аткан", - дейт Наргиз.

Бакиев Иркутск облусундагы түрмөлөрүндөгү кыйноолор тууралуу ачык айткан жалгыз адам эмес.

Тувалык Кежик Ондар Бакиевдей эле түрмөдө таяк жеп, зордукталган. Ал өзү 2023-жылы эркиндикке чыккан, бирок ден соолугуна олуттуу доо кетип оорукчан болуп калган. Ал эми аны кыйноого алгандар 4-5 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG