Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Орусия Токаев баш тарткан орденди Мирзиёевге берди


Владимир Путин жана Шавкат Мирзиёев. 19-октябрь, 2018-жыл
Владимир Путин жана Шавкат Мирзиёев. 19-октябрь, 2018-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Александр Невский атындагы мамлекеттик орден менен сыйлады.

Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жакында эле бул орденди алуудан баш тарткан. Чет өлкөлүк саясий жана коомдук ишмерлерге бериле турган сыйлыкты Борбор Азия өлкөлөрүнүн мурдагы бийлик жетекчилеринин дээрлик баары тең алган. Анын ичинде Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев да бар.

Туулган күнү берилген орден

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди Александр Невский ордени менен сыйлоо тууралуу Владимир Путиндин жарлыгы 23-июлда орус өкмөтүнүн расмий документтери жарыяланган сайтка чыкты. Жарлыкта Шавкат Мирзиёев “Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоодогу өзгөчө кызматы үчүн” сыйланганы жазылган.

Шавкат Мирзиёев 24-июлда 65 жашка чыкты жана сыйлыкка байланыштуу жарлык анын туулган күнүнө бир күн калганда, 23-июлда жарыяланды. Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы Мирзиёев менен Путин жекшемби күнү телефондо сүйлөшкөнүн, орус президенти эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоодогу салымы үчүн өзбек лидерин орден менен сыйлаганын жазды.

“Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүсүндө соода-экономикалык кызматташуунун жогорку көрсөткүчүн сактоо жана артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгү айтылды. Ушул жылдын сентябрь айында Самарканд шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү боюнча пикир алмашуу болду”, - деп айтылат Өзбекстандын президентинин расмий сайтында.

Дээрлик алты жыл мурда бийликке келген Мирзиёев - эгемен Өзбекстандын тарыхындагы экинчи президент. Ага чейин ал Өзбекстандын өкмөтүн 13 жыл башкарган. Андан мурунку президент Ислам Каримов 2016-жылдын сентябрында көз жумган. Ал төрт жолу президент болуп шайланып, бир жолу жалпы элдик референдумда президенттик мөөнөтүн узарткан.

Касым-Жомарт Токаев (солдо) жана Владимир Путин (оңдо).
Касым-Жомарт Токаев (солдо) жана Владимир Путин (оңдо).

Токаев баш тарткан орден

Александр Невский ордени ушуну менен акыркы эки айдын ичинде Борбор Азиядагы мамлекеттердин экинчи президентине берилип жатат.

Ушул жылдын июнь айында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз кызматы казак президентине Орусиянын Александр Невский атындагы ордени берилип, бирок ал баш тартканын билдирген. Бул Токаев президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин жергиликтүү да, чет элдик да сыйлыктарды алуудан баш тартууну чечкени менен түшүндүрүлгөн.

Невский ордени Токаевге Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда тапшырылмак. 17-июнда бул жыйынга катышкан Токаев орусиячыл жикчилдер өздөрүн “Донецк элдик республикасы” (ДНР) жана “Луганск элдик республикасы” (ЛНР) деп атаган түзүмдөрдүн көз карандысыздыгын тааныбай турганын айткан. Көп өтпөй Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусияда Токаевди орден менен сыйлоо пландалбаганын билдирген.

Касым-Жомарт Токаев 23-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөштү. Зеленский Твиттердеги баракчасында Токаевге Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогону жана Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрү боюнча позициясын ачык айтканы үчүн ыраазычылык билдиргенин жазды.

Расмий Ташкент “ДЭР” жана “ЛЭР” боюнча позициясын март айында эле билдирген. Өзбекстандын ошол кездеги тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Ташкент бул жикчил топторду тааныбай турганын айткан. Ал апрелде табышмактуу жагдайда кызматтан кеткен.

Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго Александр Невский орденин тапшырып жаткан учур. 2017-жыл.
Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго Александр Невский орденин тапшырып жаткан учур. 2017-жыл.

Невский сыйлыгы жана Борбор Азия

Александр Невский ордени Орусия империясынын тушунда негизделип, аны менен аскер жана жарандык адамдар сыйланган. 1917-жылы башка падышалык ордендер менен катар жоюлган. 1942-жылы СССРдин Жогорку Кеңеши тарабынан жаңыдан негизделип, Кызыл Армиянын согушта каармандык көрсөттү делген командирлери сыйланган.

Ушул тапта бул орден белгилүү чет өлкөлүк саясий жана коомдук ишмерлерге, Орусия менен кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү аракети үчүн чет өлкөдөгү ишкерлерге берилет. Александр Невский Орусиянын тарыхынын үч мезгилинде – Орусия империясында, совет доорунда жана бүгүнкү күндө да күчүндө турган жалгыз орден.

Бул орден буга чейин Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге, Беларустун лидери Александр Лукашенкого, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жана Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовго ыйгарылган.

Александр Невский орденинен Кыргызстандын башчылары да куру калган эмес. Владимир Путин 2016-жылы Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, Бишкекте Александр Невский атындагы орденди тапшырган. Атамбаев анда президенттик мөөнөтүндөгү негизги жетишкендиктердин бири - Орусия менен мамиле калыбына келтирилгенин айткан.

Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге Александр Невский орденин тапшырып жаткан учур. 2016-жыл.
Владимир Путин Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге Александр Невский орденин тапшырып жаткан учур. 2016-жыл.

Ошентип, Александр Невский орденин Борбор Азия мамлекеттеринин мурдагы жана азыркы президенттеринин дээрлик бардыгы алды. Чолпон-Ата шаарында 21-июлда Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусунан кийин Орусия менен бул чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн мамилеси күн тартибине чыкты. Жыйын Украинада согуш болуп жаткан тапта жана Казакстандагы январь айындагы кандуу окуя, Каракалпакстандагы башаламандыктан кийин өткөндүктөн эл аралык коомчулуктун кызыгуусун жаратты.

Чолпон-Атадагы кеңешменин жыйынтыгы менен Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

Мирзиёевдин мөөнөтүн узартуу аракети

Ал тапта Өзбекстанда Мирзиёевдин президенттик эки мөөнөтүн жокко чыгара турган конституциялык реформа башталды. Конституциянын жаңы редакциясы референдумда кабыл алынса, анда Өзбекстанда президенттин мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга узартылышы мүмкүн. Бозгундагы өзбек оппозициясы бул өзгөрүү президент Шавкат Мирзиёевге бийликте дагы узак убакытка калууга жол ачарын айтып жатышат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы “суверендүү республика” деген макамы алынып, ал Каракалпакстанда катуу нааразылык акцияларына алып келди. Башаламандыкта кеминде 21 адам каза таап, кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын статусу өзгөртүлбөй турган болду.

Байкоочулар Мирзиёев бийликке келгенден кийин Каримовдун доорундагы айрым саясий туткундарды бошотуп жана коңшу өлкөлөр менен мамиленин жакшырышына салым кошкону өлкөнүн ичинде жана сыртында реформатор лидердин аброюн түзүүгө түрткү бергенин айтышат. Бирок эл аралык байкоочулар 2016-жылдын декабрында жана 2021-жылдын октябрында өткөн президенттик шайлоолор Каримовдун тушундагыдан айырмаланбаганын сынга алышып, өлкөдө сөз эркиндиги дале чектелип жатканын белгилеп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG