Үйү өрттөнгөндөр, камсыздандыруунун кайгысы
Ысык-Көлдө беш балалуу үй-бүлө тилсиз жоонун айынан үй-жайсыз калды. Үй-жайдан, тиричиликке керектүү бардык мүлкүнөн кол жууган бул үй-бүлө азыр кошунасынын бир бөлмөсүндө жашап жатат. Көп балалуу үй-бүлө үчүн турак жайды кайра калыбына келтирүү азыр чоң маселе болуп турат. Ысык-Көл облусунда 150 миңден ашык турак үй бар. Алардын 6 миңден ашыгы гана камсыздалган.