Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Токиодо эски электроника медалга айланды


Токио Олимпиадасынын талисмандары.
Токио Олимпиадасынын талисмандары.

Токиодогу Жайкы Олимпиадага туура бир жыл калды. Бул күндүн урматына жапондордун борбор калаасында бир катар иш-чаралар өттү.

Токионун Маруночи аянтында орнотулган атайын саат 2020-жылдын 24-июлуна чейин канча күн калганын көргөзүп турат.

Сааттын бет ачары концерт, оюн-зоок коштоосунда салтанаттуу өттү.

Ушул күнү уюштуруу комитети медалдардын дизайны менен тааныштырды. Төш белгилер кайра иштетилген электрондук жабдуулардан жасалмакчы.

Алардын ар бирине Олимпиаданын эмблемасы, айланасына жапондордун “итимацу” деген салттуу оймосу чегилет. Салмагы 550 грамм медалдын аркы бетине байыркы гректердин жеңиш пири – Никанын сөлөкөтү түшүрүлөт.

Дизайндын автору - жапониялык сүрөтчү Дзюнъити Каваниси.

Медалдарды жасоого 78 тонна эски электрондук жабдыктар - 6 миллиондон көп чөнтөк телефон, фотоаппарат, ноутбуктар жумшалган.

Уюштуруучулар медалдарды чыгарууда жапон элинин берешендигин белгилешет. 31-мартка карай 30 килограмм алтын, төрт тонна күмүш жана эки жарым тонна коло чогутулган.

Медалдарды тартуулоо аземине улай өткөрүлгөн шаардын даярдыгына арналган пресс-конференцияга жапон өкмөтүнүн башчысы Синдзо Абэ, Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах катышты.

Жапон премьери бул жолку оюндар да 1964-жылы Токиодо уюштурулган Олимпиадага окшоп ийгиликтүү болоруна ишенерин айтты:

Синдзо Абэ.
Синдзо Абэ.

"Ошентип 2020-жылкы Токио Олимпиадасына бир жыл калды. Алты жыл мурда шаар оюндарды кабыл алуу укугун жеңип алганда мен интервьюлардын биринде иш-чарага жети эле жыл калганын айткам. Соңку алты жыл абдан тез өтүп кетти. Даярдык иштери пландалгандай жүргөнүнө абдан кубанып турам", - деди Синдзо Абэ.

Ал эми Томас Бах Жапониянын ордо калаасы үчүн спорт майрамы кайталангыс учурга айланарын, өлкө дүйнөгө дагы бир жолу өзүнүн меймандостугун, эң жакшы сапаттарын көргөзө турганын белгиледи:

"Олимпиаданы кабыл алган шаардын оюнга бир жыл калганда Токиодой ушунча мыкты даярдалганын буга чейин көргөн эмесмин".

Уюштуруу комитетинин өкүлдөрү жаңы стадиондор, залдар, оңдоло турган спорттук жайлар өз убагында бүткөнөнүн билдиришти. Өткөн айда өлкө ичинде биринчи баскычта 3,2 миллион билет сатылды.

Муну күтпөгөн уюштуруучулар билет сатуу жадыбалын өзгөртүүгө аргасыз болушту. Ошондой эле конокторду тосуп алуу, коштоп жүрүү жана башка иштерге катышууну каалаган 200 миңден ашык ыктыярчы катталды.

Шаршемби күнкү иш-чараларга Бах жана Абэ менен бирге Жапониянын Улуттук олимпиада комитетинин жаңы жетекчиси Ясухиро Ямасита катышты.

Анын алдындагы төрага Цунеказу Такеда 2020-жылкы оюндарга байланыштуу коррупцияга шек саналып, өткөн айда кызматынан кеткен.

Андан тышкары аптап атлеттер менен көрүүчүлөргө кандай таасир этет деген кооптонуулар айтылууда. Былтыр июлда башкалаада катуу ысыктан ондон ашуун киши өлгөн. Уюштуруучулар ышкыбоздорго стадиондорго өз суусун ала кирүүгө уруксат берилерин, спортчуларга ыңгайлуу шарт түзүлөрүн убада кылышууда.

Токиодогу Олимпиада эмки жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG