Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Өкмөттүн үнөмдөө саясаты ITге да жетти


Кыргызстанда мамлекеттик беш IT-ишкананын жетекчилеринин кызматтан алынышы талкуу жаратты.

Өлкөдө санариптик кызмат көрсөтүүлөр жаатында иш алып барган “Түндүк”, “Инфо-Система”, "Соцсервис", "Транском" жана "Укук" деп аталган ишканалардын директорлорун бошотуу буйругуна премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

"Беш жетекчинин ордуна бир жетекчи болот"

Азырынча кызматтан кеткен жетекчилер соңку жагдай тууралуу эч кандай билдирүү тараткан жок. “Түндүк” ишканасынын мурдагы жетекчиси Нурия Кутнаева “Азаттык” радиосуна бул маселеге байланыштуу азырынча комментарий бере албасын билдирди.

Өкмөт мындай чечимди бири-бирин кайталаган органдарды кыскартып, оптимизациялоо аракети менен түшүндүрүп жатат.

Өкмөттүн аппаратынын cанариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтерековдун айтымында, аталган беш ишкананы мамлекеттик бир кызматка бириктирип, каражатты үнөмдөө менен ишти жакшыртуу керек деген пикирде.

“Мисалы, бүгүн талкуу болуп жаткан “Түндүк” ишканасын эле ала турган болсок, анда 25 киши иштейт. Бир директор, анын орун басары, калгандары экономист, юрист, бухгалтер, камсыз кылуучу (закупщик) сыяктуу административдик кызматкерлер. Алты гана IT-кызматкери бар экен. Биз юрист, камсыз кылуучу дегендерди кыскартып, бир мамлекеттик ишканага бириктирели деп жатабыз. Ошондо беш ишкананын директору, орун басарлары баш болгон орундар кыскарат. Себеби, алардын баары бюджеттен каржыланат, акча алат. Баарын бириктирип, жалаң cанариптештирүүгө керектүү 70тей IT-адисин алып калып, сапатын жакшыртсак деген план болуп жатат. Анын үстүнө буга чейинки иштерди анализдеп келгенде бир топ кемчиликтери бар экени аныкталды. Мурдагы айрым жетекчилердин дал ушул IT тармакта профилдик билими жок экен. Бирөөгө жумуш бериш үчүн эле кызматты түзө берген туура эмес".

Таалай Байтереков беш мамлекеттик ишкананын жетекчилери жана орун басарлары орто эсеп менен айына 80 миң сомдон ашык айлык алып келгенин, эми аларды бириктирүүнүн эсебинен каражатты үнөмдөө пландалып жатканын белгиледи. Өкмөт өкүлү жетекчилер кыскартылганы менен IT-адистердин саны мурдагы бойдон каларын кошумчалады.

“Катардагы IT-адистер жумуштан бошотулбайт. Алар өз ишин улантат, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жаатындагы ишти күчөтөбүз”, - деди Байтереков.

Кыскартылып, бириктилип жаткан беш ишкана ар кыл багыттагы кызматтарды көрсөтүп келген. Маселен, "Укук" ишканасы укук коргоо органдары, чек ара, миграция, коргоо жаатындагы органдардын маалыматтык системасын тейлөө менен алектенген.

"Инфо-Система" болсо финансы чөйрөсүндө мамлекеттик секторго жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган.

Ал эми "Соцсервис" ишканасы саламаттык сактоо, билим берүү, спорт, социалдык камсыздандыруу жаатында маалыматтык системаларды иштеп чыгып, кызмат көрсөтчү. "Транском" деп аталган мекеме өкмөттүн атайын байланыш көрсөтүү багытын тейлечү.

“Түндүк” мамлекеттик ишканасы бардык мамлекеттик органдардын санариптик кызматтарын бир тутумга бириктирип, бири-бири менен маалымат алмашуусун камсыз кылып турган.

Өкмөт эми дал ушул беш ишкананы бириктирип, Санариптик өнүктүрүү кызматынын алдына топтоону пландап жатат.

"Бузбай, курууга багыт алыш керек"

Өкмөттүн мындай түшүндүрмөсүнө карабай бул жаңылык дароо талкууга түшүп, айрым эксперттер мындай чечимди сындап чыгышты. Алар соңку жылдары аздыр-көптүр иши жолго коюлган ишканалардын жетекчилерин жапырт кызматтан бошотуу санариптештирүүгө кедергесин тийгизет деген тынчсыздануусун билдиришти.

Өлкөдөгү IT-тармагы боюнча адис Азиз Абакиров буга чейин иштеп жаткан ишканаларды жоюп, кайра түзүүдөн майнап чыгары күмөн экенин айтты.

Азиз Абакиров
Азиз Абакиров

"Сөз болгон мамлекеттик IT-ишканалардын баары жакшы иштеп жаткан. Мисалы, Нурия Кутнаева жетектеген "Түндүк" ишканасы. Мындан бир нече жыл мурда ушул долбоор Эстонияда дүйнөдөгү электрондук өкмөттү ишке киргизүү, эффективдүүлүк боюнча 130 өлкөнүн ичинде биринчи орунду ээлеген. Өкмөт реформа кылабыз десе, эмне себептен реформа керек, ага кандай муктаждык барын ачык түшүндүрүшү керек. Баарын чачыратып салып кайра чогултабыз деген болбойт. Мүмкүн да эмес. Экинчиден, профессионал IT-инженерлер жаңы кызматка барышабы? Бул дагы чоң маселе”.

Абакиров жумуштан бошотулган жетекчилердин арасында жакшы жыйынтык көрсөткөн кесипкөй адамдар бар экенин, аларды кызматтан алуу адилетсиз болгонун белгиледи.

Ал эми «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева беш ишкана өз алдынча иштөөгө ылайык түзүлгөнүн, эми аларды бириктирүү бул тармакка оор сокку болорун айтып өттү.

“Азыр "Түндүк" системасынын табиятын түп тамыры менен бузганы жатышат. Эми мунун баарын бузуп салып, ар бир мамлекеттик орган өз алдынча система түзө баштайт. Программалык өндүрүмдүн монополиясы түзүлгөнү жатат. Бул абдан туура эмес ыкма".

Анткен менен реформаны ишке ашырабыз деген өкмөт өкүлдөрү акыркы тынчсызданууларды четке кагууда. Алар "маалымат каражаттарына коңгуроо кагып чыккандардын көпчүлүгүнүн өз кызыкчылыгы болгон" деген жүйөнү келтиришти.

Ошол эле учурда айрым адистер соңку жылдары санариптештирүү деген ураан улам-улам айтылганы менен иш жүзүндө анын жыйынтыгы сезилбей жатканына нааразы.

Адистердин бири Нурлан Шаршеналы уулу оптимизация менен коштолгон жаңы түзүмгө мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгиледи.

“Азыркы беш ишкана мамлекетке караштуу болгону менен ар кыл мамлекеттик органдардын алдында болчу. Бул жаатта иш пландар иштелип чыгып, аткаруу талабы коюлганы менен бир орган менен экинчи орган сүйлөшүп, макулдашып ишке ашканча бир топ убакыт кетип калчу. Мунун айынан иш ийгиликтүү жүрбөй калган учурлар арбын болгон. Азыр баары бир борбордун алдына келип, иштей баштаса жыйынтык болот деп ойлойм".

Бул эмне үчүн маанилүү?

Соңку жылдары Кыргызстанда санариптештирүү демилгеси байма-бай көтөрүлүп, мурдагы өлкө жетекчилери негизги багыт катары атап келген. Кыргыз бийлигинин мамлекеттик тейлөөнү санариптештирүү боюнча активдүү аракети 2017-жылы башталган.

Мындан кийин Сооронбай Жээнбеков башкарып турган 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы», 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланган.

Былтыр октябрдан кийин кызматка келген бийлик деле мамлекеттик органдарды санариптештирүү зарыл экенин айтып келишет.

Жемкордук кулач жайган өлкөдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү онлайн форматка өткөрүү паракорчулукту жана бюрократияны азайтат дегени менен санариптештирүү демилгеси шыр кетпей, өкмөт пландаган электрондук тутум жакшы иштебей жатканына сын-доомат арбын.

Ал арада IT тармакта программалоо жана кызмат көрсөтүү боюнча жеке демилгелер салыштырмалуу ийгиликтүү жүрүүдө. Өлкөдө жеке компаниялар чет элдик буюртмаларды алып иштеп, программалоо жаатында курстарды уюштуруп келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG