Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:57

Өзгөн: мэр менен депутаттарды талаштырган жер тилкеси


Өзгөн шаарындагы “Тазалык” ишканасы.
Өзгөн шаарындагы “Тазалык” ишканасы.

Өзгөн шаарындагы “Тазалык” ишканасынын 50 сотых жери муниципалдык базарга айланат. Мындай чечимди 8-февралда шаардык кеңештин депутаттары кабыл алды. Ага 16 депутат "макул", 14 депутат "каршы" добуш берди. Айрым депутаттар муниципалдык базар кийинчерээк жеке менчикке сатылып кетпейби деп чочуласа, калаа бийлиги Өзгөндөгү жол тыгынын чечүү максатында ушул кадамга барганын айтууда.

Өзгөн шаарын Ош - Бишкек жолу аралап өтөт. Акыркы жылдары автоунаа тыгыны жана базардын айланасындагы башаламандык маселе жаратып келүүдө. Шаар бийлиги “Тазалыктын” 50 сотых жерин муниципалдык базарга айлантып, муну менен башаламан сооданы иретке келтирүүнү көздөп жатат.

Өзгөн шаардык кеңешинин жыйыны.
Өзгөн шаардык кеңешинин жыйыны.

"Жеке менчикке сатылып кетпейби?"

Шаардык кеңештин сессиясында вице-мэр Таалай Жусупов бул чечимди мындайча түшүндүрдү.

"Акыркы беш айдан бери Өзгөндө мыйзамсыз соода боюнча иш алып бардык. Маданият көчөсүнүн тургундарынан дагы арыздар келип түштү. Себеби, эртең менен балдар мектепке барарда жол тыгын болуп, тосулуп калат экен. Экинчиден, Өзгөн базарынын эки мунарасы турган дарбазанын алды жашылча-жемиш базары болуп кетти. Ал жерди үч күн араң кармап, кийин күчүбүз жетпей калды".

Буга чейин мэриянын тиешелүү комиссиясы көчө боюндагы башаламан сооданы Өзгөн “Тазалык” ишканасынын ордуна жылдырууну туура деп тапкан. Ал эми “Тазалыктын” таштанды чыгарган унаалары үчүн шаар сыртындагы таштанды полигонунан жай берет. Бул сунушка айрым депутаттар каршы чыгышты. Мамлекеттик экологиялык-техникалык комитетинин таштанды полигонуна курулуш курууга болбойт деген корутундусу бар дейт шаардык кеңештин депутаты Азамжан Жалилов.

Азамажан Жалилов, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты.
Азамажан Жалилов, Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты.

"Кайсы гана жер базарга айланганда кимдир бирөө сатып алууга кызыгат. Ал жерге контейнер коет, капчыктуу адамдар сатып алат. Эртең ал жер муниципалдык бойдон калбайт. Башка базар сыяктуу эле жеке менчикке сатылып кетет. "Тазалык" ишканасынын ал жерден башка жери жок. Ошон үчүн биз талашып тартышып жатабыз".

Мэрдин тууганына таандык тигүү цехи

Жыйында депутаттардын бири Бахадыржан Абдикаримов “Тазалыктын” базарга бере турган жеринде Өзгөндүн мэри Нодирбек Каримовдун эжеси Тажикан Каримова тигүү цехин куруп алганын айтты.

Өзгөн шаарынын мэринин эжеси “Тазалык” ишканасынын ичине куруп алды делген тигүү цехи.
Өзгөн шаарынын мэринин эжеси “Тазалык” ишканасынын ичине куруп алды делген тигүү цехи.

Жыйынга өзү да катышып олтурган Тажикан Каримова жерди ижарага алганын билдирди. Ал Өзгөн шаардык кеңешинде депутат.

"Курулушту баштаганбыз, документтер бар. Эл сүйүнүп жүрөт. Азыр тигүү өндүрүшү Кыргызстанда жакшы өнүгүп жатат. Эмне үчүн мэрдин эжеси деп чукулап жатасыңар?".

Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримов “Тазалыктын”муниципалдык жери базарга берилсе, ал жер эч кимге жеке менчикке сатылбайт деп убада берди. Буга чейин өкмөттөн Ош - Бишкек жолунун боюндагы Өзгөн шаарынын жол четиндеги башаламан соода жайларды иретке келтирүү тапшырмасы берилгенин билдирди.

Нодирбек Каримов, Өзгөн шаарынын мэри.
Нодирбек Каримов, Өзгөн шаарынын мэри.

"Муниципалдык жер эч качан сатылбайт. Аны камалгысы келгендер сата беришсин. Биз бүгүн келечекти ойлошубуз керек. Негизи, муниципалдык базарларды ачып шаар бюджетине каражат түшүрүшүбүз керек. Экинчиден, элге шарт түзүп беришибиз керек. Соода кылгандарды Өзгөндөгү "Дордой" базарына көчүрөлү десек эл ал жакка барбайт экен".

Өзгөн шаарынын “Тазалык” ишканасында жалпы 10го жакын таштанды чыгаруучу унаа бар. Ал шаардын 60 миңге жакын калкын тейлейт. Талашка түшкөн "Өзгөн Тазалыктын" жери 50 сотых экени айтылды. Мурунку шаар башчыларынын тушунда дагы ал жерге базар уюштуруу боюнча чечим кабыл алынган. Бирок, ал жер жол боюнда болгону үчүн кайрадан "Тазалыктын" карамагында калган.

Өзгөн - Кыргызстандагы байыркы шаарлардын бири. Шаарда XI-XII кылымдарда Карахандар доорунда курулган архитектуралык комплекстер бар.

  • 16x9 Image

    Арген Нуров

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG