Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Өзбекстандагы кыргыздарда ала качуу жок


Өзбекстандагы казак жаштарынын үйлөнүү тою. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстандагы казак жаштарынын үйлөнүү тою. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Бахмал жана Заамин райондорунда жашаган этникалык кыргыздарда үй-бүлө куруу, жаштардын башын кошуу маселеси Кыргызстанда жашаган улутташтардан бир топ айырмаланат, кызды ала качып үйлөнүшпөйт.

Салтка жараша мындан 40-50 жыл мурда ата-эне балдарынын ой-пикирлерине карабай эле, бири-бири менен куда болгон. Бул иш-чара, кээде балдары-кыздары эс тарта элек чагында эле нан сындырышып кудалашып коюшат.

Бала да, кыз да ата-эненин айтканын эки кылган эмес. Мындай салтты эл арасында "Бешкерти" куда болуу деп аташкан. Бала менен кыз жаштайынан бири-бирине "Бешкерти" жолу менен баш байлап коюшкан.

Кээде, бири-бири менен достошуп жүргөн жигиттер үйлөнгөндөн кийин балалуу боло электе эле, үй-бүлөлүк карым-катнашты, достукту андан ары чыңоо үчүн өз ара келишип (бул маселе көбүнчө эркектер тарабынан эле чечилген) "бел куда" болушкан.

Келишим боюнча кайсы бири эркек балалуу болсо, экинчиси кыздуу болсо, ал кызын берген, же болбосо тескеринче. Бел куда болгондон кийин баланын ата-энеси, кыз 13-14 жашка чыккандан баштап калың иретинде жыл сайын кудасына бир уй берип турган.

Андан сырткары жыл сайын Курман айтта кызга айттык берилип турган. Айттыкка атайын дасторкон даярдап, түрлүү татуулар: мейиз, жаңгак, өрүк, наваттан тартып кыздын өзүнө болсо атайын кийим же болбосо эң кымбат баалуу кездемени, тасмал жасап алып барып турушкан. Албетте, азыркы заманда ал салттардын көбү унутулуп, эл арасында сейрек кездешип калды.

Азыркы учурда жаштар бири-бирин көрүп, баш кошуу чечимин кабыл алышса гана ата-энелерине айтып, андан кийин кыздын үйүнө жуучу жиберет.

Жуучулар кыздын ата-энесинин үйүнө жок эле дегенде эки-үч жолу барат. Эки тараптын бири-бирине макул болорун алдын ала билсе да бул салтка айланган.

Жуучулар биринчи ирет кыздын колун сурап барышканда, кыздын ата-энеси, "ага тууган менен кеңешели, кызыбыз менен сүйлөшөлү" деген жооп узатат. Экинчи жолу барганда анан макулдугун беришет. Эгерде жигит аскердик кызматын өтөп келген же жогорку билимдүү болсо, кыздын ата-энеси көп каада күтпөй эле макул болот.

Калганы болсо салтка жараша "кулдук уруп" куда түшөт. Андан кийин күйөөнүн ата-энеси "ооз майлап" тоюн өткөрөт. Ага эки кой, таттууга толгон дасторкон, бир кап ун же болбосо 100дөн ашык нан алып барат.

Андан кийинкиси " парча той" деп аталат. Анда күйөө тарап келиндин төркүнүнө жууркан-төшөк тигиле турган кездеме, 150-200 кг. кебез, келиндин баштан-аяк кийими, эки же үч кой, анын биринин эти толугу менен бышырылып кешик иретинде куржунга салынып, таттуу, өрүк-мейиз, 200-250 нан алып барат.

"Парча" тоюнда кыз тарапка бериле турган калың бычылат. Кыргыз сому менен эсептегенде калың 50-60 миңге чамалайт. Эненин сүт акысы үчүн 20-25 миңдей сом, сарпай (кийит) пулу деп 5-6 миндей сом, жетегине көбүнчөсү бир уй берилет. Кудаларга канча кишиге кийит кийгизүүнү (сарпай жабуу) да өз ара келишип алышат. Парча тойдон бир ай убакыт өтөр замат (бир ай ичинде жууркан-төшөк даярдалат) "келин алар" тоюн алып келет. Бул тойго сөзсүз түрдө үч кой жана мурдагы тойго берилген азык-түлүктөр толугу менен алып барылат.

Нике кыюу, тогуз табак, төшөк салуу, кемпир өлдү, жар-жар айтуу ырым-жырымдары түн бир оокумга чейин улантылат. Бул иш-чаранын бардыгы кемпирлер, жеңе, кыз-кыркын жана күйөө жолдоштордүн катышуусу менен өтөт.

Кийинки мезгилде кыз чыгаруу, келин алуу, куда-сөөк күтүү салты бир топ жаңыланып, өзгөрдү. Мисалы, эр жигиттин, бойго жеткен кыздын ата-энелери мурдатан камданып, жыйынып-теринип тойго даяр турушат.

Кыз- жигит бири-бирин көрүп, жактырышса эле болду, калганы кыска мөөнөт ичинде бүтөт.

Кулдук уруп куда түшүү, "ооз майлар", жана "парча" тою чогуу бир эле жолу өткөрүлөт да, бир аз убакыт өткөндөн кийин '"келин алар тою” өзүнчө өтөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, мурда той үйдө эле өткөрүлсө, учурда колунда барлар, үйүндө айыл-апага бир күн той берет. Андан кийин шаарга келип кафе-ресторанда белгиленген күнү 300-400 кишинин катышуусунда дагы бир жолу той өтөт. Бул тойду күйөөнүн ата-энеси өткөрөт. Ырчы-чоорчу, артисттер жана тойду алып баруучулар чакыртылат. Албетте бул иш-чараны өткөрүү үчүн чоң суммадагы акча каражаты керек. Биринчиден, эл эмне дейт?", "Манастан Чубак кем бекен?" деген кур намыска жеңдирип, тойдон кийин куржалак калып, карызга батса да ошого барышат.

Салтка жараша тойдун эртеси эле келиндин “бет ачарын” өткөрүшөт. Ага жалпы үй-бүлө мүчөлөрү, кайната-кайнене, күйөөнүн ага-инилери, эже-карындаштары катышат.

Башына желек баш жамынып, жүзүн жаап алган келинди, кишилер отурган бөлмөгө кайненеси алып кирет. Келин жүгүнүп, бир нече жолу саламдашат. Улуулар ага "кудай этегиңен жалгасын, өмүрлүү, бактылуу бол, ата-бабаңдын арбагы колдоп, дөөлөтүн берсин" деп алкап, бата беришет.

Бет ачарда кайнене супура жайып келинге ун элетип, камыр жуурутат, колу майлуу болсун деп колуна сары май сүйкөйт, ак жолтой бол деп тилек айтылат. Келин жууруган камырдан боорсок, май токоч жасалып, дастарконго коюлат.

Келин чай куюп, биринчи чыныны кош колдоп ызаат менен кайнатага, андан кийин кайненеге андан кийин кезеги менен башка конокторго сунат. Муну "келиндин чайы" деп аташат. Кайната-кайненеге кошуналар, "келиндин чайын мурдуңар кызарганча ичип, жыргап калдыңарбы?" деп тамаша суроо узатышат, алар болсо башына баш кошулуп, келиндин чайын ичкенине шүгүрчүлүк айтышат.

Бет ачардан кийин келин кайната-кайненесинин үйүндө кызмат кыла баштайт. Салт боюнча келин күйөөсүнөн, кайната-кайненесинен да эрте туруп, жүзүн жууп желек баш жамынган бойдон үйдүн алдын, короону, дарбазанын сыртын, көчө жакты да шыпырып, тазалайт.

Андан кийин кайната-кайненеси үчүн бет жууганга жылуу суу даярдайт. Эгерде кайната же кайненеси, болбосо кайнагалардын бири үйдөн чыгып же болбосо тыштан келип калса келин сөзсүз түрдө жүгүнүп салам берет.

Бул иш-чара келин тарабынан кийин деле улантылат, бирок желек баш жамынбайт, жүзүн бекитпейт. Бир аз убакыт өтөрү менен кайнагалар, кайнежелер, ага туугандар кезеги менен келинди отко киргизет.

Отко киргизүү салты боюнча бир аз туугандар чакырылат, бешбармак же палоо даярдалат, келин кайненеси, абысыны менен келип, жүгүнүп салам берет. Отко кирген келинге сөзсүз түрдө атайын көйнөк же жоолук жана башка белектер берилет.

Бир ай өтүп же өтө электе кыздын төркүнүнөн жеңеси, энеси, эжелери келип, кызга кеп-кеңешин, акыл-насаатын айтып, куданын сыйын көрүп кайтышат.

Мындан 40-50 жылдар чамасы мурдараак келинди кайненеси алты же сегиз ай дегенде, кээде бир жылдан кийин төркүлөтүп барышкан. Төркүлөтмөйүнчө кыз ата-энесиникине барган эмес. Келинди төркүнүнө кайненеси, күйөөсү коштоп барат. Кыздын атасы кой союп, кошуна-колоңдорун чакырат.

Бир-эки күн конок болгон кудагый уулу менен үйүнө кайтат. Кыз болсо төркүнүндө калат, бир ай убакыттан кийин ата-энеси кызды кайра жеткирип барат.

Ушу күндө тойдон кийинки бир-эки ай ичинде эле кыздын төркүнү кыз- күйөөсүн нан жегенге чакырышат, ага кайненеси кошо барат. Нан жегенден кийин келин каалаган убагында, зарыл болуп калса, күйөөсүнүн, кайненесинин уруксаты менен төркүнүнө бара берет.

Жаш жубайлар балалуу болсо, жаш балдарды чуркатып кошуна-колоңдоруна жана туугандарына сүйүнчүлөп, сүйүнчү алышат. Баланын чоӊ атасы небересинин кулагына азан чакырып атын коет. Арадан кырк күн өткөндөн кийин баланын ата-энеси, ага-туугандарын, кошуна-колоңдорун чакырып кой союп, жентек тоюн берет. Кээ бирөөлөрү көптөн бери балалуу боло албай күтүп жүрүп балалуу болсо же болбосо улам кыз төрөлүп, эркек бала самап жүрүшүп, уулдуу болушса, жентек той чоң тойго айланып кетет. Баланын өмүрлүү болушун тилеп бата беришет. Салтка жараша жаңы бошонгон келин 40 күн бою тамакты мүнөздөп ичип, ошол мезгилде эч ким менен учурашпайт. Бөлөк-бөтөн кишилер бала жаткан үйгө кирбейт. Бешик тою баланын таята-таенеси бешик алып келгенде өткөрүлөт. Мал союлуп туугандар, кошуна-колоңдор чакырылат.

Умай энелер кооздолуп жасалган бешикти, арча түтөтүп ысырыкташат. Бешиктин жабдыктарынын бардыгы, жаңы жана кооздолуп чеберчилик менен даярдалат. Баланын жонуна жана бешиктеги төшөгүнө үч ирет тапталып "Ээси келди күчүгү кач", "Уйку энеси коюнуӊду ач", "Бисимилла" деп бешикке салып бөлөшөт. Бала бир жарым жашка толуп, телчигип, талпынып калганда "Тушоо кесүү" тоюн өткөрүшөт.

Тушоо, кесүү тою ата-эненин чамасына карай, чоң же андан бери кылып өткөрүлөт. Мал союлуп, көпчүлүк эл тойго чакырылат, тушоо кесүү тою балдардын, кыздардын, чоң эле кишилердин активдүү катышуусу менен өткөрүлөт. Белгиленген аралыктан, той башкаруучу кишинин ишараты менен баланы көздөй чуркайт. Биринчи жетип келген бала кайчы менен баланын тушоосун кесет да, баланын эки колунан кармашып "мүдүрүлбө- жыгылба, шилтеген кадамың бек болсун" деп бирге бир аз басышат. Кийинки мөөнөттө чоңдор таймашка чыгат, жеңүүчүлөргө түрдүү сыйлыктар ыйгарылат. Сыйлыктын чоңу кээде бир кой болсо, кээде бир телевизор, болбосо кымбат баалуу белек-бечкек болот. Тойдун аягында келген эл балага бата тилейт. Шарты жоктор бир казан аш басса да баланын тушоо кесүү тоюн салтка жараша сөзсүз түрдө өткөрүүгө аракет кылат. Себеби ар бир ата-эне баласынын бактылуу, өмүрлүү болушун самайт эмеспи.

Мирсаид Анарбаев, Бишкек шаары.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG