Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:29

Кореядагы тарыхый кездешүү


Ким Чен Ын жана Мун Чжэ Ин (оңдо) бүгүнкү саммиттин соңунда, 27-апрель 2018-жыл.
Ким Чен Ын жана Мун Чжэ Ин (оңдо) бүгүнкү саммиттин соңунда, 27-апрель 2018-жыл.

Түндүк менен Түштүк Кореянын лидерлери тарыхый саммиттин соңунда өзөктүк куралдан “толук” арылууну макулдашканын жарыялашты. Мындан тышкары эки тарап 65 жыл мурда аяктаган Корей согушуна акыркы чекитти коё турган тынчтык келишимине кол коюну да убада кылышты.

Ким Чен Ын 1953-жылы корей согушу аяктагандан бери Түштүк Кореянын аймагына кадам таштаган Түндүк Кореянын алгачкы лидери болду. Бүгүн аны эки Кореянын чегиндеги Панмунжом айылына жоон топ делегация, анын ичинде быйыл жыл башында Түштүк Кореядагы олимпиадага келип кеткен карындашы Ким Ё Чжон да коштоп келди.

Ким Чен Ынды эки өлкөнү бөлгөн чек арадагы аскердик демаркациялык сызыктан Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин өзү тосуп алды.

Алдын ала протоколдо жазылбагандай окуя да болду. Ким Чен Ын Мун Чже Инди демаркациялык сызыктын Түндүк Корея аймагына кадам таштап коюуга чакырды. Натыйжада эки лидер чек аранын Түндүк Корея тарабында да сүрөткө түштү.

Эки лидердин алгачкы саммити Панмунжомдогу Тынчтык үйүндө өттү. Түндүк Кореянын лидери бул жолугушууну "тарыхый" деп атап, "биз бир элбиз, бири-бирибиз менен күрөшкөнгө негиз жок" деп билдирди.

- Биз тынчтык менен бейкуттуктун жана Корей элинин ортосундагы мамиленин жаңы тарыхы жазыла башталган учурда турабыз. Биз учурдагы көйгөйлөр, кызыкчылыктардан жаралган маселелер тууралуу ачык сүйлөшүү аркылуу жакшы жыйынтыкка жетишибиз керек, - деп айтты алгачкы жолугушуу учурунда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын.

Кандай макулдашуулар болду?

Бүгүнкү жолугушуу - Сеул менен Пхеньяндын тарыхтагы үчүнчү саммити. Буга чейин Түштүк Кореянын лидерлери 2000-жылы жана 2007-жылы Түндүк Кореяга барышкан. 27-апрелдеги сүйлөшүүнүн соңунда эки лидер бирдиктүү декларацияга кол коюшту.

Ага ылайык, эки тарап Корей жарым аралындагы өзөктүк куралдан арылуу үчүн чогуу иш алып барууну, тынчтык келишимине кол коюуну убада кылышты. 1953-жылы Корей согушу аяктагандан кийин эки тарап элдешүү макулдашуусуна жетишкени менен согуштун бүткөнүн расмий тастыктаган тынчтык келишимине алигиче кол коюла элек.

- Биз Корей жарым аралында мындан ары согуш болбой турганын жана тынчтыктын жаңы доору башталганын жарыяладык, - деди Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин.

Ким Чен Ынды тосуп алуу салтанаты, 27-апрель 2018-жыл.
Ким Чен Ынды тосуп алуу салтанаты, 27-апрель 2018-жыл.

Мындан тышкары быйыл жыл соңун утурлай Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин Түндүк Кореяга бараары белгилүү болду. Ошондой эле эки тарап Түндүк Кореянын Кэсон шаарында туруктуу байланыш кеңсесин ачууну, 65 жыл мурдагы согуштан кийин бири-бири менен байланыша албай калбай калган үй-бүлөлөрдү убактылуу жолуктуруп турууну макулдашты.

Буга кошумча Кытай менен АКШнын катышуусундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү, эки өлкө ортосундагы темир жана кара жолдорду бириктирүү жана жаңылоо маселелери боюнча да мунаса табылды.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Ким Чен Ын менен Мун Чже Ин алгачкы саммиттин урматына чек арадагы аймакта бак отургузушту. Кечинде эки лидер атайын банкетке катышаары, андан соң Түндүк Кореянын лидери артка кайтаары кабарланган.

Күмөн саноо менен коштолгон кубаттоо

Бул саммиттен кийин Ким Чен Ын майда же июнда АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугаары кабарланып жатат. АКШнын бийлик өкүлдөрү Түндүк Корея былтыр баллистикалык ракеталарын дембе-дем сынагандан кийин эми кепке келип, өзөктүк куралдан баш тартууга моюн суна баштаганын бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын таасирине байланыштырат. НАТО эл аралык коомчулук Түндүк Кореяда конкреттүү өзгөрүүлөрдү байкамайынча, санкциялар кала бериши керек деп билдирди.

Түндүк Кореянын негизги экономикалык өнөктөшү деп мүнөздөлгөн Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бүгүнкү саммитти кубаттап, бул жолугушууну Корей жарым аралындагы "узакка созулган тынчтык жана туруктуулуктун" жаңы барагы катары сыпаттады. Бир катар Батыш өлкөлөрү да бул жолугушууга күмөн саноо менен бирге оң баа берип жатышат.

- Менимче, Түндүк Кореянын өзөктүк куралды өнүктүрүү планынан кабары бар бир да киши азырынча ашкере оптимист болуп кетпесе керек. Ошентсе да эки лидердин жолугушуусу жакшы жышаан экени бышык, - деди Брюсселге келген британ тышкы иштер министри Борис Жонсон.

Эки лидер алгачкы саммиттин урматына чек арада бак отургузушту, 27-апрель 2018-жыл.
Эки лидер алгачкы саммиттин урматына чек арада бак отургузушту, 27-апрель 2018-жыл.

"Ядролук коркунуч демилгеси" уюмунун маалыматы боюнча, Түндүк Корея 1984-жылдан бери кеминде 115 жолу ракетасын, алты жолу өзөктүк бомбасын сынады. Сыноолордун басымдуу бөлүгү Ким Чен Ын башкарып турган учурга туш келет. Анын режими 2017-жылдын сентябрь айында эң кубаттуу суутек бомбасын, ноябрь айында АКШга жете алган континент аралык ракетасын ийгиликтүү сынаганын жарыялаган.

Эки Кореянын ортосундагы көп жылдан берки алгачкы саммитти утурлай, 20-апрелде Ким Чен Ын Түндүк Корея баллистикалык ракеталарын сыноосун токтотуп жатканын, өзөктүк сыноо жүргүзгөн атайын полигонун да жабарын билдирген. Андан көп өтпөй Түштүк Корея Түндүк Корея менен чек арасындагы үн күчөткүчтөр аркылуу уктурулган үгүттүк берүүлөрдү убактылуу токтотууну чечкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG