Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Корей саммити: үмүт жана эскертүү


АКШ мамкатчысы Майк Помпео жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын тууралуу берүү. Түштүк Корея, 2018-жыл
АКШ мамкатчысы Майк Помпео жана Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын тууралуу берүү. Түштүк Корея, 2018-жыл

Алдыдагы маанилүү жана тарыхый деп мүнөздөлгөн саммиттерге бир тараптан Түндүк Корея, экинчи тараптан Түштүк Корея менен АКШ даярдык көрүп жатат. Ага катар Сеул менен Вашингтон Түндүк Корея өзөктүк куралдан толугу менен баш тартканда гана саммиттердин максаты орундаларын билдиришти. Адегенде келерки аптада Түштүк жана Түндүк Кореянын лидерлери жолугары күтүлүп жатат. Бүгүн алардын ортосунда биринчи ирет түз телефон байланыш орнотулганын расмий Сеул жарыялады.

Учурда келерки жума күнкү саммитке кызуу даярдык көрүп жаткан расмий Сеул ал ириде эки корей өлкөсү ортосундагы согуш абалын жоюп, тынчтык келишимине жол ачабы деп үмүттөнүп жатат:

- Түндүк жана Түштүк Корея саммити аркылуу биз Корей жарым аралы өзөктүк куралдан арылуусуна, туруктуу тынчтык орношуна, Түндүк жана Түштүк Корея мамилесинин туруктуу өнүгүшүнө алып баруучу так багытты жаратышыбыз керек. Бул АКШ - Түндүк Корея саммити ийгилик табуусуна алып бара турган жол болушу керек. Биз 65 жылдан бери созулуп келген касташууну токтотуп, согуш бүткөндүгүн расмий жарыялап, тынчтык келишимине кол коюуга өтүшүбүз зарыл, - деди 20-апрелде Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин.

Эки Корей өлкөсү расмий 1953 -жылдан бери эле согуш абалында. Бул мезгил ичинде эки ортодо эң жогорку деңгээлдеги эки гана саммит өтүп, Түштүк Кореянын президенттери 2000-2007-жылдары Пхеньянга барган.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана АКШ президенти Дональд Трамп
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана АКШ президенти Дональд Трамп

Түндүк Кореяны азыркы лидер Ким Чен Ындын атасы Ким Чен Ир башкарып турган 2007-жылкы саммитте Сеул менен Пхеньян 1950-53 -жылкы согушту расмий бүтүрүүнү макулдашкан билдирүүгө да кол коюшкан. Бирок ага карабай 2009-жылы май айында Түндүк Корея экинчи өзөктүк сыноосун ишке ашырган.

Эми үчүнчү саммит 27-апрелде чек арада, демилитаризациялык аймактагы Панмунжон кыштагында өткөнү турат.

Ага өз тарабынан Түндүк Корея да даярдык көрүп жаткандай. Мамлекеттик медиа Компартиянын Борбордук комитети жума күнү толук курамында “саясаттагы жаңы этапты” талкуулаганын кабарлады.

Бул саммиттен соң АКШ жана Түндүк Корея лидерлери жолугат деп күтүлүп жатат. Анын убактысы жана кайсыл жерде өтөрү азырынча беймаалым. АКШ президенти Дональд Трамп эки күн мурда жапон премьери Синдзо Абэ менен кездешкенде мерчемделген саммит ага даярдык иретиндеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына көз каранды болорун белгилеп, буларга токтолгон:

- Түндүк Корея өзөктүк куралдан толук арылмайынча биздин ага максималдуу кысым көргөзгөн өнөктүгүбүз улана берет. Сүйлөшүү боюнча айтсам, эгер ал жемиштүү болбойт деген бүтүмгө келсем, биз улантпайбыз. Сүйлөшүүдө натыйжа чыкпасын көрүп турсам, мен андан кетем жана биз жасап келген ишибизди улантабыз.

Президент Дональд Трамп минтип айтканга чейин АКШнын Борбордук чалгын кызматынын директору, Мамлекеттик катчылыкка көргөзүлгөн Майк Помпеонун Түндүк Кореяга жашыруун барып келгени маалым болгон. Анын Ким Чен Ын менен кездешүүсүн Трамп “мыкты жолугушуу” деп мүнөздөгөн.​

Майк Помпео
Майк Помпео

- Менимче биз Корей жарым аралындагы өзөктүк курал кризисин дипломатиялык жол менен жөнгө салууга быйыл жетише аларыбыз арсар. Биз азыр убакытты кармап, Түндүк Кореянын өзөктүк программасынын ыргагын басаңдата турган кандайдыр бир утурумдук келишимге жетишүү болорунан үмүттөнүп жатабыз. Мындай макулдашуу АКШнын алдын ала сокку уруу ыктымалдыгын азайтат, - деди британиялык профессор Малколм Чалмерс “Ассошиэйтед Пресс” агенттиги менен маегинде.

АКШнын бийлик өкүлдөрү Түндүк Кореянын лидери кепке келип, өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаганын бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын таасирине байланыштырып жатат.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен катаалдаштырган. АКШ да былтыр жана быйыл өз тарабынан бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган санкцияларды киргизди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG