Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Ким Чен Ын Кытайга барып кетти


Кытайдын CCTV телеканалы көрсөткөн видеодон алынган кадр. 28-март, 2018-жыл.
Кытайдын CCTV телеканалы көрсөткөн видеодон алынган кадр. 28-март, 2018-жыл.

Түндүк Кореянын лидери Бээжинде Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушту. Ушул аптада болгон анын үч күндүк сапары тууралуу Кытай өкмөтү 28-мартта билдирди.

Ким Чен Ын жубайы Ли Сол Чжу менен жекшемби күнү бир кездери атасы пайдаланган атайын поезд менен Кытайдын башкалаасына барып кетти. Үч күндүк иш сапарынын маалында конокторду Си Цзинпин расмий кабыл алып, сүйлөшүүлөрдөн кийин банкет уюштурулду.

Түндүк кореялык лидер ошондой эле Кытай искусство академиясынын көргөзмөсүнө барып, чоң атасы Ким Ир Сен 1959-жылы бак тиккен жерге зыярат кылды.

Бул – Ким Чен Ындын 2011-жылы бийликке келгенден берки биринчи маалым болгон чет өлкөлүк сапары.

Түндүк Кореянын маалымат каражаттары бул иш сапарын эки өлкөнүн мамилелерин жакшыртуу багытындагы “маанилүү кадам” катары сыпатташты. Бирок атомдук программа же АКШнын президенти Доналд Трамп менен пландалган кездешүү өңдүү маселелер тууралуу сөз айтылган жок.

Мамлекеттик телеканал Ким Чен Ын Си Цзинпиндин чакыруусу менен “расмий эмес сапарга” барганын маалымдады:

- Жолдош Ким Че Ын партия менен Түндүк Корея Элдик Демократиялык Республикасынын атынан Си Цзинпинге ылайык болгон маалда расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Чакыруу чын ыкластан кабыл алынды.

Си Цзиньпин жана Ким Чен Ын.
Си Цзиньпин жана Ким Чен Ын.

Бир катар талдоочулар бул сапарды эки Кореянын саммитине жана Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Доналд Трамптын майга пландалган жолугушуусуна "даярдык көрүү катары" баалашат.

Ошондой эле алар Пхеньян изоляциядан чыгууга, эл аралык санкциялардан арылууга аракет кылып жатканын белгилешет.

Ак үй тараткан билдирүүдө Ким Чен Ындын Кытайдагы сапары “максималдуу кысым көргөзүү өнөктүгүбүз Түндүк Корея менен диалогго шарт түзгөнүн айгинелейт” деп айтылат.

"Синьхуа" агенттиги кабарлагандай, Ким Чен Ын Кытайдын башчысына Корей жарым аралын өзөктүк куралдан тазалоо аракетин колдой тургандыгын билдирди. Бээжин болсо өнөктөшүнө колдоо көргөзүүгө убада берди.

Соңку бир жылда Пхеньян бир нече жолу ракеталарын жана кеминде бир жолу суутек бомбасын сынаган.

Мындан улам БУУнун Коопсуздук кеңеши экономикалык санкцияларын акыркы ирет былтыр декабрда күчөткөн. АКШ да бир нече айлампа менен жазалоочу чараларды киргизди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG