Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Москва Ооганстан боюнча оюн билдирди


Москвага барган «Талибан» кыймылынын делегация мүчөлөрү. 28-май, 2019-жыл. Москва.
Москвага барган «Талибан» кыймылынын делегация мүчөлөрү. 28-май, 2019-жыл. Москва.

Орус бийлиги Москвада «Талибан» кыймылынын өкүлдөрүн кабыл алып жатып Ооганстандан чет элдик аскерлер толук чыгып кетиши керек экенин билдирди.

«Талибан» кыймылы Орусияда тыюу салынган террордук уюмдардын тизмесине киргенине карабастан, анын өкүлдөрү соңку жарым жыл ичинде Москвага ушуну менен үчүнчү жолу барышты. Талибдердин делегациясын кыймылдын жетекчисинин орун басары Абдул Гани Барадар жетектеп барды. Анын курамында өлкөнүн мурдагы президенти Хамид Карзай да бар.

Орус-ооган дипломатиялык алакасынын түзүлгөндүгүн 100 жылдыгына арналган иш-чарага Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров катышты. Ал өз сөзүндө Ооганстандан бардык чет өлкөлүк аскерлер толугу менен чыгарылышы керек экенине басым жасады:

«Ооганстандагы чатакты аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес экенине Орусия ишенет жана саясий-дипломатиялык процесс аркылуу гана тынчтыкка жетсе болот деп эсептейт. Биз өлкөдөн чет өлкөлүк күчтөрдүн толугу менен чыгарылышын жактайбыз».

Байкоочулар министрдин бул сөздөрү Ооганстанда аскерлери бар Кошмо Штаттарга эле багытталып айтылганын белгилешти. Талибдердин өкүлдөрү Сергей Лавровдун айткандарын кубатташты.

«Талибан» кыймылынын өкүлү Шер Мохаммад Аббас Станекзай. 28-май, 2019-жыл.
«Талибан» кыймылынын өкүлү Шер Мохаммад Аббас Станекзай. 28-май, 2019-жыл.

«Ооганстанда чет өлкөлүк аскерлер турганда өлкөдө тынчтык орнотуу мүмкүн эмес экенин ар дайым айтып келгебиз. Чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кеткенде гана тынчтык орнойт», -деди «Талибан» кыймылынын өкүлү Шер Мохаммад Аббас Станекзай.

Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу маселеси Москвада «Талибан» кыймылы менен экс-президент Хамид Карзай баштаган ооган коомчулугунун өкүлдөрү кирген делегациянын жыл башында өткөн сүйлөшүүсүндө да козголгон. Анда да ооган өкмөтүнүн жана АКШнын өкүлдөрү катышкан эмес. Буга чейин президент Дональд Трамп америкалык аскерлердин санын эки эсе кемитүүгө ниеттенип жатканы тууралуу маалымат тараган. Бирок кийинчерээк АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан азырынча бул боюнча көрсөтмөлөр бериле элек экенин билдирген.

Москвада сүйлөшүүлөр өтүп жаткан кезде Ооганстанда чабуулдар уланды. Расмий маалыматтарга караганда, Гор жана Логар провинцияларында болгон талибдердин кол салуусунан коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 23 кызматкери мерт болду.

Соңку айларда Кошмо Штаттар өлкөдө 18 жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу максатында ооган өкмөтү менен талибдер ортосунда тынчтык макулдашуусуна жетиш үчүн аракеттерин күчөтүп келет. Ооганстан боюнча АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен Катардын баш калаасы Дохада сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөргөн.

Ооганстанда «Талибандын» чабуулдары уланып жатат. Баглан. 6-май, 2019-жыл.
Ооганстанда «Талибандын» чабуулдары уланып жатат. Баглан. 6-май, 2019-жыл.

Тараптар бир мунасага жетише алышканы менен талибдер ооган өкмөтү менен түз сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келатышат. Апрель айына белгиленген соңку сүйлөшүүлөр болбой калган.

«Талибан» кыймылы 2001-жылы АКШ баштаган күчтөр өлкөгө келгенге чейин бийликте турган. Талибдер 11-сентябрда АКШда террордук чабуулдарды уюштурган «Аль-Каида» кыймылына колдоо көрсөтүүнү токтотуудан баш тарткан соң бийликтен кулатылган.

Айрым маалыматтарга ылайык өкмөттүк күчтөр азыр Ооганстандын 60 пайыздай аймагын гана көзөмөлдөйт, калганына «Талибан» жана башка топтор бийлик жүргүзөт. Ооганстанда аскерлер жана карапайым адамдар талибдерден тышкары «Ислам мамлекети» террордук тобунун куралдуу чабуулдарынан да жапа чегип келе жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG