Жардыруудан жапа тарткандардын басымдуу бөлүгүн Ингушетиядагы республикалык ооруканага жаркырышты. Оор абалдагыларды Москвага алып кете турганын айтышты. Жаракат алгандардын арасында жаш бала да бар экен.
Догдурлар абал оор экенин, анткени көптөргө кан жетишпей жатканын, дарылар да тартыш экенин, орундар аз болгондуктан, айрымдарды коңшулаш региондорго жөнөтүп жатышканын билдиришти.
Орусиянын прокуратурасынын алдындагы тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин жардыруу жөнүндө буларды айтты.
“Алдын ала маалыматтарга караганда, эрте менен милиция бөлүмүнүн кызматкерлери катарга чогулушкан учурда жанкечти дүрмөттөлгөн машинени айдап келип, милициянын имаратынын дарбазасын сүзүп кирген да жарылып кеткен. Натыйжада бөлүмдүн жана ага туташып турган беш кабаттуу үйдүн имараты катуу жабыркады”, - деди Маркин.
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев теракттын алдын алса болмок деди.
“Бүгүн мен Ингушетиянын Ички иштер министрин кызматтан алам деп чечтим, - деди Д.Медведев. - Окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүшү зарыл. Орусиянын Ички иштер министри болсо абалды жөнгө салып, Ингушетиянын Ички иштер министрлигинин кадрдык курамын чыңдоо боюнча мага конкреттүү сунуштарын бериши шарт”.
Бул эки имараттан сырткары, эларалык “Кызыл чырым” коомунун жергиликтүү бөлүмүнүн, эки башка банктын жана республикалык Санэпидемстанциянын имараттары да жабыркаган. Жардыруу ушунчалык катуу болгонунан ал машине турган жер айланасы төрт метрге, тереңдиги эки метрге жеткен чуңкурга айланып калганын кабарлашты.
“Мемориал” укук коргоо борборунун расмий өкүлү Александр Черкасов муну кичинекей Назран шаары үчүн “элестетип болгус чабуул” деп атады.
Бу жардыруу Ингушетиянын президенти Юнусбек Евкуров Москвада ооруканадан чыгып атыптыр деген кабар айтылгандан бир нече күн өткөндөн соң болуп жатат. Евкуровго да 22-июнда чабуул болуп, ал отурган машине атылып кеткен эле. Катуу жаракат алып, ал Москвадагы ооруканага жаткырылган. Өткөн аптада Кремль мамлекеттик казынанын эсебинен Евкуровго жарым миллион долларга бааланчу автомашина сатып берип жатыптыр, ал машине түрдүү жардырууларга туруштук бере алат экен деп айтылган эле.
Евкуров өзү азырынча Москвада, ушул айдын этегинде Ингушетияга бармак. Ал бүгүнкү жардырууну ингуш жана чечен ички иштер министрликтеринин жикчилерге каршы атайын операциясына кайтарылган жооп деп эсептеди.
“Жикчилер азыр жергиликтүү элдин үрөйүн учуруп, өздөрүнүн кадыр-баркын жогорулатуу максатында, кырдаалды бейстабилдештирүү үчүн ушу жардырууну жасашты”, - деди президент.
Евкуров ооруканадан чыккандан кийин кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү анын президенттик кызматтагы негизги милдети болоорун айткан.