Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Мирзиёевдин бийликтеги жаңы доору башталды


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. 9-июль 2023-жыл
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. 9-июль 2023-жыл

Өзбекстанда учурдагы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн эрте өткөрүлгөн президенттик шайлоону 87% добуш менен жеңди.

Айрым саясат таануучулар шайлоодо курч атаандаштык болбогонун, Мирзиёев бийликке келгенде жарыяланган реформалардын ишке ашпай жатканын белгилешет.

Биздин суроолорубузга политолог, саясий илимдердин кандидаты Чынара Эсенгул жооп берди.

- Кээ бир талдоочулар бул шайлоо Өзбекстандагы реформалар ишке ашат деген үмүт акталбай турганын көргөздү деп айтышууда. Кошуна өлкөдөгү саясий жараяндарды эске алганда шайлоонун кандайдыр бир өзгөрүүлөргө алып келүү мүмкүнчүлүгү барбы?

Чынара Эсенгул
Чынара Эсенгул

- Каракалпакстандагы былтыркы кандуу окуялардан кийин чечим кабыл алуучу адамдардын, анын ичинде президент Мирзиёевдин ой жүгүртүүсү 180 градуска өзгөрдү деп ойлойм.

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кеңейип, буга чейинки мөөнөттөрү жокко чыгарылып, 2037-жылга чейин кызматта отурушуна шарт түзгөн вариант иштелип чыкпадыбы.

Ошон үчүн мен аналитик катары башынан эле бул шайлоону мурдатан башталган даярдыктарды расмийлештирип, легитимдешүүсүнө карай жасалган аракет катары баалап келдим.

- Айрым аналитиктер маркум Ислам Каримовдун тушунан калган эң чоң мурас деп саясий плюрализимдин жоктугун белгилешет. Сиз ушул ойго кошуласызбы?

- Жалпысынан кошулам. Анткени, кыргыздар айткандай сырты жылтырак, ичи калтырак, заты менен аты төп келбейт. Мирзиёев бийликке келгенде реформаларды кылып жатабыз, өзгөрүүлөр башталды деп дүйнөгө жар салышпады беле. Анын ичинде саясий-жарандык чөйрөдө өзгөрүүлөр болуп жатканын, эркиндик жолуна түшкөнүн айтып келишти, бир топ эл аралык уюмдардын өкүлдөрү өлкөгө барып да кетти. Биз да Өзбекстанга барып иштеп жүрөбүз, бирок өлкөдө эски саясаттын түпкү табиятын өзгөртө тургандай реформалар болгон жок, болбойт дагы. Себеби, менимче, чечим кабыл ала турган адамдарда, анын ичинде президент Мирзиёевде андай ниет жок.

Финансылык-экономикалык тармакта өзгөрүүлөр болушу үчүн Батыш мамлекеттери өз шарттарын коет эмеспи. Алардын ичинде жарандык эркиндиктер, демократия жаатында реформалар ишке ашууга тийиш деген шарттар аталат. Өзбек бийлиги алардын жардамын алуу үчүн өзгөрүүлөргө умтулуп жатабыз деген убадаларды айтып келди. Бирок чыныгы өзгөрүүлөр болбой турганы Каракалпакстандагы кан төгүүдөн кийин анык болуп калды.

- Демек, сиздин пикириңизде реформалар байкалбайт?

- Жок, реформалар болду. Каримовдун тушунда мамлекет жабык болчу. Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык системага кирүү үчүн реформалар жасалды жана жасалып жатат. Ошол эле темир жолдун салынышын эске алсак, саясий маселелерге, Украинадагы согушка карабай Ташкент экономикасын өнүктүрүү үчүн болгон аракетин жумшап жатат.

Бирок жарандык коом дейбизби, жалпы коомдун кызыкчылыгы, демократиялык процесстер, адам укуктары болобу, реформалар үстүрт гана жүрүүдө. Керектүү мыйзамдар, кодекстер, концепциялар кабыл алынды. Мисалы жарандык коомдун өнүгүү концепциясы керек болсо Кыргызстанда жок. Бирок мунун бардыгы кагаз түрүндө, зарыл болгон үчүн жарыяланып, аларды ишке ашыра тургандай шарт түзүлүп, чечим кабыл алына элек. Кыскасы, бул тармактарда реформалар болгон жок.

- Human Rights Watch уюму жазгандай, 2002-жылы ал кездеги президент Ислам Каримов дагы бийликтеги мөөнөтүн узартууну караган референдумга барганын эске салып, ошол окуялар кайталанып жаткандай деп жазды. Сиздин пикириңизде, Мирзиёев Каримовдун жолоюна түштү деп айтууга негиз барбы?

- Тилекке каршы, ошондой болуп жатат. Өзбекстан бизге үмүт тартуулап жаткан. Борбор Азиянын өнүгүүсү үчүн стабилдүүлүк керек. Ал үчүн бийлик менен элдин теңсалмактуу мамилеси зарыл. Азыркы өзбек бийлиги маркум Ислам Каримовдун, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин, биздин үй-бүлөлүк башкарууга жол берген жетекчилердин жолоюна түшүп жатат деген ойдомун. Анткени Өзбекстандын аналитиктери өздөрү үй-бүлөлүк башкарууга багыт алганын айтышууда. Авторитардык режимдер Назарбаевдин вариантынан да сабак алып жатканын көрүүдөбүз. Бийликтен кеткенден кийин активдеринен, мыйзамсыз жол менен тапкан байлыктарынан кол жууп каларына көзү жеткендиктен Конституцияны өзгөртүп, шайлоо аркылуу аз дегенде дагы 14 жылга өзүнүн бийлигин кепилдеп алды. Бул абдан өкүнүчтүү. Мындай процесстин Борбор Азияга да терс таасири тийип жатат.

Анткени Өзбекстан чөлкөмдө лидер экенин айтып келебиз. Күчтүү, таасирдүү мамлекеттеги кыймыл-аракеттер, кадамдар калган коңшулары үчүн да маанилүү. Өзбекстан Каримовдун тушунда жабык өлкөгө айланып, коңшулары менен чек аралар чечилген эмес. Мирзиёев келгенде темир жолдорду куруш үчүн чек араларды такташ керек эле. Албетте, жаманбы-жакшыбы, чек ара такталып жатат. Кошуна өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшү бизге да жакшы болмок. Бирок экономика өнүгүшү үчүн бийлик менен коомдун мамилеси теңсалмакта болушу керек. Дароо эле демократиялык мамлекетке айланбайт деңизчи, бирок ошол жолго түшсө туура болмок.

XS
SM
MD
LG