Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Мигранттын акчасын алгандар тыңчыга айланабы? Көчүрмө мыйзамдын кесепети


"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамга каршы акция. Тбилиси, 6-март, 2023-жыл
"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамга каршы акция. Тбилиси, 6-март, 2023-жыл

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү көздөгөн "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорунун 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” мыйзамынан көчүрүлүп алынганы аныкталган. Орусияда бул мыйзамдын негизинде 11 жылда академик, укук коргоочудан баштап, саанчы, пенсионерге чейин "кара тизмеге" киргизилген.

Орусияда "Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, Юстиция министрлиги чет жактан каржыланган жана саясий ишмердик менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарды "чет өлкөлүк агент" деп тааный алат. Юристтер ошол ишмердик аныкталган критерийлер мыйзамда так көргөзүлбөгөнүн белгилешет. Кийин тизмеге маалымат каражаттарын жана жеке адамдарды кошууга өбөлгө түзүлгөн.

"Бийликке жакпаган көз караштарды басууга мүмкүнчүлүк"

Ушу тапта орус Юстиция министрлигинин тиешелүү реестрине 600дүн айланасындагы уюм менен жеке адам киргизилген. Катарында журналисттер, укук коргоочулар, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, экология тармактарында иш алып барган уюмдар жана жарандар бар.

Галина Арапова
Галина Арапова

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктарын коргоо борборунун негиздөөчүсү Галина Арапованын пикиринде, андай жобо мыйзамдашкан дискриминация болуп эсептелет.

"Бул мыйзам сынчыл гана эмес, кандай болбосун бийликке жакпаган көз караштарды басууга мүмкүнчүлүк берет. Андай ой-пикирди журналисттер, жарандык коом, катардагы жарандар, актер, жазуучулар айтабы, айырмасы жок. Башында сөз болгон мыйзам коомдук ишмердиктин каржыланышын, алардын ачык-айкын иш алып баруусун көзөмөлдөө максатында зарыл экенин айтып келишкен. Бирок тез эле ал сөздүн суу кечпей турганы ачыкка чыкты. Мамлекеттин пропагандасы сүрөөнгө алгандан башка ойлор айтылбасын деп, жарандык коомду, көз каранды эмес маалымат каражаттарын тазалоону көздөгөнү айдан-ачык болуп калды. Муну менен чет өлкөлөрдүн саясий таасирин көзөмөлдөө мүмкүн болот деген бийликтин жүйөсү болбогон кеп. Саясий, экономикалык, маданий жана социалдык жактан интеграцияланган азыркы дүйнөдө кайсы сырткы таасир тууралуу айтып жатышат? Мындай кадамдардын арты жакшы болбойт, коомдун орто кылымга кайтуусуна алып келет. Мыйзам адегенде укук коргоочу уюмдарды бутага алган, анан маалымат каражаттарына, журналисттерге өтүштү, андан ары түрдүү кесиптерде иштегендер, юрист, саясат таануучу, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, артист, музыканттар, жазуучулар илинди. Айтор, реестрде эркин ой жүгүтүүгө, өз оюн коркпой билдирүүгө жөндөмдүү интеллектуалдык элитаны көрүүгө болот".

Юстиция министрлигинин "чет элдик агенттер" тизмесиндеги 274 кишинин 112си журналисттер экенин орусиялык "Верстка" көз карандысыз басылмасы май айында жазган. Сан жагынан экинчи орунда саясий жана жарандык активисттер турат. Алардын эң көбү – шайлоого байкоо салган "Голос" кыймылынын мүчөлөрү.

Маалыматка караганда, өткөн жылы "чет элдик агенттердин" арасында маданият ишмерлеринин жана жазуучулардын саны өскөн. Андан тышкары 25 оппозициялык саясатчы, арасында Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаттары жана саясий кыймылдардын лидерлери бар.

Ал эми былтыркы жылдын декабрынан тарта чет элдик агент деп "чет өлкөнүн таасириндеги" адамдарды да таанууга жол ачылды. Андай тизмеге "чет элдик агент" деген уюмга кирген же мурда иштеп кеткен кишилер кирет.

"ХХI кылымда мындай дискриминацияны элестетүү кыйын"

Быйыл май айында Орусиянын Мамлекеттик Думасына "чет өлкөлүк агент" тууралуу мыйзамга алымча-кошумча киргизүү долбоору тапшырылды.

Юстиция министринин орун басары Олег Свириденконун айтымында, эми андай агенттердин ишмердигин көзөмөлдөгөн мыйзамды бузууга билип-билбей көмөктөшкөн адамдарга чара көрүү каралууда.

"Чет элдик агенттер" тизмесине кирген журналисттерге тилектештик пикети. Москва, 21-август, 2021-жыл.
"Чет элдик агенттер" тизмесине кирген журналисттерге тилектештик пикети. Москва, 21-август, 2021-жыл.

Жаңы сунушту комментарийлеп Галина Арапова бир нече мисалды келтирди. Алсак, Орусиянын мыйзамында "чет элдик агенттерге" мамлекеттик университеттерде сабак берүүгө тыюу салынат. Аны жумушка алуу же иштеп жаткан болсо, тескерисинче, кызматтан кетирбей коюу мыйзам бузууга жатат.

"Чет элдик агенттерге жашы жете элек балдарга агартуу ишмердигин жүргүзүүгө болбойт. Айталы, ошондой "агент" китеп дүкөнүндө чыгармасынын бет ачарын өткөрүп же лекция окуп жатат. Дүкөндүн башчысы же дүкөнчүлөр жашы жете элек балдарга кирүүгө болбойт деп алдын ала эскертпесе, аларды да жоопко тартса болот. Мунун бардыгы калган эл "чет элдик агенттер" менен кызматташпасын, алардын айланасында ого бетер "уулуу чөйрө" түзүлсүн деп атайлап жасалып жатат. 21-кылымда мыйзам түрүндөгү мындай дискриминацияны элестетүү кыйын".

Айтмакчы, Галина Арапованын өзү жана анын уюму да сөз болгон реестрге киргизилген.

Жогоруда айтылган чектөө, тыюу салууларды улантсак, "агент" деп таанылган адам мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлей албайт, шайлоо комиссиясына кире албайт, талапкерлердин фондуна акча которууга, коомдук иш-чараларды уюштурууга, социалдык кызматтарды көргөзүү буюртмаларын алууга тыюу салынат. Ага мамлекеттен финансылык, анын ичинде чыгармачыл ишмердигине колдоо берилбейт. Андан тышкары көптөгөн финансылык, салык чөйрөсүндөгү чектөөөлөр бар. Алар өз продукциясын "чет элдик агент" тарабынан даярдалган деп белгилеп турууга тийиш.

"Мемориал" укук коргоо борборунун кире беришиндеги жазуу. Москва, 2012-жыл
"Мемориал" укук коргоо борборунун кире беришиндеги жазуу. Москва, 2012-жыл

"Коммерсант" Орусиянын Юстиция министрлигине шилтеме менен жазгандай, "Роскомнадзор" ал статусту бузгандарга 156 протокол түзүп, соттор салган айып пулдун өлчөмү 60 эсе өсүп, дээрлик 229 млн. рублге жетти. 2021-жылы 3,8 млн. рубль болгон.

"Верстка" санап чыккандай, былтыркы декабрга карай "чет элдик агент" деп таанылган кишилердин 38ине кылмыш иш козголгон. Ар бир жетинчиси издөөдө жүрөт, тергөө абагында отурат же башка баш коргоо чарасы белгиленген. Эң көп киши орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратуу беренесине ылайык куугунтукталып жатат.

"Мигрант үйүнө салган акча да чет өлкөлүк каржылоо болуп саналат"

Юристтер бул мыйзамды иш жүзүндө ар бир орусиялык жаранга колдонсо болорун белгилешет. Арапова 2017-жылы жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенде, агент деп тааныш үчүн эки эле критерий жетиштүү болчу деп түшүндүрөт. Атап айтканда - чет жактан каржылануу жана жана маалыматты коомго таратуу.

“Орусиянын мыйзамын алсак, чет өлкөдөн каражат алуу деген эмнени билдирет? Орусияныкынан тышкары булактар, туурабы? Кыргызстанды алсак, чет жактан каржылоо деп өлкөнүн бюджетинен кетпеген каражатты атап калышат. Буга кошумча маалыматты таратуу жетиштүү. Бирок кандай маалымат экени да такталган эмес. Короого чыгып, беш апа менен сүйлөшүп калса, бул дагы маалыматты коомго таратуу болуп эсептелет. Же мисалы, тигил же бул адам социалдык тармактарга пост жазып, же башка бирөөлөрдүкүн көчүрүп коет. Же, айталы бешбармак даярдоонун ыкмасын, музыканы жайгаштырат. Муну менен ал калың элге маалымат таратууда. Кыргызстандык мигранттар чет өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда иштей турганын билем. Алар салган акча чет өлкөлүк болуп саналат. Социалдык тармактарды пайдаланган адамдар, Инстаграмга өз сүрөттөрүн чыгарган жаш кыз дейли, маалымат жайылтууда. Эми булар канча киши экенин элестетсеңер. Же туулган күнүнө башка өлкөдөгү достору 100 доллар банктан которгон киши да чет жактан каржыланган болуп калат. Блогер болсоң, Ютубдагы монетизациядан түшкөн акча болушу мүмкүн. Сен бирөөгө карызга акча берсең, анын чет өлкөнүн жарандыгы бар болсо, акчаны кайтарганда да ошондой болуп саналат. Кыскасы, толгон-токой мисал келтирсе болот”.

Арапова бийликке катардагы адамдардын анча кереги жок, агенттер реестрине саясий чечимдин негизинде киргизишет деп белгилейт. Ошол эле маалда Орусияда пенсионерди, жергиликтүү бийликке нааразылыгын Ютуб каналынан айтып турган беш балалуу саанчыны “чет элдик агент” деп тааныган учурлар болгонун кошумчалайт. Мамлекет жактырбаган бир нерсени айтсаң эле, тизмеге кошуп салышат. Айрым учурларда адамдар бири-биринен өч алууда курал катары колдонгон учурлар да жок эмес.

Грузиндердин нааразылыгы

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусиянын үлгүсүндөгү мыйзамды кабыл алуу демилгеси Кыргызстанда гана көтөрүлүп, долбоору иштелип чыккан.

"Чет элдик агенттер" мыйзамына каршы акция. Тбилиси, 8-март, 2023-жыл
"Чет элдик агенттер" мыйзамына каршы акция. Тбилиси, 8-март, 2023-жыл

Март айында Грузияда чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганы чоң нааразылыкка туш болуп, митинг-демонстрациялардан кийин жараян убактылуу токтотулган.

Ошондо Орусияда “чет элдик агент” деп таанылган 82 киши грузин парламентин ал мыйзамды кабыл албоого чакырышкан.

Галина Арапова Грузиянын жарандык коому активдүү экенин белгиледи:

"Грузиянын жарандары түрдүү себептерден улам көчөлөргө чыгып нааразылыгын билдирип келет. Жарандык коомдун өкүлдөрү, катардагы адамдар ушунчалык активдүү болгон мамлекеттерди чанда жолуктурасыңар. Албетте, грузин парламенти мыйзамды кабыл алууну орусиялык жарандык коомдун өкүлдөрү, “чет элдик агенттер” деп таанылган адамдар кайрылганы үчүн токтотуп койгон жок. Грузин жарандарынын нааразылыгынан улам ушундай кадамга барышты. Экинчи жагынан эл тынчысын деп эле мыйзамды балким убактылуу гана токтотуп коюшту. Бул - өлкөдөгү саясий кырдаалга көз каранды болмокчу. Силерде ушундай мыйзам каралып жатса, Кыргызстан жарандары гана буга көңүл бурууга тийиш. Мени бул жобо кыйгап өтөт, мага тиешеси жок, мени эмес, башка бирөөнү "чет элдик агент" деп таанышат, мен жөнөкөй жаранмын деп ойлобош керек. Катардагы ар бир жаранга кесепети тиет. Балким мыйзам кабыл алынгандын биринчи күнүндө эмес, бир нече жылдан кийин, жарандык коомдун добушун басышканда, экологдор өлкөнүн айлана-чөйрөсүн коргой албай, башка уюмдар жардам бере албай калганда, укук коргоочу уюмдар көйгөйлөргө туш боло баштаганда, журналисттердин ишине тоскоолдуктар түзүлгөндө сезиле баштайт. "Чет элдик агенттер" менен иштешүүдөн баш тарткан мамлекеттик органдардан комментарий, маек алууга мүмкүн болбой калат. Натыйжада өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу көз каранды эмес маалымат барган сайын азаят. Сын көз караштар угулбай, мамлекет көзөмөлдөгөн медианын мактап-жактаган маалыматтары гана жарыяланып калат".

Орусиянын "чет элдик агенттер" реестрине улам бир таанымал, чыгармачыл жана интеллектуалдык чөйрөнүн өкүлдөрү, белгилүү укук коргоочулар киргизилгени, андай макамды "ардактуу" деп атап, тамашалагандар да бар.

Айрымдарды атап кетсек, "Америка добушу", "Эркин Европа/Азаттык" радиосу, "Мемориал" борбору, Transparency International, "Жапайы жаратылышты коргоо" фонду, журналисттер менен блогерлер Александр Невзоров, Владимир Кара-Мурза, Екатерина Гордеева, Марк Фейгин, Илья Варламов, музыканттар менен артисттер Андрей Макаревич, Земфира, Артемий Троицкий, Максим Галкин, Артур Смольянинов, саясат таануучу Екатерина Шульман.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG