Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:18

Мигранттар Орусиядан жапырт кетсе эмне болот?


Борбор Азиялык мигранттар. Орусия.
Борбор Азиялык мигранттар. Орусия.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы маанай күч алды. Акыркы жумада Петербургдагы соттор 418 келгинди өлкөдөн чыгарууну чечти. Демограф Салават Абылкаликов мигранттар мындан улам башка өлкөлөргө кете баштайт деп эсептейт. 

"Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин төрт тажикстандык айыпталып, ага удаа эле Борбор Азиядан келген мигранттарды текшерүү күчөтүлдү. Петербургдун соттору 25-марттан 29-мартка чейин аз дегенде 418 мигрантты депортациялоо чечимин чыгарды. Мигранттар жатаканада жана алар иштеген курулуш, өндүрүштөрдө полиция жапырт рейд жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

29-мартта "Первый отдел" укук коргоо уюму Санкт-Петербургда укук коргоо органдары Орусияда жүрүүгө укугу жок адамдарды кармоо үчүн "Антимигрант" масштабдуу операциясын жүргүзүп жатканын кабарлады. Чет элдиктерди коргогон адвокаттардын бири рейддер жатакана жана квартираларда жүргүзүлүп, убактылуу кармоочу жайлар толуп калганын билдирди. Анын айтымында, мигранттарды Пулково аэропорту аркылуу жапырт айдап жатышат.

Орусиядан келген жарандарын Тажикстандын Эмгек, миграция жана иш менен камсыздоо министрлиги каттай баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Шахноза Нодири билдирди. Анын айтымында, Орусиядагы тажикстандыктар дүрбөлөңгө түшүп, чыгып кетүүгө даярданууда. Тажикстанда азыр Орусияга жөнөгөндөргө караганда ал жактан кайтып келгендер көбөйгөн.

Нортумбрия университетинин чакырылган изилдөөчүсү, социология илимдеринин кандидаты, демограф Салават Абылкаликов борбор азиялык мигранттар эми Орусиядан башка өлкөлөргө оой баштайт деп эсептейт. Ал буга ксенофобиялык маанайдан тышкары рублдин курсунун түшүп кетиши жана эмгек мигранттарынын айлык акысынын төмөндөшү себеп болот деп эсептейт. Анын айтымында, кетүү процесси азыр эле жүрүп жатат. Жакында Орусия мурда Борбор Азиядан барган жумушчу күчүнүн жетишсиздигин сезе баштайт.

"Ириде бул убактылуу эмгек миграциясына таасир этет. Экономика начарласа, бул туруктуу жашоого уруксаты бар эмгек мигранттарына да таасир этет. 2023-жылы рублдин курсу катуу түштү. Мунун жыйынтыгы азырынча аныктала элек болсо да, миграциянын көрсөткүчү өтө түшүп жатат", - дейт Абылкаликов "Настоящее Время" телеканалына.

Эксперт учурдагы мигранттарга каршы рейд жана теракт коштогон кризис эки-үч ай ичинде басаңдашы мүмкүн деп эсептейт. Бирок Орусиядан чыгып кетүү агымына жол ачылды.

"Акырындык менен унутулуп, баары өз нугуна келет, - дейт демограф. - Бирок туруктуу мигранттардын кайсы бир бөлүгү башка өлкөлөргө багыт ала баштайт".

Борборазиялык мигранттар Орусиядан башка бул өлкөлөргө да кете алат: Перс булуңундагы өлкөлөр, Түркия, Түштүк Корея, Кытай, Евробиримдик жана Америка Кошмо Штаттары.

"Азырынча биз утуп жатабыз, бирок бул жагдай түбөлүккө созулбайт", - деп эскертти демограф.

Абылкаликовдун айтымында, соңку он жылда Орусиянын миграциялык өнөктөштөрүнүн саны кыскарды.

"Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан гана калды, - дейт ал. - Эгер 10-20 жыл мурда Молдовадан келген куруучулар, шыбакчылар тууралуу жарнамалар көп болсо, азыр алар Евробиримдикке кетип жатат. Убакыт өтүп, демографиялык жана экономикалык көйгөйлөрүбүз менен кошо биз көз каранды болуп калган башка миграциялык өнөктөштөрүбүз да ушул жолго барат".

Эксперттин айтымында, Орусиянын эмгек рыногунда кадр жетишсиздиги көптөн бери байкалууда, ксенофобиянын күчөшү менен көйгөй дагы татаалдашы мүмкүн. "2030-жылдардын ортосунан тарта эмгек рыногундагы абал улам оорлошо берет", - дейт эксперт.

"2012-жылдан 2022-жылга чейин, андан кийин 2030-жылдын ортосунда эмгек базарына кирген муундар - 1990-2000-жылдары туулган балдар азаят, - деп түшүндүрдү ал. - Алар абдан аз, андыктан Орусияда 2012-жылдан 2023-жылга чейин 20 жаштан 40 жашка чейинки адамдардын үчтөн бири кемийт. Бул 13 миллиондой адам. Пенсия жашындагы жана пенсия курагына жакындап калгандардын саны да ошончо, 13 миллиондон көбүрөөк".

Эксперттер мурда Орусияда төрөт азайып жатканын айтышкан. Орусиялык демограф Алексей Ракшинин маалыматына ылайык, 2023-жылы Орусияда Чеченстанды кошпогондо 1,213 миллион гана бала төрөлгөн, бул 1993-жылдан берки эң төмөн көрсөткүч. Ракши 2024-жылы бул көрсөткүч Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң төмөн чекке жетиши мүмкүн дейт.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2024-жылы февралда өткөн Федералдык жыйындагы кайрылуусунда "Үй-бүлө" аттуу улуттук долбоор башталганы белгилүү болгон. Анын алкагында орусиялык бийликтер алдыдагы алты жылда "төрөлүүнүн туруктуу өсүшүнө жетүүнү көздөөдө". Ошол эле маалда Москва Украинада толук масштабдуу согуш жүргүзүп жатат, Орусиянын Коргоо министрлиги жоготуулар тууралуу маалымат бербейт. Кол салууга Борбор Азиядан барган мигранттар да жигердүү катышууда, орус бийлиги бул үчүн аларга жарандык берүүнү убада кылган.

"Настоящее Время" телеканалы даярдаган видео кыргызчаланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG