Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:38

Беларус: мигранттар аскерлер менен кагылышты


Беларус менен Польшанын чек арасындагы мигрант.
Беларус менен Польшанын чек арасындагы мигрант.

Мигранттар беларус-поляк чек арасындагы тосмолорду бузууга аракеттенип, аскерлер менен кагылышты.

Польшанын коопсуздук күчтөрү мигранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтарды колдонду. Польшадан бир полиция кызматкери оор жараат алганы кабарланды.

Беларус-Польша чек арасындагы Брузги-Кузница өткөрмө бекетинде мигранттар тикенек зым тосмолорду жарып өтүп, Польшага өтүүгө аракеттенгени кабарланды.

Алар Польшанын коопсуздук күчтөрүн ташбараңга алып, бөтөлкө ыргытышты. Таякчан бир топ мигрант чек арадагы тосмолордун бир бөлүгүн бузууга аракет кылганы тартылган видео тарады.

Таш менен кошо гранаталар ыргытылды

Польша мигранттар жактан поляк чек арачылары менен коопсуздук күчтөрүн көздөй шуулдаган, жаркылдак гранаталар учканын билдирди.

"Бир сааттай мурда поляк күч түзүмдөрүнө жүздөй мыйзамсыз мигрант кол салды. Бул жерде жалпы 2000ден ашуун чет элдик бар. Анын ичинен жүздөй киши аябай агрессивдүү болуп жатат. Ал жактан Польшанын аскерлерине таш менен кошо шуулдаган-жаркырак гранаталар ыргытылды. Бактыга жараша, ыргыткандардын көбү поляк тарапка жеткен жок. Полиция кызматкеринин биринин бетине таш тийиптир. Ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - деди Польшанын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Анна Михальска.

Мигранттар ыргыткан таштан бир польшалык полиция кызматкери оор жараат алып, ооруканага жеткирилгенин өлкөнүн Ички иштер министрлиги дагы ырастады. Польшанын улуттук полиция штабынын басма сөз катчысы Мариоош Чиярка атайын каражаттар мигранттардын колуна кандайча түшкөнүн айтып берди:

"Мында адамдар таш ыргытып жатат. Бирок арасында граната ыргыткандар да бар. Мигранттар ал гранаталарды албетте, Ирактан, Сириядан жана башка өлкөлөрдөн ала келген эмес да. Биздин полицияга жана аскерлерге каршы ыргытылган гранаталарды мигранттарга Беларустун күч түзүмдөрү берип жатышы толук мүмкүн", - деди Мариуш Циарка.

Капканда калган мигранттар

Бир күн мурда беларус-поляк чек арасынын Брузги-Кузница өткөрмө бекетине 2 миңден ашуун мигрант келген. Алар аны курчоого алып, чек арачылардан Евробиримдиктин аймагына киргизүүнү талап кылышкан. Мигранттардын бири аларды чек ара тилкесине чыгууга беларус күч түзүмдөрү мажбурлаганын белгиледи:

"Беларус армиясы мени жана досторумду бул жакка келүүгө мажбурлады. Артыбыздан айдап келген аскерлердин бири уюлдук телефондорубузду тартып алган. Эч ким менен байланыша албайбыз. Азыр биздин алтообуздун тең телефонубуз жок. Үй менен байланыша албай турабыз".

Күрд тектүү Ирак жарандары чек арада бир жумадан бери турушат. Алардан коргонуу үчүн Польша чек арага аскерлерин жана ыктыярдуу бөлүктөрүн тарткан. Мындан мурда бир нече мигрант чек араны күч менен кесип өтүп, Польшага кирген. Бирок көп өтпөй алардын көбү кармалган.

Беларус-Польша чек арасы.
Беларус-Польша чек арасы.

Ал арада Ирактын Орусиядагы элчилиги билдиргендей, Евробиримдиктин аймагына кирүүнү көздөп Беларуска келген 200 ирактык кайра мекенине кайтууну өтүнүп элчиликке кайрылышкан. Бул тууралуу "Интерфакс" жазып чыкты.

Эвакуациялык рейс 18-ноябрда уюштурулат. Ирак дипломатынын айтымында, мекенине кайтып барууну каалагандардын саны дагы өсүшү ыктымал.

Кайрылгандардын арасында аялдар, балдар жана жубайлар бар. Алардын баары учурда Минскиде рейсти күтүүдө.

Польшанын Чек ара кызматы мигранттардын жоон тобунун "чек араны күч менен бузуп өтүү" планы тууралуу ыкчам маалыматтар түшкөнүн билдирди.

"Азаттыктын" беларус кызматы маалымдагандай, курал-жаракчан мигранттар Беларус коопсуздук күчтөрүнүн коштоосунда чек ара көзөмөл-өткөрүү бекетине барышкан. Беларус чек арачылары да өткөрмө бекеттеги тикенек зым тосмолорду өзү тараптан ала баштады. Бул кыязы, Польшанын карай дагы көп мигранттарды жакындатуу үчүн жасалганы айтылды.

"Брузги-Кузница" чек ара көзөмөл-өткөрүү жайы жөө жүргүнчүлөр үчүн эмес, автоунааларга ылайыкташкан. Өткөн аптада Польша чек арада мигранттардын тобу пайда болгондон кийин ал аркылуу кыймылды жапкан. Польша көзөмөл-өткөрмө бекетине кошумча аскерлерин жайгаштырып, суу аткычтарын айдап келип, аскердик тик учактар аймакты абадан күзөтүүдө.

Меркел менен Лукашенконун телефон байланышы

15-ноябрда Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Беларустун лидери Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болду.

Александр Лукашенко немис канцлери менен сүйлөшүүдө кырдаалды курчутпоону макулдашканын айтты:

Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

"Биз азыр эскалация эч кимге керек эмес деген бир пикирге келдик. Ал Евробиримдиктин да, Беларустун да кызыкчылыгына туура келбейт. Кимдир бирөөлөр муну канчалык кааласа да биз кырдаалды курчутууга жол бербейбиз. Биз муну катуу кагылышка чейин жеткирбейбиз. Польша Евробиримдикке айтып жаткандай, дүйнө жүзү боюнча мигранттарды чогултуп, Беларуска ташып алып келип жаткан жокпуз. Бардык эле өлкөлөр сыяктуу мыйзамдуу келгендерин кабыл алып жатабыз. Кимде ким кичине эле мыйзам бузган болсо, дароо учакка салып, кайра артка кайтаруудабыз. Андайлар азыр 5 миңге жетти",- деди Лукашенко.

Беларустун Польша, Литва жана Латвия менен чек арасындагы миграциялык кризис быйыл жайда башталган.

Көрүлгөн чараларга – тосмолор курулуп, чек аралардын бекемделишине жана чек ара аймактарында өзгөчө кырдаал режимин киргизүүгө карабастан, Сириядан, Ирактан жана Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрүнөн Беларуска миңдеген мигранттар келип, андан ары чек араны кесип өтүүгө аракет кылышууда.

XS
SM
MD
LG