Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Саймаитинин иши: күмөн санаткан комиссия


Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жана Айеркен Саймаити (ортодо).
Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жана Айеркен Саймаити (ортодо).

«Азаттыктын» иликтөөсүндө аты аталган ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн изилдеген депутаттык комиссия ишин баштай элек жатып сынга кабылды.

Сындагандар депутат Искендер Матраимовдун комиссия курамына кирип алганы коомчулукта ишенбестик жаратарын жүйө кылып жатышат. Дегеле, парламентте түзүлгөн комиссия ишкердин өлүмү боюнча калыс чечим чыгара алар бекен деген суроо жаралды.

Түркияда өлтүрүлгөн ишкердин өлүмүн иликтеш үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештеги убактылуу комиссиянын айрым мүчөлөрү депутат Искендер Матраимов бул курамдан чыгышы керек деген сунушун айтышты. Кийинчерээк ал комиссиянын курамынан чыгарын билдирди.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов кызматташы Матраимовдун комиссиянын курамында болушу коомчулукта ишенбестик жаратарын айтты.

Комиссиянын дагы бир мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороев жалаң эле Матраимов эмес, Айеркен Саймаити менен тааныш эл өкүлдөрү да кызыкчылыктар кагылышы болбошу үчүн өз ыктыяры менен курамдан чыгып кетиши керек деп эсептейт. Жээнчороев учурда комиссия чогулуп жетекчисин шайлай элек экенин белгилеп, алгач анын курамын талкуулоону сунуш кылды:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Комиссия жумушун баштаар алдында кызыкчылыктар кагылышы бар кишилер чыгып кетиши керек. Анткени алар комиссиянын ишине, жыйынтыгына таасир этет. Азыр кимдердин тааныштыгы болгону такталып жатат. Эгерде алар курамдан чыкпаса, мындай комиссиянын кереги жок.

«Азаттык» радиосунун, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» мекемесинин 20дан ашык журналисттер тобу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аттуу иликтөөсү жарыялангандан кийин бул комиссиянын дарегине сын күчөдү.

Иликтөөдө депутат Искендер Матраимовдун бир тууганы, мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимовдун жүк ташуу, акча адалдоо сыяктуу шектүү иштерге аралашканы айтылат.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова парламент комиссиянын курамына кимдер кириши керектигин талдабай эле шашылыш түзүп салганын сынга алды:

- Депутаттык комиссия түзүлүп, Түркиянын парламенти менен иштейбиз дегенин колдойм. Бирок, Матраимов чыгышы керек. Анткени ал жерде чоң кызыкчылыктар кагылышы бар. Парламент муну комиссия түзүп жатканда эле ойлонушу керек болчу.

21-ноябрда түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияга КСДП фракциясынан Искендер Матраимов, Өмүрбек Бакиров, Сайдиломжон Жураев жана Аалы Карашев, «Республика - Ата Журт» фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов кирди. «Кыргызстандан» Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Өнүгүү-Прогресстен» Тынчтык Шайназаров, «Бир Болдон» Алтынбек Сулайманов, «Ата Мекен» фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов кошулган.

ЖК убактылуу комиссиянын курамын бекитти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00

Бул комиссияда мүчө болгон депутат Алтынбек Сулайманов ишкер Айеркен Саймаити менен мурда тааныш болгонун ырастап, бирок акыркы жылдары аны менен байланышпаганын айткан. Сулайманов бул комиссия ишкердин өлүмүнө байланыштуу жагдайларды ачык иликтейт деп ишендирүүгө аракет кылды:

- Биздин максат - Түркия мамлекетинин парламенти менен байланышып, алардын жүргүзүп жаткан тергөөсүнөн материалдарды суроо. Алганда мүмкүнчүлүк болсо жарандык коом менен журналисттерге ачык кылабыз. Комиссиянын ишинин жүрүшүн ачык кылып, эл чындыкты билсин деп жатабыз. Ким Эркин Саймаитинин жакыны, ким алардын душманы болгонун иликтейбиз.

Саймаитинин иши: Сулайманов депкомиссия тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

Өз дарегине сын айтылып жаткан депутат Искендер Матраимов менен байланышууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы берген телефон номуру жооп бербей жатат. Ал эми 22-ноябрда эртең менен Матраимовдун парламенттеги иш бөлмөсүнө барганыбызда анын жардамчысы жок экенин айтты.

Эл өкүлү Искендер Матраимов «Фейсбуктагы» баракчасына Райымбек Матраимовдун аты аралашкан иликтөө боюнча комментарий берип, иликтөөдөгү дооматтарды четке какты. Ошондой эле ал депутаттык комиссиядан чыгарын билдирди.

«Коомчулук бүдөмүк суроолорго ачык-айкын жана бейтарап жооп алышы үчүн комиссия курамы да окуяда ысымдары аталбаган адамдардан түзүлүшү керек деп эсептейм. Эгерде комиссия курамына кире турган болсом, «өзүнүн кызыкчылыгын коргоп жатат» деген түшүнбөстүк, шек саноо сөзсүз болот деп ойлойм. Комиссиянын бейтарап чечим чыгарышын камсыз кылуу максатында курамына кирбей турганымды расмий билдирем», - деп жазды Искендер Матраимов.

Ал ортодо парламент түзгөн депутаттык комиссия «миллиарддык схеманын» бетин ачарына коомчулукта ишеним жок дегендер чыкты.

Алардын бири, ошол эле парламент депутаты Жанарбек Акаев жарандык коом менен оппозициянын өкүлдөрүнөн турган көз каранды эмес комиссия түзүүнү сунуш кылды. Бирок социалдык тармактарда депутаттар комиссиянын курамын бекитерде көңүл бурбай, азыр гана үн катып жатышканын эки жүздүүлүк катары сыпатташууда.

Үч медиа мекеменин 20дан ашык журналисттери чыгарган иликтөөдө Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарлар ар кандай шектүү жолдор менен кантип ташылганы, миллиондогон ири каражаттар өлкөгө мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар.

Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары кантип адалданганы айтылат. Бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Бул Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупцияны ашкерелеген экинчи иликтөө болуп жатат. Эки иликтөөдө тең Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталат. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун иниси. Искендер Матраимов буга чейин май айында чыккан иликтөөдө Матраимовдорго байланыштуу маалыматтарды четке каккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG