Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Матраимовдун үч медиа менен соту уланууда


Коллаж.
Коллаж.

Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосу, журналист Али Токтакунов, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттары менен соттошуп жатканына бир жылга жакындады.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова 12-ноябрдагы сот отурумун 11-декабрга жылдырды.

Буга "Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун” өкүлү Лейла Байдаеванын келбей калганы себеп болду. Сотко ал Түркияга учуп кеткенин тастыктоо документи катары авиабилеттин көчүрмөсүн жөнөткөн.

Ошондой эле Райымбек Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская журналист Али Токтакуновдун өлкөдө жүргөнү жөнүндө кабары бар экенин айтып, аны сотко катыштыруу керек экенин билдирди. Судья Токтакуновду сотко чакыруу кагазын “Азаттык Медиа" мекемесинин жактоочусу Акмат Алагушевге берди.

Жаңы бийлик келгенден кийин кармалып, тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен бошотулган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун коррупцияга шек саналгандан кийинки алгачкы сот жараяндары башталганы турат.

“Азаттык” радиосунун кызыкчылыгын сотто коргоп жаткан юрист Акмат Алагушев акыркы окуялардан кийин Матраимовдун үй-бүлөсү үч медиага жазган доо арызды кайтарып алабы деп күткөн.

«Моралдык гана жагын айта алабыз. Өзү (Райымбек Матраимов-ред.) моюнуна алып жатпайбы, “төлөп берем” деп. Анан камактан чыгарылып жатат. Биз булар доо арызды алып коюшат деп күткөнбүз», - деди юрист.

Ал эми «Kloop.kg» сайтынын жактоочусу Фатима Якупбаева мындай деди:

«Ал (Райымбек Матраимов-ред) соттолгон жок. Сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Ага айыптоо жана билдирүү гана берилди. Биз ал документти көргүбүз келет. Чынында эле “коррупция” беренеси менен айыпталып жатабы же башкабы. Азыр колубузда эч кандай документ жок. Биз соттон тергөө менен кызматташуу жөнүндө документтерди талап кылууну пландап жатабыз», - деди жактоочу.

Сот жараянында Матраимовдун үй-бүлөсүнүн жактоочулары журналисттердин суроосуна жооп берүүдөн баш тартты. Дегеле, Райымбек Матраимов өзү жана анын жакындары дагы коррупция жөнүндө кылмыш иши боюнча үн ката элек.

12-ноябрда пресс-конференцияда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эмнеге камалбаганы жөнүндө түшүндүрүп жатып, Матраимов “мыйзамсыз байыган мүлктү жана акчаны кайтарып берүүнү” суранганын билдирген.

«Мени камап койгондон эч нерсе болбойт. Андан көрө мамлекеттен алганымды, мыйзамсыз байыган мүлкүмдүн баарын, акчанын баарын кайра Кыргызстанга алып келип берейин” деп ачыгын айтып, суранды», - деди Жапаров.

Матраимовдун үч медиага жана өзүнө каршы доо арызы каралган сотко журналист Али Токтакунов катышарын билдирди. Токтакунов сот акыйкат чечим чыгарат деп ишенет.

«Эки миллиард сом төлөп берем дегени ал өзүнүн коррупционер экенин моюнга алганын билдирет. Демек, биз тазабыз деп журналисттер менен соттошуусу таптакыр бет тырмачылык. Бул сот өзүнүн маанисин жоготту. Сот азыр Матраимовдордон көз карандысыз болуп калды деп ойлойм. Эгерде чын эле ошондой боло турган болсо, сот акыйкаттык тарабына чечим чыгарышы керек», - деди журналист.

Райымбек Матраимов жана анын парламенттеги депутат агасы Искендер Матраимов журналисттик иликтөөлөрдө айтылгандын баарын четке кагып келет. Акыркы жолу депутат Искендер Матраимов 4-октябрдагы шайлоого чейин өткөн теледебаттарда саясий каршылаштарынын инисине айткан дооматтарын курулай каралоо катары баалаган.

«Эмнеге биз менен эле өздөрүн пиар кылып жатышат, билбейм. Райымбек Матраимов үч жылдан бери мамлекеттик кызматта иштебейт. Жумуштан туура эмес алынганын соттон тастыктап, бирок кызматта кайтып келген эмес. Бардык нерсени жабыштыра берген туурабы? Кудайды караш керек».

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымалдыгы айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот аны сот канааттандырган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG