Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

Төрөттүн төрү менен гөрү


Ооганстанда ар 100 миң аялдын дээрлик 2 миңи төрөт учурунда көз жумат
Ооганстанда ар 100 миң аялдын дээрлик 2 миңи төрөт учурунда көз жумат

“Балдарды коргоо” (“Save the Children”) деп аталган эларалык уюм Дүйнөдөгү энелердин жана балдардын абалын иликтеген жылдык баяндамасын жарыялады. Анда кайсыл мамлекеттерде энелерге төрөт үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлгөнү жана каерде абал начар экени айтылат. Кыргызстан “дурус өнүкпөй жаткан мамлекеттер” тизмесиндеги ортодон ылдый позицияны ээледи.

Дүйнөдө жылына 350 миң кош бойлуу аял төрөткө чейин же төрөт учурунда көз жумат. 9 млн.жаш бала беш жашка чыкпай жатып чарчап калат. Булардын басымдуу бөлүгү эми гана өнүгүп келаткан же өнүкпөгөн мамлекеттерде орун алууда.

Төрөттүн төрү

“Балдарды коргоо” эларалык уюмунан билдиришкендей, соңку жылдары абал бир топ жакшыргандай болду - балдардын, энелердин өлүмү кыскарды. Бирок азыр деле 24 миңдей эне төрөттөн кийин энелик бакытка ээ боло албай жатат.

Аталган уюм кош бойлуу аялдар, жаш энелер жана балдар үчүн эң мыкты шарттар түзүлгөн мамлекеттердин алдыңкы сабын Норвегия баштайт деп билдирет. Андан ары Австралия, Исландия, Швеция, Дания жана башка өнүккөн мамлекеттер аталат.

Жаш энелерге төрөт үчүн эң эле опурталдуу, абалы эң начар өлкө деп Ооганстан табылган. Анын алдында бир топ африкалык өлкөлөр бар.

Борбор Азия регионунда энелерге камкордук Казакстанда жакшыраак түзүлүптүр. Андан ары Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан турушат. Түркмөнстандагы абал иликтенген эмес.

Энеден балага

Отчеттун авторлорунун айтымында, алар 160 мамлекетте эң оболу кош бойлуу аялдар жана жаш энелер кандай камкордукка алынышканына кызыгышкан. Анткени эненин ден-соолугу канчалык чың, билими жакшы, социалдык абалы дурус болсо, жаңы дүйнөгө келген бала да ошончолук жакшы өсүп-өнүгөт дешет. Бирок энелердин өлүмү көп учураган мамлекеттерде акушер-гинекологдор жетишпей жатканы айтылды.

Дарыгерлер Кыргызстанга да жетишпейт. Былтыр өлкөдө 97 эне төрөт учурунда көз жумду. Бул - өлкө эгемендик алгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Догдурлардын айтымында, алардын, жок эле дегенде, 27нин өмүрүн сактап калганга болмок. Азыр 30дан ашуун иш соттордо каралып жатат.

Кыргызстандагы ахыбал

Саламаттыкты сактоо боюнча мурдагы министр Марат Мамбетов марттын башында бул жөнүндө айтып жатып, башкы себеп – дарылерлердин жетишсиздигинде деген эле. Бишкектин ооруканаларында азыр канча врач болсо, дээрлик дагы ошончо дарыгер керек, деген ал. “Бишкектин ооруканалары гана 62% дарыгерлер менен камсыз болгон. Калган аймактарда андан да аз. Таласта, мисалы, төрөт үйлөрүнө зарыл врачтардын саны 28% гана түзөт”, - деген эле мурдагы министр.

Кыргызстандагы Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысы Камчыбек Узакбаев өзгөчө региондордогу ооруканаларга жаш адистерди квота менен жөнөтүшүбүз керек, дейт.

“Бул дегени дарыгерликке окуп жаткандардын 5-6-курсуна төлөнчү контрактты аймактарды элдеринин эсебинен төлөш керек да, кийин ал кадрлардытошол жактарга жибериш керек. Аларды там-жай, дурус маяна менен камсыздашыбыз керек”, - дейт К.Узакбаев.

Проблема адистер менен гана чектелип калбай, деди ал.

“Төрөт үйлөрүндөгү жабдыктарды, алардын техникалык, материалдык абалын жакшыртпасак болбойт. Баткенде, керек болсо, таза суу жетишпеген төрөт үйлөрү бар”, - деди Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев.

Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери 30дай болочок эне төрөт учурунда көз жумду.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG