Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:06

Масыдыков: Президентке көп суроолор берилбей калды


Президент Садыр Жапаров Баткенде. 2021-жылдын 27-майы.
Президент Садыр Жапаров Баткенде. 2021-жылдын 27-майы.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 27-майда Баткен жана Лейлек райондорунда апрелдин соңундагы куралдуу кагылышта жабыркаган үй-бүлөлөр менен жолукту. Көк-Таш айылындагы жолугушууга катышкан жергиликтүү тургун Жунус Масыдыков анда айтылган маселелер тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

- Президент Садыр Жапаровдун Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушуусунда кайсы көйгөйлөр айтылды?

- Президент Тажикстан менен чек ара маселесин көрбөй туруп чечүү мүмкүн эместигин айтып, жеринен таанышып чечүү керек экенин билдирди. Бир топ маселелер айтылды. Көк-Теректин биягын макул болсо ооштурабыз да, башка жактан жер беребиз деди. Бир жаңсыл болсун деп элдин оюндагысын айтты. Эл суроолорун берди.

- Эмне суроолор берилди?

- Суроолор көбүнчө чек ара маселесине байланыштуу болду. Кыргыз-тажик чек арасындагы айрым айылдар милициясы, аскери жок калып кетүүдө. Ушул көйгөйдү айтышты. Президентке жолдонгон суроолордун көбү кагаз жүзүндө берилип, ошол бойдон калды. Мамлекет башчысы көйгөйлөр чечилерин айтты.

- “Головной” тууралуу, жол маселесине байланыштуу суроолор берилдиби?

- Жок, ал жөнүндө укканым жок. Коридор берилбей турганы айтылды. Жолугушуу Көк-Таш айылында өткөндүктөн негизинен ушул жердеги көйгөйлөр тууралуу сөз болду. Каналдагы сууну айттык. Президент суу боюнча маселе мурдагы жетекчилер тушунда макулдашылып калганын билдирди.

- Ворухка жол берүү боюнча суроо айтылдыбы?

- Ал көйгөй айтылган жок. Эл “Ворухтан Ак-Сайга коридор бербейбиз” деп айтууну суранышканда ал аталыштарды так атабастан “Коридор бербейбиз” деп эле койду, ошондон башка бул тема козголгон жок.

- Демек, айрым суроолор берилбей калдыбы?

- Кээ бир суроолор калып кетти. Себеби, президент келгенден кийин эл менен учурашайын деп эле кирди окшойт, атайын уюштурулган жолугушуу эмес экен.

- Сиздерге мамлекет башчысы келери айтылды беле?

- Жок, айтылган эмес. Бир-эки саат чамасында эле айтылып калган окшойт. Мен да кокусунан угуп калып эле келдим. Мен эски мектептин жанындагы аскердик бөлүктүн жанында жашайм. Бул аскердик бөлүктүн маселеси көп жылдан бери айтылууда. Соңку эки жылдан бери тажик тарап ал бөлүктү алып салууну талап кылып келет. Жакында болгон согуштан кийин ошол аскердик бөлүктүн калышын өтүнүп, бир нече жолу кайрылдык. Аны калтыра турганын айтышты.

- Ал ошол жерде калганы жакшыбы?

- Ооба, анткени ал жерде 10 үй-бүлө бар. Эгер үйлөрүн таштап кетсе же сатып жиберишсе көчөнүн эки бети тең тажик жарандары болуп калат. Мен да ошол жерде жашайм.

Кыргыз-тажик чек арасы: Орусиянын ойлогону эмне?
please wait

No media source currently available

0:00 0:46:22 0:00

XS
SM
MD
LG