Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Жээнбеков ишин Атамбаевди сыйлоодон баштады


Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев.
Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев.

Жаңыдан ишке кирген президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы жарлыгы менен Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Эл баатыры" деген наам ыйгарды. Өз ишин мурдагы президентти сыйлоодон баштарын Жээнбеков ант берүү аземинде жарыялаган. Жаңы президенттин мындай чечимин айрымдар колдосо, башкалары Жээнбеков өз ишин өлкөнүн келечегин аныктаган жарлыктан баштаса оң болмок деген пикирде.

Жаңыдан ишке кирген Сооронбай Жээнбеков президенттик алгачкы иш күнүн мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди сыйлоо менен баштады. Ант берүү аземинде убада бергендей эле, ал биринчи жарлыгы менен Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наамды ыйгарды.

Жарлыкта экс-президент бул сыйлыкка "элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги, Кыргызстандын эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого кошкон салымы, саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн" татыгандыгы жазылган.

24-ноябрда президенттикке киришип жатып, Сооронбай Жээнбеков мурдагы өлкө башчынын эң жогорку сыйлыкка татыктуу экенин билдирген:

- Алмазбек Атамбаев зор эрки менен өлкөбүздө жаңы саясий маданиятты калыптандырды, кийинки муундарга үлгү болгон кадам таштады. Көптөгөн башка мамлекеттерге кыргыз элинин эркиндикке умтулуусун даңазалап, чыныгы демократ, улуу инсан экендигин дагы бир ирет дүйнө жүзүнө далилдеди. Кыргызстаныбызга, элибизге аруу тилек, адал мээнет менен өтөп берген ак кызматыңыз, эрдигиңиз, акылман-көрөгөчтүгүңүз үчүн сиз “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эӊ жогорку артыкчылык даражасына, “Ак шумкар” өзгөчө белгисине татыктуусуз. Мамлекетибиздин бул эӊ жогорку сыйлыгын сизге элибиздин атынан чоӊ сыймык менен тапшырам деген үмүттөмүн. Президенттик кызматка киришкенден кийинки биринчи жарлыгым ушул болот.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков. 24-ноябрь.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков. 24-ноябрь.

​Жаңы президенттин бул кадамы коомчулуктун талкуусуна түшүп, "Атамбаевдин кайсы эмгеги үчүн бул жогорку наам берилиши керек?" деген суроолорду жаратты.

Буга чейин мындай жогорку наам өлкөгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчун Турдакун Усубалиев, Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков ж.б. 23 ишмерге берилген. Акыркы жолу бул сыйлык Кытайдагы кыргыз манасчысы Жусуп Мамайга ыйгарылган эле.

Алмазбек Атамбаев эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай сыйлыкты алган алгачкы өлкө жетекчиси болуп отурат.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов Атамбаевге жогорку наам татыктуу ыйгарылды деген пикирде. Анын айтымында, экс-президент башкарган жылдары өлкөнүн эгемендиги бекемделди:

- Мурдагы Акаев, Бакиев убагында жазылган документти фамилиясын, датасын өзгөртө коюп эле "мен кылдым" деп грамота, медал алгандар болуп жатпайбы. Аларга салыштырууга такыр болбойт. Атамбаевдин эмгеги өтө зор. Мисалы, канча убакыттан бери "Датка-Кемин" долбоорун айтып келдик эле. Мына ушул долбоорго акчасын таап, аны бүткөргөнүн моюнга алуу керек. Канчалаган жолдорду бүтүрдү, аягына чыгарды. Куралдуу күчтөр, коопсуздук маселелери боюнча реформаларды ишке ашырды. Менимче татыктуу түрдө алды.

Ал эми өлкөнүн дагы бир экс-президенти Роза Отунбаева "Азаттык" радиосуна берген маегинде Атамбаев кандай сыйлык алган күндө да алты жыл ичинде анын ишинде бир топ кемчиликтер болгонун, көп иштер жасалбай калып калганын моюнга алуу керектигин белгиледи.

- Азыр “орден алат экен, жети жыл уктабай, кыйналдым” деп жатат. Бирок ал Путиндей, азыр "аксакал" деп туура эмес сөздөрдү айткан Назарбаевдей иштеген жок да. Жакшы эле жанын бакты. Мына Путиндин сайтын карап көрсөңүз, бир күндө беш-алты кеңешме өткөрөт. Бүгүн Москвада, эртең Ыраакы Чыгышта жүрөт. Биз көрүп эле атабыз, бизде андай болгон жок. Элдин канча катмарлары калды? Алар менен иштеген жок, тийген да жок. Албетте, алты жыл өтө кыска убакыт. Бирок ошондо да күндө талбай иштесе жетет эле.

​Коомдук ишмер Марат Кайыпов болсо экс-президентке бул сыйлыкты тапшыруунун саясий маанисине көңүл бурууда:

- Жээнбеков саясий жолунда абдан көп тепкичтерди басып өттү. Анда өзү мүчө болгон Социал-демократиялык партия менен катар бул партиянын жетекчиси болгон Атамбаевдин чоң салымы бар. Ошондуктан сыйлыкты берүү кыргыздын канына сиңген айкөлдүк, берешендик, жакшылыкка жакшылык деп ыраазылык билдирүү болду. Экинчи жагынан "Жээнбековдун биринчи жарлыгы эмне болот экен?" деп биз эле эмес, дүйнө жүзү күтүп жаткан. Биринчи жарлыгы менен экс-президент Атамбаевдин саясий иммунитетин бекемдөө аракети болду.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жаңы президенттин алгачкы жарлыгы сыйлык берүүгө арналганын түшүнбөй жатат. Анын пикиринде, жаңы президент өз ишин өлкөнү келечегин аныктаган жарлыктан баштаса оң болмок:

- Жогорку деңгээлдеги сыйлыкты "мен ыраазымын ушул кишиге" деп бергени туура эмес. Чындап эле ушундай сыйлык берели десе мурдатан талкууга чыгарып, татыктуубу деген суроону коюшу керек болчу. Экинчиден, президенттин биринчи жарлыгы өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында мамлекеттик багытта келечекти аныктаган, эсте кала турган жарлык болсо жакшы болмок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев буга чейин бир нече мамлекеттик сыйлыктарга татыган. 1990-жылдары ишкер кезинде өлкөнүн өнөр жайына кошкон салымы үчүн "Даңк" медалы менен сыйланса, 2007-жылы премьерлик-министрликтен кеткенде ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин колунан "Данакер" орденин алган. Ал эми 2011-жылы экинчи даражадагы "Манас” орденине татыктуу болгон эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG