Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришти

Ант берүү аземи 24-ноябрда саат 10:00дө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын «Энесай» залында башталды. Инаугурацияга 450 киши чакырылды. Бул салтанатка жалпысынан 8 млн 404 миң сом сарпталары кабарланды. Кыргызстанда мамлекет башчы алты жылга шайланат. Ушуну менен экинчи ирет өлкөдө президент тынч жол менен алмашууда. 2010-жылы референдум аркылуу шайланып келген өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаевге мамлекет башчылык кызматты өткөрүп берген.

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков бийликте турган мезгилинде Кыргызстан Социал-демократиялык партиясындагы мүчөлүгүн токтотуу боюнча арыз жазды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, Конституциянын 63-беренеси жана аталган партиянын уставына ылайык, арыз берилген күндөн тартып КСДПнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу Сооронбай Жээнбековдун атынан же ага шилтеме берилген билдирүүлөр анык эмес деп эсептелинет.

Жээнбеков 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо КСДП тарабынан көрсөтүлүп, 54,22 пайыз менен жеңип чыккан. Ал бүгүн ант берип, президенттик кызматка расмий киришти.

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00

Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкектеги инаугурация маалында тышкы саясатка да кайрылды. Тышкы саясатта улуттук кызыкчылыктарды коргоо, өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү мурдагдай эле негизги багыттардын бири бойдон калат деп айтты:

- Кыргызстан эл аралык иштерге жана БУУ, КМШ, ЖККУ, ШКУ жана ЕАЭБ сыяктуу эл аралык уюмдар менен аймактык түзүмдөрдүн алкагында интеграциялык процесстерге активдүү катышуусун улантат. Орусия менен салттуу достукту, стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык багытыбыз бекемделет. Кытай Эл Республикасы менен мамилебиз ынак кошуналык жана стратегиялык өнөктөштүк деми менен тереңдетилет. Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгыбыз кылымдарды карыткан бир туугандыкка, боордоштукка, достукка, тарыхыбыздын, маданиятыбыздын жана руханий дөөлөттөрүбүздүн үндөштүгүнө таянат. Ошол эле учурда бул мамилелерибиз мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтык, бири-бирин урматтоо жана бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принциптерине таянып өнүгүшү керек. Европа Биримдигине кирген өлкөлөр, ошондой эле Азия мамлекеттери, анын ичинде Япония, Корея, Индия, Монголия, Иран, Пакистан жана араб өлкөлөрү менен тыгыз мамилелерибиз уланат. Түркия жана АКШ менен кызматташтык пландуу түрдө өнүктүрүлөт, - деди Жээнбеков.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG