Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:20

"Кыргызстандан эки ай мурда келишкен". Түркияда ажал тооруган учкучтар


Кырсык болгон жерде издөө иштери жүрүп жатат.
Кырсык болгон жерде издөө иштери жүрүп жатат.

17-сентябрда Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап, эки кыргыз жараны каза таап, бирөө ооруканага түшкөнү маалым болду. Каза болгон учкучтардын сөөгү издөө ишинен кийин табылды.

Түрк бийлиги азырынча кырсыктын себеби белгисиз экенин, кырсыкка кабылган учак суудан чыгарылганда гана иликтөө башталарын кабарлады.

Жекшембиге караган түнү Измирге жакын Мендерес аймагында өрт өчүрүүгө тартылган тик учак кырсыкка кабылып, ичиндеги эки кыргыз жана бир түрк учкуч каза болду.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу кыргызстандык бир учкучтун сөөгү дамбадан чыгарылганын, бортмеханиктин сөөгүн издөө иштери уланып жатканын Фейсбук баракчасына жазган. Көп өтпөй ТИМ анын сөөгү табылганын билдирди.

Каргашалуу окуя ишембиде жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө болгон. Токойдогу өрттү өчүрүүгө барган тик учак "Тахталы" дамбасына кулаган.

Түркиянын айыл жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы кырсыктын себеби тик учакты толугу менен суудан алып чыккандан кийин гана белгилүү болорун айтты.

Анкарадагы Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев "Азаттыкка" буларды билдирди.

""Эркин Исабеков азыр Измир шаарындагы Бозяка ооруканасында дарыланууда. Анын жашоосуна эч кандай коркунуч жок. Тилекке каршы Олег Огеевдин жасаты табылды. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Айыл жана токой чарба министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен иштер жүргүзүлүүдө. Учурда кырсык болгон жерде консулдуктун кызматкери иштеп жатат. Учкучтар эки айга келишимдин негизинде иштегени келген", - деди Казакбаев

Түркиялык басылмалар кырсыктан кийин Эркин Исабеков жээкке өзү сүзүп чыкканын, куткаруучулар аны ошол жерден табышканын жазышууда.

Учурда ал Измир провинциясынын Бозяка аймагындагы ооруканада дарыланууда. Анын абалы жакшы экени, жакында туугандары Түркияга барары тууралуу айтылды.

Жекшембиде тик учактын дамбада кулаган жери аныкталганы менен, аба ырайынан улам издөө иштери 18-сентябрда улантылды. Түрк басылмаларынын маалыматында, учкучтарды издөө иштерине Анкарадан барган 10 кишиден турган суучулдар тобу тартылды.

Түркиялык журналист Толга Өзбек "Тахталы" дамбасына кулаган Ми-8Т үлгүсүндөгү тик учак түркиялык MGI Defence компаниясына таандык экенин, ал компания тик учактарын "Түрк авиациясы" бирикмесине ижарага бергенин жазды. Бул үлгүдөгү тик учактар түнкү жарыктандыруу системасы менен жабдылганы жана экипаж атайын окуудан өткөнү айтылат.

Ми-8Т үлгүсүндөгү тик учактын учкучтары түнкүсүн өрт өчүрүү операцияларына чыгып жүргөн. Тик учактын астында жайгашкан күчтүү прожектор менен айрыкча дамбадан суу алып жатканда айлана-тегеректи көзөмөлдөөгө болот.

Мендерес аймагындагы токойлордо өткөн аптада өрт чыккан. Аны өчүрүү иштерине тогуз учак, 20 тик учак, 54 суу танкери, 20 суу ташыган автоунаа жана Измир аймактык токой чарба башкармалыгына караштуу 500 кызматкер тартылганы кабарланды.

Белгилей кетсек, соңку үч жылда Түркияда өрт өчүрүү операцияларында үч тик учак кырсыкка учураган. Анда экипаждын 13 мүчөсү каза болгон.

Ысыктан улам ушул тапта Түркияда токойлордо өрт көп чыгууда.

Жайында утур-утур өрт чыгып, Анталия, Мугла, Чанаккале аймактарында миңдеген тургун эвакуацияланды.

Былтыр Түркияда тилсиз жоонун айынан 14 миң гектар токой аянты күлгө айланган. Сегиз адам өлүп, ондогон киши ооруканага түшкөн. Түрк бийлиги жана эксперттер табигый кырсыкты көбүнчө климаттын өзгөрүшүнө байланыштырат.

XS
SM
MD
LG