Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Укук коргоочу: Оорулууларды иштетип жатышат


Укук коргоочу Рузиев оорулуу кыз-келиндер талаада картошка терерин ырастоодо.
Укук коргоочу Рузиев оорулуу кыз-келиндер талаада картошка терерин ырастоодо.

Укук коргоочулардын бири Камил Рузиев Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу райондук психоневрологиялык аялдар жатаканасында оорулуу кыз-келиндер картошка терип, укуктары тебеленип жатат деп билдирди.

Укук коргоочу Рузиев 25-сентябрь күнү эртең мененки саат 9 жарым чамасында оорулууларды автобуска салып жатканына күбө болгонун айтууда.

- Жабык түрүндөгү мекемелер менен иштөө долбоорунун алкагында акыйкатчынын макулдугу, бейөкмөт уюмдар, ЕККУ менен биргеликте мониторинг жүргүзүп жаттык. Бүгүн оорулууларды мыйзамсыз автобуска жүктөп, талаага алып баратканына күбө болдук.

Рузиев он бешке жакын оорулууну автобус менен Ак-Булакка алып баратканын тасмага тартып алганын айтууда.

Ак-Суу райондук психоневрологиялык аялдар жатаканасынын башчысы Нарынкул Үсөнбаева укук коргоочу фактылары жок эле доомат коюп жатат деп билдирди.

- “Он беш кишини салып кетти” дегени – бизде атайын иш планы бекитилген, короодогу гүлдөрдү кыштын алдында терип, үйдүн ичине киргизебиз. Санитарканын коштоосу менен ушинтип чыгып, даары чөп жана шыбак шыпыргыларды жыйнайбыз. Ушундай күнөөлөргө мен гана эмес, жамаат да нааразы болуп жатат.

Оорулууларды салып барган маршрутканын айдоочусу Азамат Муканбетов буларды айтып берди:

- Базарда линиям бар. Бир киши келип, “Ак-Суудан киши алып кетмекпиз” деди. Анан келатканда “бурул” деди. Бул жатаканага келип, он бешке жакын оорулууну салды. Ак-Булакка дейре кырк сомдон акы төлөп бермей болду. Өз алдынча картошка жөнүндө сүйлөшүп баратышты. Бирок Боз-Учук айылына жеткенде “артыңардан машине баратат” деп Бейшекан эжеге бирөө телефон чалды. Ошондон кийин “бурул, өйдө барып шыпыргы теребиз” деди. Мен линияда болчумун, “биз барбай калдык” деди. Анан мен баарын таштап, жолдо баратсам эле ГАИ тосуп калды.

Маршруттун айдоочусунун айтымындагы Бейшекан деген айым Ак-Суу райондук психоневрологиялык аялдар жатаканасынын санитаркасы экен. Абдыраманова ал күнү картошкага барбай эле, оорукчандар менен курай тергени чыкканбыз деп ырастоодо.

- Кечээ эч нерсени билбей, кыздарды алып, чүпүрөк мүшөктөр менен шыпыргы, топурак алалы деп бардык. Ары жакта кой жайылып жүргөн экен, шыпыргынын баарын жеди дешти. Биз тоого барып, дары чөптөрдү алалы деп шопур баланы буруп, Лесхоз жакка кеттик. Тоого баардык. Шопур бала күтпөй турганын айтканда кете бер дегем. Биз жөө деле жетебиз деп калдык.

Акыйкатчынын өкүлү Аскар Мансуров бул окуяны териштире баштаганын “Азаттыкка” билдирди.

- Түрмөлөрдү, жабык жайларды текшерүү боюнча мониторинг бар. Бул киши менен бирге иштебейбиз. Чындыгында макулдашып, бирге чыгып, сиздерге айтпай деле келип калмакпыз. “Жетекчи оорулууларды талаага чыгарып, кулча иштетип жатат” деген белги түшсө, ал арызды карап, бир жыйынтыкка келебиз.

Ак-Суу райондук психоневрологиялык аялдар ооруканасы 1953-жылы ачылган. Бүгүнкү күндө бул ооруканада 191 оорулуу дарыланат.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG