Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

ПСИХИКАЛЫК ООРУЛУУЛАРДЫ ДАРЫЛОО ЖАҢЫ МАМИЛЕНИ ТАЛАП КЫЛУУДА


Учурда Кыргызстанда түрдүү себептер менен психикалык дартка чалдыккандар көп. Мындай бейтаптарды дарылоо жаңы мамилени, дарылоонун жаңы ыкмаларын талап кылууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда психикалык дартка чалдыккандардын негизги бөлүгүн - аракечтер менен баңгилер түзөт. Турмуштун оордугунан мындай ооруга чалдыккандар да аз эмес. Учурда мындай дартка кабылгандарды дарылоодо аларга жасалчу мамилени өзгөртүүнүн зарылдыгы өсүп чыкты. Мисалы, совет бийлиги убагында миңдеген психикалык оорулуулар эл жашаган аймактардан оолак жайларда кармалчу. «Чымкоргон», «Кызылжар» дегенди уккан адамдын аза бою «дүрт» этчү. Ансыз да жандүйнөлөрү жараланган мындай бейтаптарды жакын туугандарынан ажыратып, өзү сыяктуу миңдеген оорулууларга кошуп койчу. Бул - алардын абалын жеңилдетмек тургай, жаңы психикалык чыңалууларга дуушарлантат.

Психикалык оорулууларды дарылоонун учурдагы абалы тууралуу Бишкектеги психотерапевтик жардам көрсөтүү борборунун жетекчиси Кеңешбек Үсөнов мындай дейт:
- Жакында өлкөнүн түштүк облустарында жана Чүй аймагында болдум. Психикалык оорулууларга болгон мамиле, аларга көрсөтүлгөн жардам да өтө начар. Психикалык оорулууларды дарылоодо кетирилген кемчиликтер боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин чечими чыккан. Ушул чечимге ылайык биз көп нерсени өзгөртүп, иштешибиз керек. Мисалы, Алайда психотерапевт жок болсо, оорулуу да жок болуп чыгат. Психотерапевт Каракулжада да жок экен. Кыскартып коюшуптур. Мындай оорулуулар Бишкекте, Чүйдө көп болуп жатат, анткени, бул жерде изилдөө жүргөн. Адистер жетишсиз. Ушул позиция өзгөрмөйүн, иш жакшы жүрбөйт.

Психикалык дартка чалдыккандардын укуктарын коргоо боюнча мыйзам иштелип чыгып, улуттук программа кабыл алынган. Кимдир-бирөөнүн жакыны психикалык жактан ооруп калса, аны элден жашырып, уялып, корунган учурлар бар. Ушул сыяктуу мамилелер оорулууну ого бетер элден обочолонтуп, дартын ырбатат.

Адистердин айтымында, ар бир жүз кишинин 30-40% психикалык жактан дарыланууга муктаж. Учурда мындай оорулуулардын көпчүлүгүн аялдар түзүп, негизинен алардын курагы 30-40 жашта. Кеңешбек Үсөнов мырза психикалык оорулууларды дарылоонун жаңы ыкмалары зарыл дейт.

- Негизги максатыбыз оорулууларга жакын болуп, аларды түшүнүү. Эски ыкмалар боюнча оорулуулар элден алыс болушкан. Чоң ооруканаларды акырындап жоюп, райондордо он орундан турган бейтапканаларды курууга жетишүү керек. Атайын адистерди даярдоо зарыл. Оорулууларга мамиле жасоо иштерин элге түшүндүрүү керек. Бул өтө маанилүү маселе, - деп сөзүн жыйынтыктады шаардык психотерапевтик жардам көрсөтүү борборунун жетекчиси Кеңешбек Үсөнов.

XS
SM
MD
LG