Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:29

Балага кордук көрсөттү деген жигит камалды


Жети-Өгүздүн Барскоон айылында 10 жаштагы эркек балага сексуалдык ыдык көрсөттү деген шек менен 26 жаштагы жигит камакка алынды.

Бул иш боюнча милиция кылмыш ишин ачып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иши жүрүп жатат.

Айыпталып жаткан жигиттин жакындары тийиштүү органдардан анын күнөөсүн жеңилдетүүнү суранышууда.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттык” радиосуна алдын ала иликтөөлөргө таянып, окуянын чоо-жайын кыскача айтып берди:

- 2-август күнү айылдашынын үйүнө барып, 10 жаштагы баланы алдап чакырып, талаадан резина өтүктү алып келели деп түн ичинде ээрчитип кеткен. Анан талаадан балага күч колдонуп, сексуалдык ыплас иштерди жасаганга аракет көргөндүгү аныкталган.

Кийин бала окуяны апасына айтып берген. Аны уккан апасы айылдагы милицияга кабарлап, кылмышка шектүү жигит дароо кармалат.

Бирок баланын атасы милицияга арыз жазуудан баш тартып койгон. Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө иштери боюнча башчысы Талантбек Ашималиев ишти иликтөө уланып жатканын айтты:

- Өспүрүмдүн атасы арыз жазуудан баш тарткан. Арыз жазбайбыз, туугандарыбыз болот, өзүнчө чечишип алалы дешкен. Бирок ага карабай, биз бул жактан социалдык кызматкерлерди, өзүбүздүн өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлорубузду кошуп, иш-чара жүргүзүп, тергеп жатабыз. Кылмыш ишин козгоп, шектүү адамды убактылуу кармоочу жайга киргиздик.

Өспүрүмдүн чоң энеси экинчи тарап менен тууганчылыгыбыз бар деп айтып, зөөкүрлүккө арак себеп болгонун белгилейт.

- Бир урууданбыз, тууганчылыгыбыз бар. Жакшы эле мамиледебиз. Аласа-бересе деле жок ортодо. Тиги бала мас экен да. Аны эми мыйзам чегинде сот өзү чечсин, - деген чоң эне уулунун милицияга арыз жазбай койгонун мыйзамды билбестиги менен түшүндүрөт.

Кылмышка шектелип жаткан жигиттин үй-бүлөсүнө барганыбызда апасы көз жашын төккөндөн башка эч нерсе айта алган жок. Ал уулунун эмне үчүн мындай ишке барганын түшүнө албай жатканын гана белгилеп, күч органдарынан баласынын күнөөсүн жеңилдетүүнү суранат. Беш бир туугандын кенжеси болгон 26 жаштагы жигитти ушул күздө үйлөнтмөкчү болушкан экен.

Камакка алынган жигиттин классташынын айтымында, ал эч кимге кошулбаган, түнтүрөөк бала болчу:

- Эч кимге кошулчу эмес, сүйлөбөй эле жүрө берчү. Акыл эси ордунда эле болчу. Биз да түшүнбөй калдык.

Териштирүү жүргүзүп жаткан Жети-Өгүз райондук милициясы соттук - медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин иштин жагдайы толук белгилүү болорун айтты.

Башкы прокуратура билдиргендей, быйыл жарым жылда 14 жашка чейинки курактагы 50 бала сексуалдык зомбулукка кабылган, бул былтыркыга караганда дээрлик эки эсе көп.

Кыргызстанда балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлердин жазасын катуулатуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттар тобу мыйзам долбоорун сунушташкан.

Айрым активисттер болсо педофилдерге өлүм жазасын киргизүү зарылдыгын айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG