Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Ош дале газсыз отурат

Газ жоктугунан шаар тургундарынын айрымдары көп кабаттуу үйлөрүнүн балконуна темир меш орнотуп алышты.
Газ жоктугунан шаар тургундарынын айрымдары көп кабаттуу үйлөрүнүн балконуна темир меш орнотуп алышты.

Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.

Кыргыз өкмөтү газ боюнча Өзбекстан менен Орусиянын “Газпром” ишканасы сүйлөшүп жатканын билдирүүдө. Ошто 14-апрелден бери газ жок. Андан төрт күн мурун “Кыргызгаз” толугу менен “Газпромго” өткөн болчу. Орусиялык компания газ менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабайт деп билдирген эле. Айрым депутаттар газ боюнча өкмөттү күнөөлөп жатат.


Энергетикалык көз карандысыздыктын баасы


Кыргыз өкмөтү Ошко газ качан берилерин азырынча билбейт. Мындан улам биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “Азаттыктагы” маегинде бир канча күндөн бери газсыз отургандарды сабырдуулукка чакырды:

- Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү “Газпромдун” жетекчилиги жүргүзүп жатат. Газ, дегеле энергетикалык жактан көз карандысыз болуунун да баасы бар. Мен элди сабырдуукка чакырат элем. Бул маселе чукул арада чечилет. Болгондо да биротоло, майтарылгыс болуп чечилет.


Орусияга өткөн “Кыргызгаз” ишканасынын маалымат катчысы Рысбек Арунов газ боюнча Өзбекстандан жооп келбей жатканын билдирди:

- Биздин телеграммаларга өзбек тараптан жооп жок. Азыр “Газпром” деле, биз деле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бирок жооп болбой жатат. Келишим бүттү деп туруп, ошого таянып токтотуп коюшту. Биз келишимдин мөөнөтүн узартуу боюнча анын мөөнөтү бүтө электе эле, 11-апрелде кат жолдогонбуз. Бирок жооп бербей коюшту.


10-апрелде Бишкекте “Кыргызгазды” Оруcиянын “Газпром” ишканасына сатуу тууралуу жыйынтык келишимге кол коюлган болчу. Президент Алмазбек Атамбаев “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушууда Кыргызстан газ боюнча толук көз карандысыздыкка жетишти деп айткан. Муну журналисттер менен жолугушууда Миллер да тастыктаган:

-“Газпром” Кыргызстандагы бардык газ керектөөчүлөрдү газ менен үзгүлтүксүз камсыздайт деген милдеттеме алды. Анан эң башкысы газ ыңгайлуу жана арзан баада болот.

Оштогу газсыз күндөрдөн фото баян

Оштогу газсыз күндөр

Ошто 14-апрелден бери газ жок.
1/17 Ошто 14-апрелден бери газ жок.
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
Кыргыз өкмөтү Ошко газ качан берилерин азырынча билбейт. Мындан улам биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев“Азаттыктагы” маегинде бир канча күндөн бери газсыз отургандарды сабырдуулукка чакырды:  
2/17 Кыргыз өкмөтү Ошко газ качан берилерин азырынча билбейт. Мындан улам биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев“Азаттыктагы” маегинде бир канча күндөн бери газсыз отургандарды сабырдуулукка чакырды:  
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
Ош шаарынын тургуну Ирсолат Исмаилова төрт кабат үйдүн балконуна орнотуп алган темир мешке тамак даярдоодо.
3/17 Ош шаарынын тургуну Ирсолат Исмаилова төрт кабат үйдүн балконуна орнотуп алган темир мешке тамак даярдоодо.
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
4/17
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
Ирсолат эженин мешинин түтүгү балкондон сыртка түтүн үйлөйт.
5/17 Ирсолат эженин мешинин түтүгү балкондон сыртка түтүн үйлөйт.
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
Кечки тамакка камылга.
6/17 Кечки тамакка камылга.
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
Ирсолат эже күл ызгып кетпеши үчүн табагы менен чакан күрөгүн дайыма белен кармайт.
7/17 Ирсолат эже күл ызгып кетпеши үчүн табагы менен чакан күрөгүн дайыма белен кармайт.
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
От жагуу үчүн тутурук кагаз.
8/17 От жагуу үчүн тутурук кагаз.
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
9/17
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
10/17
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
11/17
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
Газ жоктугу аз келгенсип шаарда эки күн суу да жок болду.
12/17 Газ жоктугу аз келгенсип шаарда эки күн суу да жок болду.
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
Оштогу суу топтоочу жай ачык асман алдында болгондуктан жаан жааса эле суу ылайланып, өчүрүүгө туура келет.
13/17 Оштогу суу топтоочу жай ачык асман алдында болгондуктан жаан жааса эле суу ылайланып, өчүрүүгө туура келет.
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
14/17
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
"Ошгаздын" элүү миңдей кардары бар.
15/17 "Ошгаздын" элүү миңдей кардары бар.
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
16/17
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
17/17
Ошко Өзбекстандан газ качан келери дале белгисиз. Расмий Ташкен көгүлтүр от берүүнү токтотуу себебин да түшүндүрө элек.
Артка
Алдыга



Келишим чалагайым болгонбу?


“Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев да газ менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабайт деп ишендирген эле:

- “Эксклюзивдүү импорт” деген түшүнүк боюнча Кыргызстанды газ менен “Газпром” гана камсыз кылат. Булар ошондой жоопкерчиликти алды. Эгерде биз аларга альтернатива кылып койсок, анда силер тигил жактан алып жатасыңар, бул жактан алып жатасыңар деп чыгышмак да. Анан манипуляция деген чыкмак. Ошон үчүн газды үзгүлтүксүз, бир калыптанган баа менен Кыргызстанга “Газпром” гана алып келет деген жобо киргизгенбиз.


Өткөн аптада өкмөт Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө отчет берип жатканда газ маселеси да көтөрүлгөн болчу. Анда “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, вице-спикер Бөдөш Мамырова кыргыз өкмөтү газ боюнча чалагайым келишим түзгөн деп сынга алган. Ушундан улам “Газпром” Ташкенди ийге келтире турган ыкмаларын пайдаланбай, Ошко газ берүү маселесин чечкенге батыл киришпейт жатат, дейт депутат:

- Өзбек туугандар “Кыргызгаз” Орусиянын “Газпромуна” толук өтүп кетишин карап турду. Келишимде ушулардын баары каралып, газ үзгүлтүккө учурабасын, ушундай кокустуктар болуп калышы мүмкүн, эгер Өзбекстан газды токтотсо ушундай чаралар көрүлөт деген жоболор келишимге жазылганда орус туугандар да кыймылдайт эле да. Келишимде андай нерселер жок болчу. Орусиянын Өзбекстанга таасир эте алган бир топ ыкмалары, кудурети бар. Алар “газды биз алып жатабыз, ал эми биздики, биз баш-аягыбызды жыйып алганча газды берип тургула, келишимде ушундай жазылган”, деп айтса болот эле да. Алар антип айтмак беле.


Кыргызстан Өзбекстандан жылына 1 миллиард кубга жакын газ алып келген. Ош газ чарба башкармалыгынын 50 миңден ашуун абоненти бар. “Газпром” “Кыргызгазды” алып жатканда өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө чейин газ куурлары орнотуларын, көгүлтүр от жеткирилерин убада берген да жайы бар.
Оштогу газсыз тиричилик
Ош: Газсыз тиричилик
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:46 0:00
  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG