Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:06

Секелек кызды күйөөгө узатуу тыйылбай жатат


Соңку 10-15 жылдан бери өзбек жамааттарында да кыздарды эрте эле турмушка узатып жиберүү салты күч алды.

15-16 жашында нике кыйып, эртерээк тыңып калсын деген ата-энелер кыздарынын кара далы болуп калышынан коркушат. Бирок натыйжада эрте турмуш курган жаштардын онунан үчөө ажырашат.

15 жашында турмушка чыгып, азыр бир балалуу болуп калган Гүлноза анын жашоосу начар дегендерге кошулбайт. Жаңы келин болгон кезде бир аз кыйналганы менен көп өтпөй баары өз нугуна түшкөн. Бирок азыр деле көп сүйлөбөйт:

- Жаңы келгенде бир аз кыйналдым. Бирок акырындап көнүшүп кеттим. Ар кимдин турмушу ар кандай болушу мүмкүн. Мен эрте турмушка чыксам деле бактылуу элемин. Ата-энем деле ыраазы болуп эле узаткан.

Гүлнозанын белгилешинче, анын классташтарынан да бир нечеси 15-16 жашында, ал эмес бирөө 14 жашында эле турмушка чыгып, абдан жакшы жашап атат.

Деген менен мындай адатты туура эмес көргөндөр көп. Дегеле өзбек жамаатынын ичинде бул салт Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан баштап кулач жайды.

Оштун тургуну Салтанат Файзуллаева кызды эрте турмушка берүү Союз учурунда таптакыр жок болгонун айтат. "Атүгүл өзбек элинин тарыхында деле мындай нерсе болгон эмес" дейт ал:

- Мунун объективдүү жана субъективдүү жактары бар. Ата-энелер кыздарын эрте турмушка чыгарып жиберүү туура эмес экенин билишет. Бирок алар «кызым бузулуп кетпесин, же кара далы болуп калбасын» деген ойдо эрте турмушка берүүнү эп көрөт. Жигиттер да мектепти жаңы бүткөн кыздарды энесинен башка эч ким өбө элек болот деп ойлошот. Натыйжада кызга эле оор болот.

Файзуллаеванын белгилешинче, эрте үйлөнгөндөрдөн көпчүлүгү кайра эле ажырашып кетишет:

- Бизде билесиңер, өзбек элинде жаңы келген келинге үйдөгү жүктүн баары артылат. Анан жаш келин же жакшылап тамак жасаганды билбейт, же жакшылап тирилик кыла албайт. Жыйынтыгында 15-16 жаштан турмушка чыккандардан он үй-бүлөдөн эки-үчөө гана бактылуу жашап кетет. Калгандары ажырашып, кайра башка кыз издей башташат. Натыйжада кыздар эле азапка батып, көчөдө калып жатат.

Көпчүлүк ата-энелер деле кыздарын эртелей турмушка берүүгө каршы экенин айтышат. "Бирок ошого карабай бул адаттын кайрадан күчөп атканы таң калтырбай койбойт", - дейт Оштун Шейит-Төбө маалесинин жашоочусу Махамаджан Мамадалиев:

- 15-16 жашында турмушка чыгуу - бул такыр болбогон нерсе. Ал деген эми гана энесинин сүтүнөн чыгып бала бойдон, күйөөгө чыгып атат деген сөз да. Буга көпчүлүгү эле каршы. Бирок мен билген эле адамдар кыздарын эрте турмушка берип атышат.

Жашы жете элек турмуш кургандар мамлекеттик каттоодон такыр өтүшпөйт. Молдону алып келип, нике кыйып эле тойду бүтүрүп коюшат. Натыйжада ажырашкан келиндердин укугу жана алимент маселеси каралбай калып жаткан учурлары арбын.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG