Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

БУУ Атамбаевдин миллиондогон доосун карайт


Сүрөттө: Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.
Сүрөттө: Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.

БУУнун адам укугу боюнча комитети "Адилет" укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупованын жана Zanoza.kg Интернет сайтынын негиздөөчүсү Нарын Айыптын арызын кароого кабыл алды.

Арыз экс-президент аталган эки жаранды миллиондогон сом айыпка жыккан сот чечимдеринин мыйзамдуулугу тууралуу жазылган.

БУУнун адам укугу боюнча комитетинин чечими конкреттүү судьяга же доо койгон тарапка эмес, укукту камсыздоодогу калпыстыктар үчүн мамлекетке багытталат.

Олчойгон доолор

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укугу боюнча комитети Чолпон Жакупова менен Нарынбек Идиновдун 2017-жылы Кыргызстандын судьялары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пайдасына чечкен сот чечимдеринин мыйзамдуулугу боюнча маселесин кароого алды.

Арыз ээлери Жогорку Сотко чейин арызданып, бирок сот чечимдеринин мыйзамдуулугуна нааразы болуп, быйыл жазында Бириккен Улуттар Уюмунун адам укугу боюнча комитетине даттанган.

Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевге же анын пайдасына чечим чыгарган судьяларга эмес, сот адилеттигин камсыз кыла албаган деген негиз менен мамлекетке доомат коюлган.

Эгер адам укугу комитети мыйзам бузууларды аныктаса, мамлекет кетирген кемчиликти оңдоону талап кылган тыянак чыгарышы мүмкүн.

Арыз ээси, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Кыргызстан бир катар эл аралык конвенцияларга мүчө болгондуктан БУУнун адам укугу боюнча комитетинин чыгарган тыянагын угууга тийиш экенин эскертти:

- Ишти кароого алуунун өзү бул арызды укуктук жактан даярдоодо бардык эрежелер сакталганын көрсөтүп турат. Анткени алар бардык эле ишти кароого ала бербейт. Баш мыйзамда кандай ченемдер киргизилип, өзгөртүлбөсүн, Кыргызстан саясий жана жарандык укуктар боюнча пактыга кол коюп, адам укугун коргоо милдеттенмесин алган Женева жана Вена конвенцияларынын мүчөсү болуп саналат. Биз ошол конвенциялардан чыккан эмеспиз. Кандай болгон күндө да бизде эл аралык укук ченемдерге баш ийүү жоопкерчилиги турат. Ал эми адам укугун коргоо комитети мыйзам бузуу фактыларын аныктай турган эл аралык орган.

2017-жылы ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева Zanoza.kg сайтына президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын жана абийирин коргоо боюнча беш доо арыз жолдогон.

Октябрь райондук соту башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо жөнүндө арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарган.

Анын ичинен басылма 15 миллион сом, журналисттер Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом, "Адилет" укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова ​3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.

Адам укугу боюнча комитети Дина Маслованын арызын быйыл август айында кабыл алган. Соттордун баары мына ошол учурдагы президенттин пайдасына чечим чыгарып, коюлган дооматты толугу менен канааттандырган.

Адвокаттардын айтымында, соттук териштирүүлөрдү мыйзам бузуулар коштогон. Мисалы, соттун чечими чыга электе эле Жакупова менен Идиновдун мүлктөрүнө бөгөт коюлуп, алардын өлкөдөн чыгуусуна чектөө киргизилген.

Бирок 2018-жылы Конституциялык палата муну эл аралык укуктук ченемдерге жана Баш мыйзамга туура келбеген ченем катары тааныган чечим чыгарган.

​2016-жылы Баш мыйзам өзгөргөнгө чейин андагы 41-беренеде мамлекет тарабынан бузулган адам укугун калыбына келтирүү милдети бар болчу.

Ошондуктан 2016-жылдагы референдумдун алдында бийлик эл аралык уюмдар соттун ишине кийлигише албай турган болушу керек деген негизде бул ченемди өзгөртүп, ал ишти кайра кароого негиз берчү жагдай катары каралып калган.

Баш мыйзамды иштеп чыккан жумушчу топтун жетекчиси Анарбек Исмаилов бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Бакыт Аманбаев.
Бакыт Аманбаев.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Баш мыйзамдагы өзгөртүүгө дуушар болгон берененин мазмуну тууралуу мындай дейт:

- Баш мыйзамдын 41-беренесине ошол ченем атайын пункт менен 2010-жылы киргизилген. Ага ылайык, ар бир сот адилеттигин издеген адам өз өлкөсүнүн судьяларына кайрылып бүткөндөн кийин БУУнун адам укугу боюнча комитетине кайрылууга акылуу экени көрсөтүлгөн. "Эгерде анын укугу бузулганы аныкталса, анда мамлекет анын бузулган укугун калыбына келтирүүгө милдеттүү" деген жери бар болчу. Бул ченем кийин 2016-жылдагы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумда өзгөрүп кеткен.

Жаңы ачылган жагдайлар

Бул иштер бардык соттук инстанциялардан каралып бүтүп, алар аткарыла баштаганда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Жакупова менен Идиновдон өзүнүн материалдык доосун чакыртып алган. Муну жоопкер тарап өзгөргөн саясий кырдаал менен байланыштырган болчу.

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Текебаев-Чотонов соту: көрсөтмөдөгү чалкештик

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-министр Дүйшөнкул Чотоновго байланышкан сот жараяны уланды.

Атамбаев учурунда сегиз жылга соттолгон эки саясатчы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов боюнча да Жогорку соттун өкүмү чыгып калды.

Учурда алардын адвокаттары БУУнун адам укугу боюнча комитетине кайрылганга чейин жаңы ачылган жагдайларды аныктап, ишти кайрадан каратуу аргасын издеп жүрүшөт.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова сот жараяндарында каралбаган эки жаңы жагдай бар экенин мисал келтирди:

- Биз буга чейин сотто каралбаган далилди кагаз түрүндө алдык. Анда Маевский менен Модин Текебаевдин иш бөлмөсү деп көргөзгөн 307-кабинет Текебаевдики эмес, тескерисинче, Атамбаевдики экенин көрсөткөн катты биз президенттин иш башкармалыгынан бийлик алмашкандан кийин гана ала алдык. Бул иш Жогорку сотто каралып жатканда биздин колубузда мындай документалдык далил жок болчу. Бул дагы ишти жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кароого негиз берет. Экинчиден, Маевский 2010-жылы 13-майда Чотонов жана Текебаев менен бирге "Супарада" отурганбыз деген көрсөтмө берген. Биз иликтеп чыкканда Чотоновдун кырдаалга байланыштуу ал күнү эртең менен эле тик учак менен Ошко учуп кеткенин ырастаган айныксыз далилдерди таптык. Бул дагы жаңы ачылган жагдай болуп эсептелет. Биз азыр ушул жагдайлар боюнча ишти кайрадан каратууга аныктама чыгартуу өтүнүчү менен сотко кайрылганы жатабыз.

БУУнун адам укугун коргоо комитети арыздарды документалдык далилдердин негизинде кабыл алып, карай турган соттук териштирүүгө окшош орган. Ага арызданган тараптар чакыртылбайт.

Бул комитет жылына үч жолу кезеги менен жыйынга чогулуп турат. Комитеттин курамы 18 мүчөдөн туруп, тыянак чыгаруу боюнча соңку жыйындар жабык өтөт.

Арыз кабыл алынгандан кийин 12 ай аралыгында комитет тиешелүү баяндама даярдап, тиешелүү мамлекетке ага жазуу жүзүндө жооп берүү талабы коюлат. Бул комитеттин аныктама-чечими милдеттүү түрдө аткарууга жаткан же сунуш иретинде болушу мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG