Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Президенттик жарышка расмий уруксат берилди


Ак үй.
Ак үй.

Жогорку Кеңеш бүгүн президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды. Ал эми президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-июндан тарта башталат.

Ал ортодо Жогорку Сот президенттикке аттануу ниетин билдирген саясатчы Акматбек Келдибековду соттолгону алына электигин эскертти.

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 15-октябрга өткөрүү тууралуу кабыл алган токтомунда кыргыз өкмөтүнө жана Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү, шайлоону уюштурууга каржы бөлүү тапшырмасын берди.

Ушул учурдан тарта президенттик шайлоо өнөктүгү расмий башталды деп эсептелет. Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов түшүндүрмө берди:

- Баш мыйзам боюнча шайлоо күнүн Жогорку Кеңеш дайындашы керек. Мына ушул токтом кабыл алынып, шайлоо күнүн аныктоо боюнча маселеге чекит коюлду. Эми мыйзамга ылайык, өкмөт жана тиешелүү мекемелер даярдыкты баштайт.

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

БШКнын түшүндүрмөсүнө караганда, токтомго ылайык, 15-июндан тарта президенттикке ат салышууну каалаган жеке адамдар жана саясий партиялар талапкерлерин сунуштай башташат. Бул жараян 1-августка чейин улантылат. 10-сентябрга чейин талапкерлердин так тизмеси аныкталат.

Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери да 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы 4-ноябрдан кеч эмес мөөнөттө жарыяланышы керек.

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары үгүт өнөктүгүн чагылдырууда кызмат көрсөтүү боюнча тизмени 1-августка чейин БШКга бериши зарыл.

Ошентип, Жогорку Кеңештин токтому президенттикке талапкер болот элем деген саясатчылардын саясий жарышка ачык чыгышына шарт түздү. Буга чейин "Ак шумкар" саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов, КСДПдан азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков талапкер болору белгилүү болуп калган.

"Ата Мекен" партиясы болсо, камактагы жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков да өткөн айда Алайда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда президенттикке барарын жарыялаганы кабарланган.

Бирок Жогорку Сот Акматбек Келдибековдун соттуулугу ушул кезге чейин алына электиги тууралуу билдирүү таратты. Анда Келдибековдун “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” кинеси боюнча жарым-жартылай айыптуу деп табылып, мамлекетке 10 миллион сом айыппул төлөгөнү жана соттуулугу быйыл 8-ноябрда гана алынары эскертилген.

Бул оппозициячыл саясатчынын бул жолку шайлоого катышууга мыйзам жол бербейт дегендикке жатат. Бирок Акматбек Келдибеков өзү Жогорку Соттон расмий маалымат албаганын, ошондуктан президенттик орун үчүн ат салышуу аракетин уланта берерин "Азаттыкка" билдирди:

- Жогорку Соттун расмий өкүлүнүн бул билдирүүнүн жарыялаганын көргөн жокпуз. Эч кандай справка деген жок. Айрым маалымат булактары эле жазып коюшту. Бул расмий маалымат болуп эсептелбейт. Шайлоого чейин дагы убакты бар. Соттуулукту алуу боюнча мыйзамдуу аракеттерди көрөбүз.

Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Соттук териштирүүлөргө байланыштуу шайлоого барар-барбасы арсар болуп турган саясатчылардын дагы бири - "Ата Мекен" фракциясынын учурда абакта жаткан лидери Өмүрбек Текебаев. Текебаевдин иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Оппозициячыл саясатчынын тарапкерлери бийлик ишти тездик менен бүткөрүп, Текебаевге карата сот өкүмүн чыгарууну көздөп жатканын айтып келишет. Эгер "Ата Мекендин" лидерине аны айыптаган сот өкүмү чыгып калса, шайлоого талапкер болууга мыйзам жол бербейт.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова мындай жол менен Текебаевди президенттикке талапкер катары каттатпоо аракети көрүлүп жатат деген пикирин айтты:

- Сот өтө тездик менен мыйзам бузуулар коштолуп өтүп жатат. Мунун бир гана максаты бар. Алар Текебаевди президенттикке талапкер катары каттатпоону көздөшүүдө. Бул мыйзамга каршы келет.

Өмүрбек Текебаевдин сот ишин Биринчи май райондук соту карап баштаган.
Өмүрбек Текебаевдин сот ишин Биринчи май райондук соту карап баштаган.

Ошентип, шайлоо мөөнөтү расмий бекитилери менен саясий партиялар курултайларын өткөрүү мөөнөттөрүн жарыялай башташты. Маселен, шайлоодо премьер-министр Сооронбай Жээнбековду сүрөрүн жарыялаган бийликтеги Социал-демократтар партиясы 17-июнда, Темир Сариевди алга сүрөгөн "Ак Шумкардын" курултайы 19-июнда өтөрү белгилүү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG