Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Чоноев: Анкарадагы жардыруу коркутуу үчүн жасалды


Анкаранын борбордук районунда болгон жардыруудан набыт кеткендердин саны 30дан ашты. Жарадарлардын саны 125ке жеткени кабарланды.

Ал жарылуудан кыргызстандыктар жабыркаган жокпу? Анкарада жүргөн кыргызстандык Азизбек Чоноев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.​

“Азаттык”: Азизбек мырза, жарылуу болгон Гувенпаркы тууралуу айтсаңыз, бул Анкаранын кайсы жеринде жайгашкан, дегеле кандай район? Ал жерде кыргызстандыктардын жүрүү ыктымалдыгы канчалык?

А. Чоноев: Бул абдан коркунучтуу жардыруу болду. Анкаранын борборунда чоң төрт көчө бар болсо, жарылуу Кызыл ай деген майданда, төрт көчөнүн кесилишинде орун алды. Ал жерде унаалар жана автобустар, ошондой эле аялдама да абдан көп. Жардыруу болгон жерге жакын 3-4 министрлик, коопсуздук мекемелери да бар. Жардыруунун максаты атайын күч түзүмдөрүнө сес көрсөтүү жана көпчүлүк элди жабыркатуу болгону айтпаса деле түшүнүктүү болуп турат.

Ал эми мекендештерди бул райондо жүрүү ыктымалдыгы аябагандай чоң. Себеби бардык автобус жана унаалар Кызыл ай аркылуу өтөт. Ошондой эле "Кыргызстан достук жана маданият коому" деген диаспоранын кеңсеси дагы ушул жерде жайгашкан. Ал жакка да Кызыл айдагы аялдамадан түшүп, анан барышат. Азырынча жарылууда каза болгондордун ысымдары чыга элек, ошондуктан мекендештер ал жакта жок болсо экен деп, тилеп отурабыз.

“Азаттык”: Азыркы учурда Түркиядагы кыргыз диаспорасы эмне менен алектенүүдө, бири-бириңиздер менен кантип байланышып жатасыздар?​

А. Чоноев: Биз бардыгы менен байланышууга болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Ошол эле ТРТ каналынын кыргыз кызматы менен да кабарлаштык. Бирок алар да акыркы маалыматтарды күтүп жатканын айтышты. Адамдар элчилик менен да байланыштарын үзбөй турушат.

Азыркы учурда диаспора жана элчиликтен мекендештерге бир топ кеп-кеңештер берилди. "Эл көп жерге барбагыла, автобустарга түшпөгүлө, колдон келсе үйдө отургула" деп айтылып жатат. Себеби экинчи жана үчүнчү жарылуулар болот деген кыңыр кептер дагы Анкараны аралап кетти.

“Азаттык”: Түркияда социалдык тармактар жана айрым интернет сайттар иштебей калганы айтылды. Бири-бириңиздер менен кантип байланышып жатасыздар? Кыргызстандагы туугандарыңыздар да тынчсызданып жатса керек?

А. Чоноев: Ооба, жардыруу Кыргызстандын убактысы боюнча кечки саат ондордо болду. Дароо эле кыргызстандыктар менен Анкарадагы кыргыздар байланышка чыгышты. Себеби ал маалда интернет иштеп жаткан. Азыр деле болсо социалдык түйүндөр иштебей жатканы менен WhatsApp аркылуу ээн-эркин кабарлашып атабыз.

Интернетти өчүргөнүн себеби, жардыруу болгондон кийин социалдык түйүндөрдө видео жана сүрөттөр өтө басымдуу болуп кетти. Ошондуктан бийлик элдин психикасына доо кетет деген негизде убактылуу айрым сайттар жабылганын кабарлады. Муну Анкарада түшүнүү менен кабыл алып жатышат.

“Азаттык”: Акыркы учурда Түркияда теракттар көп болуп атат. Акыркы окуяны да түрк бийлиги теракт деп атады. Ал эми жөнөкөй элдин пикири бийликтики менен шайкеш келип атабы?

А. Чоноев: Бардыгыңыздар билесиздер, Түркия Жакынкы чыгышка чектеш өлкө. Эң негизгиси, Түркия Сирия менен кошуна мамлекет. Сириядагы кээ бир аракеттерге Түркия дагы катышып жатат. Андыктан "отко жакын жүргөндө колуң күйүп калышы мүмкүн" дегендей эле Түркияда да бул күтүлгөн нерсе болуп атат. Себеби Түркия учурда чоктун ортосунда жайгашкандай болуп турат.

Ал эми эл болсо тынчтыкты көбүрөк самап калды. Түркия эли кийинки учурда бийлик өзүнүн дараметине жараша иш жүргүзсө деп айтышууда. Себеби Түркия чоң державалар менен бирге оюнга кирип кеткенин эл билип атат. Ошондуктан коомчулук бийликтен чоң оюнчу катары Сириядагы согушка кирбей эле коюушун талап кылып жатат. Бирок түрк өкмөтүнүн турумун баарыбыз эле көрүп жатабыз, салмактуу аракетинен баш тартчудай эмес.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG