Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Күрт күчтөрү Анкарадагы жардырууну уюштурганын жарыялашты


Жардыруудан кийин. Анкара, Түркия. 17-февраль, 2016-жыл
Жардыруудан кийин. Анкара, Түркия. 17-февраль, 2016-жыл

Түркиянын баш калаасында 17-февралда 28 кишинин өмүрүн кыйып, ондогон адамды жарадар кылган жардырууга жоопкерчиликти “Күрдистан эркиндигинин кыргыйлары” тобу өзүнө алды. Топтун согушкерлери жардырууну 26 жаштагы түрк жараны аткарганын маалымдашты.

Мурдараак түрк бийлиги чабуулду күрт күчтөрү жасаганын ишенимдүү айтып, окуяга шектүү тогуз кишини кармаган.

Жоочулар бул жардыруу президенттин күрттөргө мамилеси үчүн жооп экендигин билдирип, жакында жаңы кол салуулар болорун эскертишти.

Түркия Ирактын түндүгүндөгү Күрт жумушчу партиясынын болжолдуу уюктарына абадан сокку урууну улантууда. (SE)

XS
SM
MD
LG