Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:06

ИИМ: Данияр Абдыкаровдун дайыны табылды


Данияр Абдыкаров.
Данияр Абдыкаров.

ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров жетекчиликтен уруксат албай Түркияга кеткени маалым болду.

Ал арада министрликтин Ички иликтөө кызматы Абдыкаровдун аты аталган чуулгандуу маалыматтарды, кызматкерлердин, ардагерлердин кадр маселелери боюнча арыз-даттанууларын териштирип-иликтеп жатат. Ал ыкчам иштер боюнча министрдин орун басары болуп 2016-жылдын башында дайындалган. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев былтыр кызматтык мөөнөтү бүтүп баратканда Абдыкаровго генерал-майор наамын ыйгарган болчу.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Данияр Абдыкаров Түркияда жүргөнүн өзү ырастады:

- Негизи ал эмгек өргүүсүндө болчу. Сыртка чыгыш үчүн министрдин уруксаты керек. Ал өкмөт тарабынан дайындалгандан кийин өкмөттүн да уруксаты керек. Өткөндө "качып кетиптир" деп ызы-чуу болуп жатканда ал өзү биз менен байланышып, "качкан жокмун, кайра келе турган билетим бар, эгиз балдарымды, байкемдин кыздарын эс алдырганы баргам, бүгүн түнү учуп келем, эртең жумушка чыгам" деген. Эмнеге уруксатсыз кетип калганы тууралуу түшүндүрмө берсе, ага кандай чара көрүлөрүн убакыт көрсөтөт.

43 жаштагы Данияр Абдыкаров 1998-жылы Бишкектеги милициянын орто мектебинин сырттан окуу бөлүмүн бүтүргөн.

Абдыкаров 1994-1998-жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында ыкчам кызматкер болуп иштеген.

1998-2001-жылдары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында, андан кийин Бишкекте, Чүйдө жана Талас облустук милициясында жетекчилик кызматтарда жүргөн. Ыкчам иштер боюнча ички иштер министринин орун басары болуп 2016-жылы февраль айында дайындалган. Ал мурунку министр Улан Исраиловдун эң ишенимдүү адамы катары сыпатталган жана бул чөйрөнү жакшы билгендердин айтымында кадр маселесин чечүүдө башкы ролду ойной турганы кеп болуп жүргөн. Мындан улам Абдыкаровдун аты кадр саясаты боюнча нааразылык, арыз-дооматка байланыштуу көп айтылган.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Данияр Абдыкаровго байланыштуу кызматтык териштирүү уланып жатканын кошумчалады:

- Буга чейин ал тууралуу көп эле макала чыгып жүрбөдү беле. Бирок ал көзөмөлгө коюлуп, текшерүүгө алынган эмес. Кашкар Жунушалиев келгенден кийин ЖМКга чыккан бардык министрби, анын орун басарлары тууралуу айтор бардык сын-пикирдеги макалалар боюнча кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлө баштады. Биз бул макалаларды Данияр Абдыкаров министрдин орун басары болгондон кийин өзүнө да көргөзчүбүз. Бирок ал ошол маалымат боюнча тактоо же четке кагуу тууралуу биздин сунушубузду эске алган жок. Балким ушак катары эсептегендир? Негизи мындай маалыматтарды тиешелүү түзүмдөр текшериши керек. Ички иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен кандай чечим кабыл алынганын кабарлайбыз.

Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

"Азаттык" Данияр Абдыкаровдун айланасындагы кийинки окуялар тууралуу Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты, мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин пикирине кызыкты. Ал азыркы министр Кашкар Жунушалиев жүргүзүп жаткан кызматтык иликтөөлөр тууралуу оюн айтууну эп көргөн жок. Бирок "мамлекеттик сырды алып жүрөт" деген ички иштер органдарынын жооптуу кызматкеринин уруксатсыз сыртка чыгып кеткенин айыптады:

- Мен Абдыкаровду жакшы билем. Уруксатсыз кетип калганы туура эмес. Рапорт жазып, ага министрдин колун койдуруп кетсе эле болмок. Менин угушума караганда ал кызын турмушка бергени кетсе керек. Министрлик эми жарым-жартылай аскердик орган да. Эми тартип деген болушу керек. Жетекчилик, министр, министрдин орун басарлары кол алдындагы кызматкерлерге үлгү болбосо, анда аларга ким үлгү болот? ИИМ тууралуу азыр коомчулуктун пикири анча деле жакшы эмес. Ушундай учурда бул кылган иши чала эле болуп калды. Кашкар Жунушалиев тажрыйбалуу министр, анан ага бир нерсени айтып үйрөткөндөй болгонум туура эмес болуп калат. Ал эмне кылыш керек экенин түшүнөт, бир нерселерди айтып бул жагынан, тигил жагынан чыга бергеним туура эмес болуп калат.

Данияр Абдыкаров тууралуу өткөн аптанын аягында ИИМдин Коомдук байкоочу кеңешинде да сөз болгон. Кеңештин мүчөсү Рысбек Адамалиевдин айтымында, анда "Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүндө анын жоопкерчилиги да каралышы керек" деген маселе көтөрүлгөн:

- Ала качуунун айынан каза болуп калган Бурулай боюнча ошол тармакка жооптуу Данияр Абдыкаров болуп жатпайбы. Депутаттар: "Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкери иштен четтетилип, жумуштан алынып, ушул жакты караган министрдин орун басары кызматтан кеткен жок?" деген маселени көтөрүп чыгышты. Жеке мен бир да жолу Данияр Абдыкаров менен жолуккан эмесмин. Коомдук байкоочу кеңешке Абдыкаров тууралуу бир да арыз-доомат келген эмес.

"Кызымдын өлүмү үчүн ким жооп берет?"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:20 0:00

1-майда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов парламенттеги фракция жыйынында Абдыкаровго кайрылып, анын дарегине айтылган дооматтарга эмнеге жооп бербей жатканын сураган. Нышанов "мен үчүн интернет-сайттарда "анын учурунда "Мегакомго" кол салып, бир топ миллиондорду алган" деген сыяктуу маалыматтардын чыкканы жаңылык болду. Сиз көптөн бери министрдин орун басары болуп иштеп келе жатасыз. Буга кандайдыр бир тиешеңиз болгонбу?", - деп сураган.

Данияр Абдыкаров гезиттерге чыккан ал тууралуу ар кандай маалыматтардын баары "сары басма сөздүн" деңгээлиндеги ушактар болушу мүмкүн экенин айтып, алардын баарына жооп берүүгө милдеттүү эмес экенин билдирген:

- Мен андай ойдон чыгарылган нерселерди жаза берген гезиттерге эч кандай жооп бербейм. Менин андай иштерге эч кандай тиешем жок. Менин ал жакты басып ала тургандай мүмкүнчүлүгүм да жок. Ошол сыяктуу нерселерди "сары" басма сөзгө жаза беришет экен да. Менде бирөө-жарым менен талашып-тартышып, актангыдай себеп жок.

Өткөн апталарда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын мурдагы жетекчиси Скандарбек Көчөрбаевге "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген айып менен кылмыш иши козголгон. Ал апрель айынын этегинде арыз-дооматтардан улам иштен убактылуу четтетилген жана кызматтык териштирүү башталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG