Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Стамбулда кыргыз коому ишин күчөтөт


Түркияда тигилген боз үй, “Кыргызстан маданият жана достук коомунун” эн белгиси.
Түркияда тигилген боз үй, “Кыргызстан маданият жана достук коомунун” эн белгиси.

Түркиядагы "Достук жана маданият коому" Анкарадагы кеңсеси жабылганына карабай, Стамбулда ишин күчөтөт.

Түркияда кыргыз диаспорасы катары саналган "Достук жана маданият коомунун" мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү июль айындагы төңкөрүш аракети жана андан кийинки бийликтин чечимдеринен соң Кыргызстанга кетип калганы айтылган.

Коомдун демөөрчүлөрү түрк бийлиги төңкөрүш аракетинин артында турат деген Фетхуллах Гүлендин жамаатына тиешеси бар деген пикирлер да айтылып, бул социалдык тармактарда да кызуу талкууланган.

19-ноябрда коомдун Стамбулда өткөн кезектеги жыйынында аталган маселелер ачык талкууланып, уюмдун жаңы башкаруу кеңеши шайланды.

Стамбул шаарындагы "Достук жана маданият коомунун" кезектеги жалпы жыйынында уюмдун акыркы маалда солгундаган ишин жандантуу маселеси талкууланды. Ага катышкан коомдук уюмдун алтымыштай мүчөсү Анкарадагы кеңсенин жабылышын талкуулап, башкаруу кеңешинин мүчөлөрүн кайра шайлады.

Анкара шаарындагы кеңсени биротоло жабуу тууралуу чечим кабыл алынганын коомдун негиздөөчүсү Айбек Сарыгул мындайча түшүндүрдү. ​

- Азыркы Түркиядагы чукул кырдаалдын негизинде биздин Анкарадагы филиалыбызга мөөр коюп кетишкен. Эмнеге мөөр коюп кетишкени бизге дагы деле белгисиз. Бирок көп эле биздикине окшогон коомдорду жаап жатышат. Бүгүнкү жыйында болсо Анкарадагы кеңсебизди биротоло жаап туралы деген чечимге келдик. Анткени мөөрүн качан алышары белгисиз болуп жатат. Эгерде коомду жаңыдан түптөп уюштурсак, анда кеңсени сөзсүз кайрадан ачабыз.

Стамбулдагы жыйында "Достук жана маданият коомунун" башына жаңы жаш жетекчилер шайланды. Алардын бири Ырысбек Керезбек уулу шайланган беш кишинин алдында уюмдун ишин жаңылоо максаты турганын айтат:

- Түркиядагы акыркы болуп жаткан окуялар менен биздин коом да түркүн сындарга кабылды. Өзгөчө социалдык тармакта билип-билбей эле түрдүү сын-пикирлерди айтышты. Алардын баарына жооп кайтарууга да үлгүрбөдүк. Коомдун өзүнүн аброю бар болчу, бирок акыркы бир жылда активдүүлүгү азайды. Бүгүнкү шайлоо менен ичибизде бир жаңылануу болсун дедик. Жаңы муун, жаңы жаштар сырттан келген көз караштарды жеңүү максатында ар тараптан кыргыз коомун жанданталы деген тилектебиз.

Түркиядагы азыркы кырдаалда кыргыз коомунун ишин кайрадан жандантуу идеясы кандайча пайда болгонун коомдун активдүү мүчөсү Тынчтыкбек Кубатбеков мындайча түшүндүрдү:

- Үстүбүздөгү жылдын июль айындагы Түркиядагы окуядан соң коомчулукта көптөгөн сөздөр болуп кетти. Негизи андан мурун эле биздин коомдун иш-чаралары азая түшкөн. Мурун мекендештер топтолуп, коом жандуу болчу. Эми Түркиядагы окуялар өз калыбына келе баштаганда уюмдун да иштери жанданып, бизге дем, күч берет деген үмүттөбүз. Мурун башталган иштер аягына жетип, бизге азыркы кыйын учурда мотивация берет го деген ойдомун.

- Азыркы Түркиядагы чукул кырдаалдын негизинде биздин Анкарадагы филиалыбызга мөөр коюп кетишкен. Эмнеге мөөр коюп кетишкени бизге дагы деле белгисиз. Бирок көп эле биздикине окшогон коомдорду жаап жатышат. Бүгүнкү жыйында болсо Анкарадагы кеңсебизди биротоло жаап туралы деген чечимге келдик.
Айбек Сарыгул

Коомдун 158 активдүү мүчөсүнүн 40 пайызын Стамбулдагы студенттер түзөт. Жаңы келген студенттер коомдон ар тараптуу колдоо алып келишкен. Стамбул университетинин студенти Элмира Абыкова өзгөчө студенттер үчүн кыргыз коомун активдештирүү өтө маанилүү экенин белгилейт.

- Бул коом тууралуу ар түрдүү ой-пикирлер бар. Саясатка байланыштуу коом жабылып калат деген ойлор кеткен. Түркиядагы жаңжалдан кийин коом жөнүндө ар түрдүү ушактар да тарап жүрдү. Бирок өз мамлекетинен алыс биздей студенттер кыргыздарды көргүбүз келет, кыргызча сүйлөшкүбүз келет. Бул кеңсеге келип чогулуп баарлашып, бири-бирибиз менен таанышабыз. Студенттер кыргыз тамактарын жасап жейбиз дегендей. Ата-энебизден алыс болгондуктан бул жактагы улуулардан да кеп-кеңеш алып баарлашып турабыз.

Стамбулдагы "Достук жана маданият коому" 2010-жылы түзүлгөн. Ал жеке демөөрчүлөрдүн каражаты жана мүчөлүк төлөмдөр менен каржыланат. Коомдун Анкарадагы кеңсесин үстүбүздөгү жылдын август айында түрк бийликтери жапкан. Коом буга чейин Түркиянын булуң-бурчунда бизнес форумдарды, кыргыз маданий күндөрүн жана ар түрдүү ийримдерди уюштуруп келген.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG