Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Жапаровдор атасына жолуктурууну суранышты


Садыр Жапаровдун тарапташтары
Садыр Жапаровдун тарапташтары

Саясатчы Садыр Жапаровдун 12 тарапташынын ишин кароону Биринчи Май райондук соту улантып, бирок мамлекеттик айыптоочу алмашканына байланыштуу мурда айтылгандай жарыш сөз болгон жок.

Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо ажынын төрүнө караганда көрү жакындап калганы 25-августтагы соттук отурумда ачык айтылды. Атанын өз балдарын көрүп калуу тилеги орундалары азырынча белгисиз.

Жапаровдун тарапкерлеринин адвокаты Шарабидин Токтосунов буга чейин Нуркожо ажынын абалы камакта жаткан балдарына атайын айтылбай келсе, бүгүн аны ачыктоого аргасыз болуп жатканын билдирди:

- Сабыр Жапаровго ата, Рустам Жапаровго чоң ата, Улан Усуповго ава болгон Нургожо ажы Жапаров бүгүнкү күндө өтө катуу ооруп жатат. Буга чейин кичине дем алып жатты эле, азыр дем алышы да оорлоп калыптыр. Ал кишинин күнү саналып калды. Мына ушул балдарын бир көрүп алуунун айласын издеп жаткандай...

Балдарын күткөн ата

Соттолуучулардын дагы бир адвокаты Замирбек Базарбаев болсо, Нуркожо аксакал өз балдарын көрүп алса сакайып кетиши мүмкүндүгүн дагы жокко чыгарбайт. Ошондон улам сотту ийкемдүүлүккө чакырып, балдарын атасы менен жолуктурууга мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырды.

Өз кезегинде саясатчы Садыр Жапаровдун камактагы бир тууганы Сабыр Жапаров судья атасы менен жолугууга мүмкүнчүлүк түзүп берсе, кайра эле темир тор аркасына сот айткан мөөнөттө келүүгө даяр экенин айтууда.

- Урматтуу сот, мен сизден убактылуу суранып жатам, кайра кайсы күнү десеңиз өзүм келип, темир тордун артына отурганга даярмын. Мен эч жакка качып кетпейм, себеби мен эч кандай күнөө кылган эмесмин. Суранарым адамгерчилик кылып, абалды түшүнүп коюңуз. Атамды азыр ийненин күчү менен эле кармап турушкан экен. Мен бир барып жолугуп келишим керек.

Бирок соттолуучулардын мындай өтүнүчүнө мамлекеттик айыптоочу Кубан Адыл уулу каршы чыкты. Ал буга чейин да ушул өңдүү өтүнүчтөр башка соттолуучулар тарабынан болгонун айтып, бардыгына бирдей мамиле кылуу зарыл дейт.

- Биз билебиз ушул эле сотто буга чейин соттолуучулардын бири Айдынбек Шамшыдин уулу да атасы ооруп жатканын айтып, үй камагына чыгарууну өтүнгөндө сот баш тарткан. Эми болсо Жапаровдор ушундай өтүнүчтү киргизип жатат. Бирине баш тартып, экинчисине макул болгон болбойт. Анын үстүнө соттолуучуларга коюлуп жаткан айып оор кылмыштын түрүнө кирерин унутпайлы.

Сот макул болбоду

Кеңешүүдөн чыккан соң судья Марат Сыдыков Жапаровдорду үй камагына чыгаруудан баш тартты. Ошондой эле келаткан аптадан тарта жарыш сөз башталарын билдирди.

Жапаровдун тарапташтарынын сотунда катышуучулардын жарыш сөзү 25-августта башталары айтылган. Бирок отурумга катышып жаткан мамлекеттик айыптоочулар алмашканына байланыштуу прокурор Кубан Адыл уулу иш менен таанышууга судьядан кошумча убакыт сурады.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө саясатчы Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо ажы Жапаров оор абалда төшөктө жатканы тууралуу видео таркаган. Анда Нуркожо ажы жакшы сүйлөй албай, төшөктөн тура албай жатканы, балдары камакка алынгандан бери абалы оорлоп кеткени жазылган.

С. Жапаровду колдоо митинги (25-март, 2017-ж)
С. Жапаровду колдоо митинги (25-март, 2017-ж)

Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышында депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөр алтын кенине байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган жана УКМКга алып келинген.

Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын 12си камакка алынган. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-августта Садыр Жапаровду Кылмыш кодексинин 113-беренеси (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341-беренеси (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234-беренеси (бейбаштык) боюнча толук актап, 227беренеси (бийлик өкүлүн барымтага алуу) боюнча күнөөлүү деп тапты. Аны 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести. Жапаров сот чечимин бийликтин буйругу деп баалаган, адвокаты Бишкек шаардык сотко кайрылган.

"Азаттыктын" архиви: Садыр Жапаровдун сөзү. 2-август, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG