Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Шайлоо: талапкерлердин саны жана сапаты


Президенттикке талапкер Арстанбек Абдылдаев "Кыргызтесттен" өтүп жатат. 27-июль, 2017-жыл
Президенттикке талапкер Арстанбек Абдылдаев "Кыргызтесттен" өтүп жатат. 27-июль, 2017-жыл

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин дараметине саресеп салды.

15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдиргендердин саны 40ка жетти. 2011-жылкы шайлоодо 80ден ашуун талапкер катталганын эске алганда дымактуулардын көптүгү жаңылык деле эмес.

Талапкерлерди каттоо 1-августка чейин уланып, 10-сентябрда акыркы тизме жарыяланат. Эмесе ушу кезге чейин катталгандардын сапатына кайрылалы.

Бул жолу аял кандидаттардын саны көбөйүп жетиге жетти. Гендердик саясатты эске алганда жакшы көрүнүш деңизчи. Бирок алар олигарх атаандаштарынан озуп марага жетеби?

Бул шайлоодо да салтты бузбай президенттикке "түбөлүк талапкер" атка конгондор да аттанды. Турсунбек Акун, Турсунбай Бакир уулу, Токтайым Үмөталиева.

Буга чейинки шайлоолорго талапкер катары катышкан Кубанычбек Апас менен Акбаралы Айтикеев азырынча аттаныша элек.

Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров талапкерликке темир тор артынан арыз жазышты.

Талапкерлер арасында жумушсуздар, пенсионерлер да жок эмес.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев да шайлоо бир тур менен чечилбесин айткан жайы бар. Эксперттердин болжолу боюнча 1-турда негизги күрөш Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев сыяктуу талапкерлер арасында болот. Жогорку Сот Акматбек Келдибековдун соттуулугу алына электигин дембе-дем эскерткенине караганда анын талапкер катары катталышы күмөн.

Текебаев менен Жапаровдун соту бир жаңсыл болбогонуна байланыштуу алардын президенттик жарыштагы дараметин өлчөөгө эрте.

Шайлоо - 2017: президент ким болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:12 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG