Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Баткен: айланма жолдун курулушу уланат


Баткендеги Көк-Таш - Ак-Сай –Тамдык жолунун курулушу 11-январдагы кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусунан кийин токтоп калган.
Баткендеги Көк-Таш - Ак-Сай –Тамдык жолунун курулушу 11-январдагы кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусунан кийин токтоп калган.

Дүйшөмбү шаарында чек араны тактоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк комиссиялардын сүйлөшүүсү аяктады.

12-майда башталган сүйлөшүү жыйынтыгында чек арадагы талаштуу аймактар боюнча атайын протоколго кол коюлуп, Көк-Таш - Ак-Сай –Тамдык жолунун курулушун жандантуу чечилди.

Дүйшөмбүгө кыргыз делегациясын баштап барган коопсуздук боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиев сүйлөшүү жүрүшүндө 7-майдагы Баткендин Жеке-Өрүк аймагындагы окуя биргелешип иликтенип, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу боюнча да сөз болгонун билдирди:

- 7-майда болуп өткөн жаңжал маселесин биздин демилге менен эки күн карап, бир пикирге келдик. Бул жаңжалды эки тарап тең иликтеп жатат. Ага ылайык, күнөөлүүлөр жазалана турган болду. Экинчиси - биздин тургундарга келтирилген чыгымдарды тажик тарап төлөп берүүгө макул болду. Ал эми курулушу токтоп калган Көк-Таш - Ак-Сай –Тамдык жолу боюнча эки күн бою талкуу жүрдү. Анын жыйынтыгында ушул жолдун курулушун улантуу чечимин кабыл алдык. Аны протоколдо көрсөттүк. Жакында жол курула баштайт.

Жолугушуу жүрүшүндө Абдрахман Маматалиев тажик өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен да жолуккан. Анда чек ара коопсуздугун камсыздоо, өз ара кызматташуулар боюнча сүйлөшүү болгон. Тажик өкмөт башчысы кыргыз-тажик калктары тынч жана ынтымакта жашап келишкенин, турмушта кезиге турган маселелер чатакка айланып кетпеши керектигин белгилеген.

Өкмөттүк комиссиялар жолугушуу өткөрүп жаткан учурда Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары анын жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүп жатты.Чек арага жакын жайгашкан бул айылда быйыл жыл башында кыргыз жана тажик жарандары ортосунда жаңжал чыккан. Анда эки тарап ок атышып, Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 аскер жараат алган. Мындан соң айылды облус борбору менен Тажикстандын Ворух анклавынан көз карандысыз байланыштырчу жолдун курулушу токтоп калган.
Баткендеги Тажикстанга караштуу Ворух анклавы
Баткендеги Тажикстанга караштуу Ворух анклавы
Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев аксайлыктар азыркы сүйлөшүүдөн дал ушул жолдун тагдыры бир жаңсыл болот деп күтүп жатканын айтып берген.

- Чек араны тактоону тездетпесе абал кыйын болуп баратат. Биз жайлоого барыш үчүн Ворухтан өтө албай, абдан татаал жол менен барганга аргасыз болуп атабыз. Ошондуктан, жогорку бийликтегилерге чек араны тез арада чечип бергиле деп кайрылып, сурандык. Чынын айтканда, бул жолку жолугушууда бир нерсе жыйынтык чыгаар деп үмүттөнүп жатабыз. Анткени биз бир канча убакыттан бери күн санап жашап калдык. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, Бишкекте, Дүйшөмбүдө деген менен эч жыйынтык жок. Ошондуктан, бизде ишеним түгөнүп баратат.

Мындан улам айыл калкы чек ара маселесин президент өз көзөмөлүнө алышын суранып жатканын Жолчиев кошумчалады. Аксайлыктар көтөрүп чыккан жүйөнү Кыргызстандын Тажикстандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов да орундуу деп эсептейт. Анткени буга чейин өкмөт башчыларынын деңгээлинде чек ара чатактарын жөнгө салуу жагы бир нече жолу талкууга алынган менен эч кандай жыйынтык болгон эмес. Ошондуктан, Ниязов маселе мамлекет башчыларынын токтоосуз кийлигишүүсүн талап кылууда дейт:

- Бул маселе буга чейин өкмөттүк, жумушчу топтордун деңгээлинде далай жолу сүйлөшүлдү. Бирок андан жыйынтык чыкпай калды. Ошол себептүү бул маселени президенттер жолугуп, жогорку саясий деңгээлде жолугушуусу керек. Эгер чек ара маселесин чечпесе, экономикалык болобу, соода болобу эч кандай алака ийгиликтүү уланбайт.
Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда Жеке-Өрүк айылында чыккан чыр иликтенмей болду.
Кыргыз-тажик чек арасында 8-майда Жеке-Өрүк айылында чыккан чыр иликтенмей болду.
Ошол эле учурда коомчулукта кыргыз жана тажик президенттери чек ара маселеси боюнча түз отуруп, сүйлөшүү өткөрүүгө даярбы деген суроо кабыргасынан коюлууда. Саясий эксперт Эмил Жураев акыркы бир жыл аралыгындагы чек ара чатактарынан улам эки өлкөнүн башчылары бул маселеге өздөрү киришмейин чечилбесине көзү жетип калды деген ойдо:

- Акыркы учурдагы жаңжалдардан улам эки президент тең эле маселе канчалык талылуу экенин түшүнүп калды. Жетиштүү деңгээлде маалыматка да ээ болушту. Башкалар сыяктуу эле мен деле жумушчу топтордун деңгээлинде маселе чечилерине ишенбейм. Бирок сүйлөшүүгө барабы же барбайбы, бул суроонун жообу ачык бойдон калууда. Анткени чек ара сыяктуу маселеде мунасалык жолду табуу кыйын. Маселе кандай болуп чечилбесин кайсы бир тарап нааразы болот. Ошондуктан, маселе оңунан чыкпай калса эмне болот деген чочулап турат. Ошентсе да, жоопкерчиликти алып бул маселени чечүүгө киришүүсү зарыл.

Өткөн аптада Москвадагы ЖККУнун бейформал саммитинин жүрүшүндө кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен кыргыз-тажик чек арасындагы соңку абалды талкуулаган. Анда президенттер ар кыл чатактарды болтурбоо үчүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде чек араны тактоо иштерин тездетүү керектигин белгилешкен.

13-майда Алмазбек Атамбаев чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алып, чек ара маселелери боюнча ыкчам аракет көрүүнү тапшырды. Ошондой эле Ошондой эле Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда өтүп жаткан форумдун алкагында кыргыз жана тажик тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев менен Сирожиддин Аслов чек арадагы кырдаалды талкуулаганы белгилүү болду.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG