Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:53

Баткен: Чыр чыккан жолдун тагдыры арсар


Тажикстандын Ворух эксклавынын жанындагы кыргыз чек арачысы. Ак-Сай айылы, Баткен, 29-апрель, 2013.
Тажикстандын Ворух эксклавынын жанындагы кыргыз чек арачысы. Ак-Сай айылы, Баткен, 29-апрель, 2013.

Тажикстандын Исфара шаарында Баткен жана Согду облустарынын жетекчилери жолугушту.

4-майда өткөн бул жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чегинде 27-апрелде болгон жаңжалдан кийинки кырдаалды жана мындай чыр-чатактардын алдын алуу маселелерин талкуулашты. Жолугушууга Тажикстандан Согду облусунун жетекчиси Кохир Росулзадо жана Кыргызстан тараптан Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жениш Разаков баштаган топтор катышты.

Жыйында кыргыз тарап бул жаңжал 750 миң сомдой чыгым алып келгенин айтса, тажик тарап жол жабылганда каттай албай калганын кошкондо 16 миң АКШ долларына барабар зыян тартканын белгиледи. Натыйжада эки тарап келтирилген чыгымдарды жана козголгон кылмыш иштерин бири-бири менен алмашууга макулдашты.

Баткен облус башчысынын орун басары Бакир Жолчуев жолугушууда эки өлкө мамилелерин жөндөө багытындагы макулдашууларга да өзгөртүү киргизүү зарылдыгы белгиленгенин айтат:

- Жолугушуунун максаты ошол 27-апрелдеги жаңжалга баа берүү жана анын кесепеттерин жоюу болду. Өкмөтттүк деңгээлдеги эки тараптуу келишимдерге жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү, белгиленген укуктук актыларды тартипке келтирүү да сунушталды. Эң негизгиси ушундай кооптуу абал жаралган учурда эки өлкөнүн күч кызматтары биргелешкен аракеттерди көрүү жагы макулдашылды.

Бирок бул жолугушууда чек арадагы жаңжалдын ырбашына себеп болгон Ак-Сай - Тамдык айланма жолун курууну улантуу маселеси чечилген жок. Бакир Жолчуев бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилээрин кошумчалады:

- 16-17- май күндөрү өкмөттөр аралык топтун жыйыны болот. Жол маселеси ошондо каралат.

Эки тараптагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чек арада чыр чыккан сайын ушинтип жолугушуп, маселени талкуулаган болушат. Бирок андан майнап деле чыкпагандай.

Жергиликтүүлөр болсо чек ара маселелеринде бийликтин ишине ичи чыкпаганын айтып эле келишет. Алардын айтымында, эң биринчи чек арада ким кайсыл аймака ээлик кыларын аныктап, эки эл ортосуна от жаккандар жазага тартылса эле маселе жеңилдемек.

Чек арада жашаган Чолпон эже эки тарап үчүн бирдиктүү эреже бектилип, аны эки жак тең катуу карманса болот эле деген пикирде:

- Ушу чек арада жашагандар үчүн эки өлкө тең бирдей эреже киргизиш керек. Жаңжал чыгаргандар үчүн катуу жаза колдонуш керек. Анан бул эреже бир тараптуу иштебей эки тарап бирдей карманып, чагымчыларды катуу жазага тартса, бир аз тынчтанып калат белек.

Ошентип чек арадагы бул сонку жаңжалга себеп болгон Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай – Тамдык жолун курууну улантуу маселеси чечилбеген бойдон турат. 27-апрелдеги чатак дал ушул жолду курууга тажик тараптын кыршылыгынан улам тутанган эле. Жергиликтүү жер адистери болсо бул жол чек ара тилкесинде эмес, шарттуу чек арадан 450 метрдей ичкериде, Кыргызстандын аймагында курулуп жатканын, демек тажик тараптын дооматына эч кандай негиз жоктугун буга чейин айтышкан. Бул жол курулса Баткендин үч айыл өкмөтүнүн калкы жайлоого азыркыдай Ворух анклавын аралап отурбай түз чыгып кеткенге шарт түзүлмөк.

Ворухтун тегерегиндеги кыргыз айылдарынын эли бийликтен бул жолду курууну улантууну талап кылып, ал үчүн 15-майга чейин убакыт чектеген.


Сүрөт баян: Ак-Сай айылы тополоңдон кийин

XS
SM
MD
LG