Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Сузакта минералдык булак талашка түштү


Барпы айыл өкмөтүндө өткөн жыйын. 11-декабрь, 2019-жыл.
Барпы айыл өкмөтүндө өткөн жыйын. 11-декабрь, 2019-жыл.

Сузак районундагы №27 минералдык булактын айланасындагы талаш бир топ жылдардан бери уланып келатат. Анын айынан Барпы айыл өкмөтү жерди ижарага алган ишкерлерден бошото албай келет.

Эми болсо минералдык булактын жери аталган айыл өкмөт менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын ортосунда талашка түшүп, соттошууга чейин жетти. 11-декабрда Барпы айылдык кеңешинин ачык сессиясы өтүп, депутаттар укук коргоо органдарына кайрылууну чечишти.

Сузак районунун Курук-Сай участогундагы №27 минералдык булак жайгашкан 4,6 гектар жер төрт жылдан бери талашка түшүп келатат. 2015-жылы жер ээси катары саналган Барпы айылдык кеңеши жерди кайтаруу боюнча токтом кабыл алган. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Азамат Калиев азыр ал токтом аткарылбаганын айтты:

Азамат Калиев.
Азамат Калиев.

- 2015-жылдын 22-апрелинде Барпы айылдык кеңешинин сессиясы өтүп, анда №27 булактын маселеси каралган. Ошондон бери бул иш аягына чыкпай, талаш болуп келатат. 2016-жылы аймактагы 21 айылда ушул багытта жыйындар уюштурулуп, элге маалымат берилген. 2018-жылы болсо январда айылдык кеңеш ачык сессия өткөрүп, жерди кайтаруу боюнча токтом кабыл алган. Бирок ошол токтом азыркыга чейин укук коргоо кызматкерлеринин жана соттун туура эмес иштеринин натыйжасында аткарылбай жатат. 2000-жылы 80 сотых жерди «Келечек» фирмасы Барпы айыл өкмөтүнөн ижарага иштетүүгө алган. Минералдык булак ошол жердин ортосунда жайгашкан. Кийин 3 гектар жер санитардык зона үчүн кошумча берилген.

Минералдык булакты жери менен бирге 2000-жылдан тартып Жалал-Абад шаарындагы «Келечек» жабык акционердик коому иштетип келет. Барпы айыл өкмөтү келишимди толук аткарбагандыгы үчүн ижарачыдан баш тартып, келишимди жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылган. 2017-жылы Жогорку сот Барпы айыл өкмөтүнүн өтүнүчүн канааттандырган. Бирок айылдык кеңештин депутаты Дөөлөтбек Эргешов минералдык суу чыккан №27 булактан «Келечек» жабык акционердик коому келишим жокко чыгарылганына карабастан суу алып, аларга эч кандай чара көрүлбөй жатканын билдирди:

Дөөлөтбек Эргешов.
Дөөлөтбек Эргешов.

- Азыркы кезде «Келечек» фирмасынын ээси болгон Тумановдордун ал жерди иштетүүгө мыйзамдуу акысы жок. Жети ай мурда өзүм билемдик менен иштетип жаткан фирмага каршы арыз менен Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылганбыз. Алар тараптан эч кандай жыйынтык болбой жатат. Бул ишкана мамлекетке 40 миллион сомдой зыян алып келди. Аны кайтарууга эч кимдин алы жетпей жатат.

Сузакта талаш жараткан минералдык булак жайгашкан жер.
Сузакта талаш жараткан минералдык булак жайгашкан жер.

2001-жылы Өкмөттүн №608 токтомунун негизинде №27 минералдык булак Жалал-Абад шаарына берилген. Бирок азыркы учурда ал жер шаар бийлигине катталган эмес жана мамлекеттик актысы да жок. Депутат Дөөлөтбек Эргешов буларды айтты:

- Союз таркагандан бери бул жер эч кимге берилген эмес жана өткөн да жок. Азыр да анын мыйзамдуу ээси Барпы айыл өкмөтү болуп эсептелет. Өкмөттүн токтому 18 жыл мурда чыккан болсо, Жалал-Абад шаарынын бийлиги эч негизсиз «жер биздики» деп, эми келип чукулап жатат. Бул - биздин баланста турган, аталарыбыздын тыйынына салынган булак болуп саналат. Шаар бийлиги булакты мыйзамсыз иштетип жаткан Тумановдор менен биригип алып, бизди оор абалда калтырды. Депутаттардан турган төрт адам аларга күчүбүз жетпей койду. Акырында соттоп тартып алганы жатат. Азыр соттор кайсыл тарапка иштерин, акча берип чечилерин билесиңер. Калаа башчысына ушул маселе боюнча шаарда митинг өткөрүүгө уруксат сурап төрт жолу кайрылсак да, макулдук бербей койду. Ал өзүнөн корккон окшойт.

Барпы айыл өкмөтүнүн архивдик документтерине ылайык минералдык булактын орду 1996-жылы айыл өкмөт түзүлгөндө анын карамагына берилген. 1995-2000-жылдары булакты «Гималай» фирмасы иштетип келген. Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысы Болот Жусупбеков мындай деди:

- 2015-жылы өкмөт аппаратынан комиссия келип, өкмөттүн 2001-жылдагы №608 токтомунун аткарылышын текшерген. Жыйынтыгында бизге кат аркылуу аны аткаруубузду эскерткен. 2017-жылы ошол кездеги шаар мэри Салайдин Авазовдун катынын негизинде жерди өзүбүзгө алуу боюнча сотко бергенбиз. Бирок азыркы күндө ал жерге мамлекеттик актыбыз да жок жана бизге катталган эмес. Азыр колубузда өкмөттүн токтому жана Мамлекеттик мүлк фондунун 4,46 гектар жерди минералдык булак менен бирге акты менен өткөрүп берген документи гана бар. Шаар бийлиги ал жерди талашкан жок жана мыйзамдуу ээсине кайтарып берүүгө даяр. Барпы айыл өкмөтү кайрадан өзүнө алыш үчүн өкмөттүн токтомун жокко чыгарышы керек.

Нурлан Туманов.
Нурлан Туманов.

Барпы айыл өкмөтү менен Жалал-Абад шаардык мэриясынын ортосундагы жер талаш маселеси жакынкы күндөрү Жогорку сотто каралат. Минералдык булакты иштетип жаткан «Келечек» ишканасынын өкүлү Нурлан Туманов дооматтардын баарын четке какты:

- 80 сотых жерди биз 49 жылга келишимдин негизинде ижарага алганбыз. Аны иштетүүгө колубузда мамлекеттик акты да бар. Анын жанындагы 3,8 га бак тигилген жерди алар талашып келе жатат. Сотун чечими менен ал жерди буларга бергенбиз. Бирок ага макул болбой, минералдык булак турган жерди скважинасы менен кошо талашып келе жатат. Барпы айыл өкмөтү менен түзгөн келишимди биз аткарып келе жатабыз. Ижарага болгон төлөмдөр да өз убагында берилген. Ошондуктан алардын коюп жаткан дооматы негизсиз. Жакында сот тарабынан бул жер шаар бийлигине өткөрүлдү. Эми алар өз карамагына алса, балким ошол тарап менен келишим түзүп иштейбиз.

11-декабрдагы Барпы айылдык кеңешинин ачык сессиясында бул маселе жалпы айылдыктардын катышуусунда талкууланып, соңунда жердин мыйзамдуу ээсин аныкташ үчүн прокуратурага кайрылуу боюнча токтом кабыл алынды. Мындан сырткары судьялардын үстүнөн да тийиштүү тараптарга кайрылууну чечишти. Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Апсатар Сыргабаев маселенин создугушун мындайча түшүндүрдү:

Апсатар Сыргабаев.
Апсатар Сыргабаев.

- Бул маселе менен мен өзүм баш болуп, үч жылдан бери убара болуп жүрөбүз. Президенттен тартып өкмөттүн аппаратына чейин кат менен кайрылдык. Ал жакка барсак биз жөн гана айыл өкмөт болуп калат экенбиз. «Район акимине бар, губернаторго бар» деп айткан учурлар болду. Соттордун адилетсиздигинен улам биздин маселе чечилбей келе жатат. 2001-жылдагы иштин доо коюу мөөнөтү өтүп кеткендигине карабай сот шаар мэриясына чечим чыгарып берип койду. 4,46 гектар жер кандай негизде Жалал-Абад шаарына алынганы түшүнүксүз болуп жатат.

Сузак районунун Барпы айылында 27 миңден ашык киши жашайт. «Келечек» ишканасы чыгарган №27 минерал суулары коомчулукка дарылык касиети менен белгилүү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG