Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Жазында ден соолукка камкордук керек


Иллюстрация
Иллюстрация

Жаз мезгили жаратылышты эле жаңылабай, адамдын организмин да өзгөртөт. Киши алсырап, териси кургап, ал тургай психологиялык жактан да жабыркайт.

Терапевт Тилек Жакыповдун айтымында, жазгысын айрыкча өнөкөт оорусу барлар кыйналат:

- Бронхит, ашказан жарасы, муун жана ичеги-карын ооруларынын баары жазга маал кармашы ыктымал. Азыктануудан же дагы башка тышкы фактордон улам денедеги керектүү витаминдер азайып кетет. Жер-жемиш аз, керектүү минералдар жетишпей, буга кошумча стресске чалдыкса, ооруга туруштук бере албай калышат.

Мындай дарттардан алдын алуу үчүн адистер бейтаптарды ар дайым дарыгердин көзөмөлүндө болуп, мурда сактаган режимди бузбай, витаминдерди ичип, таза абада сейилдөөнү, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоону сунушташат.

Жакында эле британ окумуштуулары "кышкысын Д витаминин ичкендердин иммунитети күчтүү болот" деген бүтүм чыгарышкан.

Жүрөктү сактоонун эрежелери

Жаздын келиши жүрөк-кан тамыр дартына чалдыккандар үчүн да маанилүү. Кышкысын жүрөгү кысылып ооруган адамдар күн жылыганда кичине эс алып, ичип жүргөн дарыларын таштап, режимди унутуп койгон учурлар болот.

Иллюстрация
Иллюстрация

Түркиянын Анталия шаарында иштеген кардиолог-хирург Аятуллах Кочак:

- Жүрөгү кичине эле кысылбай калса, бейтаптар кышкысын ичип жүргөн дарысын таштап коюшат. Жүрөк, кан тамыр дартына чалдыккандар жана кан басымы жогору же өтө түшүп кеткен адамдар бул айларда саламаттыгына көңүл бурушу керек. Дарыгердин айтканын кынтыксыз жана үзгүлтүксүз аткарса жакшы болот. Жүрөгү начарлар тамактангандан кийин дароо баспашы керек, сууга терең чумкуганга болбойт. Мончодогу буудан чыгып, кайра муздак бассейнге түшкөн да коркунучтуу. Анткени ысык муздакка алмашканда жүрөк булчуңдары жыйрылып, кан тамырлар тарыйт. Тоюп алып сууга түшкөн да жаман. Анткени ашказан жүрөктү кысат.

Балдарды витаминден өксүтпөйлү

Педиатр-дарыгер Айнура Аманбаева жазгысын балдарга витамин жетишпесин айтып, ата-энелерге мындай кеңеш берди:

Иллюстрация
Иллюстрация

- Баланын каны аз болсо ушул жаз айларында өзгөчө кам көрүү керек. Балдар эми сыртта же ичте көп чуркап ойношот, көп кыймылдашат. Эгер организминде витамин жетишпесе тез эле чарчап калат. Ошондуктан дары-дармекке же витаминге аллергиясы жок болсо, алдын ала дарыгер менен кеңешип комплекстүү витаминдерди берген оң. Кальций сөөктүн өсүшүнө жардам берсе, В витамини акыл-эске, ойлоо жөндөмүнө пайдалуу. Анан жазгысын балдардын териси кургап, чакалай басып кетет. Терини жандандыруучу, клеткаларды көбөйтүүчү Е витамини да жакшы. Бирок аллергиясы бар балдарга педиатр менен сүйлөшүп, туура кеңеш алгандан кийин гана витамин берүү керек. Буга кошумча жазгысын балдарга белок, углеводдор аябай керек. Күнүгө бирден жумуртка, эт азыктарын, сүт, айран, быштак, компот берүү зарыл. .

Күндүн нуру терини кургатат

Дерматолог-косметологдор жазгысын күн ачуу тийгендиктен, организмдеги эң биринчи жабыр тартуучу орган тери экенин белгилешүүдө. Теринин саламаттыгы үчүн биринчи кезекте ички органдарга кам көрүү зарыл. Дерматолог Айнура Сагынбаева буларга токтолду:

- Күндүн ультракызгылт нурлары адамдын терисине ар кандай сепкил, тактарды түшүрүп, кургатып жиберет. Баарына эле маалым болгондой, күндүн нуру терини картайтат. Ошондуктан, түздөн түз коргонууну да унутпай, көз айнек, баш кийим, шляпа кийүү керек. Күндөн сактаган бет майлардын SPF деңгээли бийик болгону жакшы. Кышкысын маселен, SPF 15 же 20 колдонсок, жазында SPF же күндөн коргоо деңгээли элүү пайызга чейин болгон бет майларды алуу керек. Мындан тышкары терини кечкисин органикалык таза заттар менен тазалап, жумшак бет майларды сыйпаса жакшы

Сагынбаева айрыкча аялдар да өз саламаттыгын чыңдоо үчүн жаш курагына карата витаминдерди ичүүгө тийиш деп кеңеш берет..

Нервди сактаңыз

Ал арада Бишкектеги республикалык психикалык ден соолук борборунда жаздын келиши менен бейтаптар да көбөйө баштайт. Мезгилдин алмашуусу, айрыкча жайдын күзгө, кыштын жазга алмашкан учурунда психикалык проблемалары бар бейтаптардын дарты козголорун адистер ырасташат. Депрессия, суициддик сезимдер жана психикалык оорулардын алдын алуу тууралуу аталган борбордун башкы дарыгеринин орун басары Кубанычбек Эрмегалиев мындай деди:

- Психикалык оорулардын алдын алуу бейтаптын жеке көзөмөлүндө болуусу шарт. Учурунда адистерге кайрылып, керектүү дарылануудан өтүп, догдур жазып берген дары-дармекти убагында ичип, туура эс алганды билсе гана жазгы же күзгү психиатриялык кыйынчылыктардан алыс болот. Режимди бузбай, спорт менен машыгып, спирттик ичимдиктерден жана маңзаттан алыс болушу керек. Чындыгында жазгысын биздин ооруканаларга келгендердин саны бир кыйла көбөйдү. Мезгилдердин алмашуусун саламаттыкка туура кам көрүү менен жеңил өткөрүп койсо болот. Жазгы психикалык козголуу синдрому албетте, бар. Аны алдын алуунун эң туура жолу адистерге учурунда кайрылуу менен күнүмдүк кыйынчылыктардан эс алуунун да жолун туура табуу болуп саналат.

Ар бир адамдын организми өзгөчө болгондуктан, мезгилдин алмашуусу менен кандайдыр бир кыйынчылык жаралса адистер дароо ооруканага кайрылууну сунушташат. Дарттар мезгилдин алмашуусунан эмес, биринчи кезекте адамдын жалпы саламаттыгы, социалдык, психологиялык акыбалы жана өз ден соолугуна кам көрүүсүнө гана байланыштуу факторлордон пайда болорун, ал эми жаз же күздүн келүүсү жөн гана кошумча кырдаал экенин адистер белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG