26-июлдан бери Болгариянын борбору София шаарында кулагы укпагандардын дүйнөлүк олимпиадалык оюндары өтүүдө. Мында 90 өлкөнүн 4 миңден ашуун өкүлү спорттун 19 түрү боюнча мөрөй талашууда. Кыргызстандын намысын 7 спортчу коргоп жатат. Алар грек-рим, эркин күрөш, дзюдо, үстөл тенниси, ок атуу жана сууда сүзүү боюнча мөрөй талашууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев кабарлады.
- Учурда 50 метрге брасс жана эркин ыкмада сууда сүзүү мелдештерине спорт чебери Денис Онищенко катышууда. Ал ошондой эле 10 метрге тапанча атуу мелдештеринде да өлкө намысын коргойт.
Сурдлимпиаданын дзюдо күрөшүнөн күч сынашуулары 2-августта башталат. Мында 66 кило салмакта Максат Бейшенкулов, 90 кило салмакта Илгиз Каналбек уулу Кыргызстандын намысын коргоп, мөрөй талашат. Үстөл тенниси боюнча таймаштарга Мирбек Аалиев катышууда.
Кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн грек-рим жана эркин күрөш боюнча жигиттер жандырып турат.
"Алардын катарында мурдагы сурдлимпиаданын жана дүйнө чемпионатынын грек-рим күрөшүнөн коло байге ээси, спортко эмгек сиңирген чебер Арам Акопян да бар. Ал 96 кило салмакта күрөшүп жүргөн тажрыйбалуу балбан", - дейт Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун жетекчисинин орун басары Касымкул Оболбеков.
39 жаштагы Арам Акопян учурунда даңазалуу балбандар Раатбек Санатбаев, олимпиада чемпиону Юрий Мельниченко менен чогуу машыгып, СССР спорт чебери аталган. Кийин кулагы укпай калып, спорт менен коштошуп, жеке ишкерлик менен алектеген. 2007-жылы кулагы укпагандардын олимпиадасы, дүйнө чемпионаттары өтүп тураарын казак досторунан билип, спортко кайрылып келген. 2008-жылы Арменияда өткөн дүйнө чемпионатында коло байге утуп келгенде өзүнө ишеним жаралган. 2009-жылы Кытайдын Тайпей шаарында өткөн 21-дефлимпиадалык оюндарда Кыргыз туусу алгач ирет көтөрүлүп, Арам Акопян коло медалы менен эсепти ачты. 2012-жылы Болгарияда кулагы укпагандардын кезектеги дүйнө чемпионатында да Акопян үчүнчү орунду ээлеген.
Грек-рим күрөшү боюнча Арам Акопяндан сырткары 74 кило салмакта Закир Турдиев, оор салмакта Габит Айдарбеков да күрөшөт. Айдарбеков өзүнүн күч-кубатын эркин күрөш таймаштарында сынап көрүүнү да чечкен.
Былтыр май айында Түштүк Кореяда өткөн кулагы укпагандардын Азия оюндарында кыргызстандык дзюдочулар 2 коло байгелүү болгон.
Кулагы укпагандардын дүйнөлүк оюндары 1924-жылы Парижде алгач ирет өткөрүлүп, 10 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Алгачкы оюндар спорттун жеңил атлетика, велоспорт, футбол, сууда сүзүү жана ок атуу боюнча өткөрүлгөн. Андан бери Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда гана үзгүлтүккө учурап, калган учурда 4 жылда бир ирет үзбөй өтүп келатат. Бул демилгени Эл аралык олимпиада комитети жана кулагы укпагандардын дүйнөлүк спорт уюму ар тараптан колдоого алып келүүдө. 1949-жылдан бери ар 4 жыл сайын кышкы оюндары да өтүп жүрөт.
- 2001-жылы Эл аралык олимпиада комитетинин аткаруу уюмунун чечими менен бул оюндар Дефлимпиада деп расмий аталган. Майып спортчуларга мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлүп, аларга да көз кырын салган адистер болсо гана... Алардын машыгууга шарты жок. Атайын жабдуулар жетишпейт. Бул ирет биз олимпиадага аттанган спортчулардын кийим-кечесин гана ырастап, даярдап бердик. Мындай оюндарга катышууну каалаган майып спортчулар арбын. Бирок алардын кендирин каражат маселеси кесип турат, - дейт Дүлөйлөр жана сокурлар бирикмесинин жетекчиси Калык Мамбетакунов.
Болгария кулагы укпагандардын олимпиадасын быйыл экинчи ирет кабыл алып, өткөрүп жатат. Мындан 20 жыл мурда 1993-жылы София шаарында өткөн 16-оюндарга 51 өлкөнүн 1705 спортчусу катышкан.
Учурда жеңип алган медалдардын саны, сапаты боюнча командалык эсепте биринчи орунда Орусиянын спортчулары келетат. Алардан бул оюндарга үч жүздөн ашуун спортчусу катышууда. Экинчи орунда кытайлыктар, үчүнчү орунда украиналык спортчулар келатат.
Учурда өлкө аймагында жашап, иштеп жүргөн кулагы укпаган төрт жүздөй спортчу бар.
София шаарында өтүп жаткан атайын олимпиада 5-августта жыйынтыкталат.