Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:24

Канат Сыдыков жарым финалга чыкты


24-мартта Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына кыргызстандык Канат Сыдыков чыкты.

22-марттан бери Бишкектеги “Тагай-Бий” жана “Кондор” бильярд клубдарында аралаш пирамида боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалдык таймашуулары өтүүдө.

Дүйнө чемпионатына 16 өлкөдөн жүздөн ашуун спортчу катышып, үч күндөн бери мыктыларды иргеп алуу мелдештери болду.

Чейрек финалда кыргызстандык Канат Сыдыков негизги атаандашы украиналык Ярослав Тарновецкий менен беттешип, аны 5:2 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты. Сыдыков буга чейин 7 оюнда украиналык, беларус, казакстандык, ооганстандык, өзбекстандык жана орусиялык күчтүү атаандашын жеңип алды. Ошентип Канат Сыдыков жарым финалда ойной турган болду.

Канат Сыдыковдон сырткары чейрек финалда украиналык Александр Паламар, Александр Бойко, Евгений Жуковский, орусиялык Николай Ливада менен Юрий Пащинский жана казакстандык Даурен Урынбаев ойноп, баш байгеге талапкер болууга аракет кылып жатышат.

25-мартта финалдык оюндар Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.

Монголияда мушташып жаткан кыз

Бул күндөрү Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында кыз-келиндер арасында бокс боюнча Азиянын чемпионаты өтүп жатат.

Кыргызстандын намысын жалгыз боксчу кыз Бактыгүл Усупбаева коргоп жатат. Ал 51 кг. салмакта чейрек финалда кытайлык Капкан Рен менен рингде күч сынашканы турат.

Азия чемпионатына 19 мамлекеттин жүзгө жакын спортчу кыз-келини катышууда.

Испаниядагы сноуборд сыноосу

Учурда Испаниянын Сьерра-Невада тоо лыжа курортунда кышкы спорттун сноуборд түрү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мында Кыргызстандын намысын 3 жаш спортчу коргоп жатат. Алар сноуборддун кросс түрү боюнча мөрөй талашууларга катышууда.

Германия: үстөл теннистен дүйнө чемпионаты

24-мартта Германиянын Дортмунд шаарында үстөл тенниси боюнча командалар арасында дүйнө чемпионаты башталды.

Мында Кыргызстандан кыз-келиндер жана жигиттер командасы да катышууда. Жигиттерден Алишер Якупбаев, Азамат Эргешов жана Руслан Култаев, кыз-келиндерден Саида Кудусова, Татьяна Гетман жана Наталья Тен өлкө намысын коргоп жатышат.

Суучулдар Лондонду самайт

24-мартта Казакстандын Темиртау шаарында сууда сүзүү боюнча ачык чемпионат башталды. Мында кыргызстандык 16 спортчу сууда сүзүү сыноолоруна катышып жатат. Бул мелдештин маанилүү экени байгелүү орундарга жетип, арбын упай топтогон спортчуларга Лондон олимпиадасына жолдомо алууга шарт түзүлөт.

Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып жүргөн суучулдар Дмитрий Александров, Александр Слепченко жана жаштар арасында Азиянын чемпиону Султан Букеев баштаган жигиттер бар.

Дзю-до: эл аралык турнир

24-мартта Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда дзю-до күрөшү боюнча СССР спорт чебери Камил Арслановдун элесине арналган эл аралык турнир башталды.

Бул мелдешке Кыргызстандан, Орусиядан, Казакстандан жана Тажикстандан алты жүздөн ашуун өспүрүм катышууда. Камил Арслановду эскерүү мелдешин анын шакирти Анвар Жураев өткөрүп жатат:

- Устатым Камил Арсланов күч-кубаты ашып, ташып турган 25 жашында каза болгон. Ал СССРдин биринчиликтеринде байгелүү орундарга жеткен. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун кызыл диплом менен бүтүп, элге кызмат кылам деген тилегине жетпей калды. Жаштарга дзю-до ыкмаларын үйрөтүп, абдан мыкты жигит эле. Аны эскерип, 11 жылдан бери эл аралык мелдеш уюштуруп жүрөбүз. Ушул жаштардан Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан жигиттер чыкса деп тилек кылам. Болочок олимпиадачылар чыгаарына ишенем.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG