Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Чыгымы көп, чындыгы аз сот реформасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөдө көз каранды эмес сот системасын калыптандырыш үчүн бюджеттен 2019-жылы 2 миллиард 154 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат 2018-жылга салыштырмалуу 35 пайызга көп. Бирок буга карабай соттук реформа алдыга жыла элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы сот системасынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгына арналган, Улуттук филармонияда өткөн иш-чарада сөз сүйлөдү. Президент сот реформасынын ийгилиги каражатты көп бөлүп, техникалык базаны жакшыртуу эмес экенин, биринчи кезекте судьялар абийирин тазартышы керектигин белгиледи.

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, өлкөдө эркин сот системасын түзүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. "Бирок реформа каалагандай ишке ашпай жатат" деди президент.

- Реформаны алдыга жылдыруу боюнча соттук корпуста аракет, демилге жакшы болбой жатат. Кээ бир соттордо жеке адамдык фактор тоскоол болуп жатат. Бирок мыйзам жана Кудайдан коркуп, барыңар тегиз абийирдүү болуп кетти дегенден алысмын. Мына ушул адам фактору жоюлмайынча, сот системасын каржылоону канчалык көбөйтпөйлү, материалдык базаны канчалык оңдобойлу, сот ремормасы ийгиликке жетишпейт. Ошондуктан эски көз караштардан арылып, башталган реформаны аягына чыгаруу үчүн абийир сотунун алдында таза болушуңар керек.

Президент: соттук реформа алдыга жылбай атат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00


Акыркы эки жылда соттордун Тартип комиссиясы 190 судьяга чара көрүү чечимин кабыл алган. Анын ичинен 170 судьяга эскертүү, 14 судьяга сөгүш берилген. Соттор кеңеши же Тартип комиссиясы 11 судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурага макулдук берген. Бир катар судьялар ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошогон.

Жыйында президент сотто коруппциялык аракеттер токтобой жатканы тууралуу да сөз кылып, алар бүтүндөй сот системасынын аброюна көлөкө түшүрүп жатканын айтты. 2019-жылдын башында башкы көзөмөл органы Бишкек шаардык сотунун үч, Жогорку соттун азыркы үч судьясына жана мурдагы бир судьясына «Коррупция» беренеси менен айып койгон.

Жогорку cоттун судьясы Нургүл Сатыбалдиева соттордун азыркы абалы тууралуу буларды айтты:

- Жогорку сотко арыздангандардын көрсөткүчү жалпы соттун 3% түзө турган болсо, жарымынан көбү күчүндө калат. Калганы өзгөртүлөт, бузулат, кайра кароосуз калтырылат же токтотулат. Сот системасы сапат жагынан өзгөрүлдү деп айтууга болот. Бирок эл ичиндеги абройду көтөрүү оор болуп турат. Бул үчүн эл өзүнүн укуктарын, милдеттерин билиши керек. Ага да өзүнчө иш-чараларды уюштуруш керек.

Сооронбай Жээнбеков сот реформасын чындап жүргүзүүгө ар дайым убада берип келет. Бирок бул багытта азырынча жыйынтык сезилбей жатканын буга чейин бир нече жолу билдирген. 2019-жылдын 11-мартында Бишкекте өткөн соттордун XI курултайында президент сотторду ыйманга чакырып, Кудайдан коркушу керектигин айтып, аларга бейиш менен тозокту эстеткен.

Кенжебек Бокоев
Кенжебек Бокоев

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин мүчөсү Кенжебек Бокоев буларды белгиледи:

- Сот өзүнчө бийлик катары башка бийликтерге баш ийбеши керек. Мен муну комитеттен да ачык айтып жүрөм. Соттор сот системасы эмес, сот бийлиги катары өзүн аныктап алышы керек. Анткени сот өкүмү башка бирөөлөрдүн басымы менен чыгары эч кимге жашыруун эмес да. Керек болсо жаңы келген соттор “шектүүнү актагандан коркобуз” деп айтып жатышпайбы.

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова сот системасын реформалоо боюнча президентке алты жолу кайрылуу жолдогон:

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

- Мен президентке алты жолу сотторду реформалоо боюнча сунуш жаздым. Биринен да жооп келген жок. Президенттик аппаратта Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү бар. Алардын реформа жүргүзгөнгө күчү, билими жетпей жатса, анда алардын эмне кереги бар? Жыйынтык жок болуп жатпайбы. Алар салык төлөчүлөрдүн эсебинен айлык алып отурушат.

Кыргызстанда 2010-жылы бийлик алмашкандан бери сот тармагын реформалоо тууралуу сөз көп эле болот. Бул багытта бийлик реформа үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирүүдө.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев коомчулуктун сынына, нааразылыгына карабай сот реформасы ишке ашканын айтып келген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG