Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:14

Жолдордун сапаты жана азабы


Бишкек мэри Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Марат Мияров кызматтан кетти. Бишкек шаардык кеңештин жыйынында айрым депутаттар жаңы курулган жол 3 айга да чыдабай жатканын сынга алышкан.

Жолдордун абалына жана сапатына арналган "Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Бишкек шаардык курулуш башкармалыгынын жол куруу тармагы боюнча орун басары Абдыжапаркул Жанболотов, Шаардык кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, “Мосдорстрой” ишканасынын бөлүм башчысы Бообек Эсенгулов.

“Азаттык”: Мирлан мырза, сиз шаар кеңешинин жыйынында жолдордун сапатын текшерүү керек дедиңиз. Акыркы 3 жыл ичинде жолду оңдоого 1 млрд. сом, жыртык-тешигин бүтөгөнгө 80 млн. сом бөлүнгөн экен. Ушул эле каражатка сапаттуу курса болот беле?

Мирлан Жээнчороев: Мен да шаардыкмын. Шаарда күнүгө көчөлөрдөн унаа мененби, жөөбү, өткөндө жолдун абалын көрүп, ошондуктан ушундай пикирге келдик.

2010-жылдан 2012-жылга чейин мамлекеттик жана муниципалдык бюджеттен жолду реабилитациялоо жана оңдоо иштерине деп 1 млрд. 200 млн. сом бөлүнгөн. Ал эми жыртык-тешиктерди оңдоого 83 миллионго жакын каражат берилген. Бул каражат шаардын бардык көчөлөрүн оңдогонго жетпейт.

Бирок 2010-жылы мэрия тендер жарыялап, 9 көчөнү калыбына келтирди. 2011-жылы да 7-8 көчө жасалды. Тендерди эки жылда тең бир компания утуп, 372 млн. каражат жумшады. Ошол эле жолдор эки жылга туруштук берген жок, кайрадан талкаланып жатат.

Ал эми Салиева көчөсүн жапондордун грантына курулган деп айтып атат. Жапон эли да чын ниетинен, шаардыктарга жолуңарды оңдогула деп каражат берип атат. Бул грант болсо да аны жакшылап пайдаланып, көзөмөлдөшүбүз керек эле. Үч айда ошол жол жокко чыгып кетти.

Биздин фракция атайын мониторинг жүргүздүк. Мисалы, Аалы Токомбаев көчөсүн оңдоого 2011-жылы 2 млн. сом кетет, 2012-жылы кайра эле ошол жолго дагы 2 млн. каражат кеткен. Бирок анын абалына шаардыктар күбө болуп жатат.

Талкууну бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Эмнеге кыска мөөнөттө жаңы салынган жолдор талкаланып жатат? Жолдун сапаты жакшы болбой жатканына ким күнөөлүү, мэриябы, же курган компаниябы?

Абдыжапаркул Жанболотов: Салиева көчөсүн шаардын каражатына салганбыз, ал жакка жапон насыясы келген эмес. Жапониянын “Жайка” борбору, Транспорт министрлиги жана мэриянын ортосунда атайын келишим түзүлүп, эксперимент катары бир көчөнү бетон катмарын жаткырып көрөлү деп сүйлөшүлгөн. Анткени асфальт төшөлгөн жолдун сапаты жакшы болбой, материалдар кымбат болуп жатат деп былтыр 700 метр жол салынган.

Азыр ызы-чуу Салиева көчөсүнө байланыштуу болуп жатат. Бул көчөнү “Мосдорстрой” ишканасы салган. Быйыл кыштан кийин “Жайка”, Транспорт министрлиги болуп бул жолду көргөнбүз. Болжол менен 900 чарчы метр салынган, ушул күндө анын 1 пайызга жетпеген чарчы метри бузулган. Бул жерди “Мосдорстрой” өз эсебинен оңдоп жатат. Калган жерлери жакшы салынган деп “Жайка” баасын берди.

“Азаттык”: Айрым маалыматтар боюнча Бишкектеги көчөлөрдүн 70% "Мосдорстрой” жасаган экен. Эмнеге бир кышка жетпей талкаланды? Мисалы, 2-3 айда талкаланган Учкун кичи районундагы көчөнү да сиздер салган экенсиздер?

Бообек Эсенгулов: Учкун кичи райондогу көчөгө 6 млн. 998 миң сомдон ашуун сом каралган. 2012-жылы 2 млн. 272 миң сомдук жумуш аткардык. Жалпы узундугу 640 метр жолдун астыңкы жер жумуштарын бүтүрдүк. Үстүңкү жумушу дагы бүтө элек, ушул жылы ал улантылат. Ал бүтүп, сапаты эң жакшы болот.

Аба ырайына байланыштуу иштей албай жатабыз. Ал жолду толугу менен бүтүрүп беребиз деп убада беребиз. Бул жерде дагы 4 млн. 726 миң сом акчабыз бар. Ошонун негизинде ишти аткарабыз.

XS
SM
MD
LG