Мындай опурталдуу оюндардан балдарды коргоо чаралары жөнүндө билим берүү, тарбия боюнча адис Асылбек Жоодонбеков "Азаттыкка" маек курду.
“Азаттык”: Интернеттеги “Көк кит”, “Сен оюндасың”, “Өлүм тобу” деп аталган кооптуу оюндар Кыргызстанга да жеткени тууралуу маалыматтар тарады. Суицидге үгүттөгөн мындай оюндардан балдарын коргоп калуу үчүн ата-энелер, коомчулук кандай аракет кыла алат?
Жооданбеков: Эки күндөн бери бул маалымат соцтармактарда катуу сөз болуп, ата-эне катары баарыбызды кооптондуруп жатат. Бул оюн эмне болгон оюн, кайдан чыккан?
Интернеттеги маалыматтар боюнча, Санкт-Петербургда 21 жаштагы Филипп Будейко деген жигит бул оюнду беш жылдан бери атайын программа түзүп, жасап чыккан экен. Мына ушул оюндун кесепетинен Орусияда 15 чакты өспүрүм өз жанын кыйгандан кийин күч кызматтары бул оюнду иликтеп отуруп, Будейконун изине түшүп, өткөн жылдын аягында кармашыптыр. Ал психологиялык жактан оорулуу экени анык болгон. Будейко милициянын сурагында бала чагындагы оор жашоосу, агасы, ата-энеси сабап, сыртка чыгарып коюп жүргөнүн айтып берген.
Ошондуктан баланы 24 саат интернетке калтырып койбой, ата-энелер, педагогикалык коомчулук балдар менен тыгыз байланышта болууга тийиш. Эгер бала ата-эненин көзөмөлүнөн чыгып, алар менен баарлашпаса, анда мындай балдар ушундай кооптуу оюндардын курмандыктары болуп калышы ыктымал.
“Азаттык”: Балага тынымсыз көзөмөл кылуу ата-эненин да, педагогдордун да колунан келбей турган иш эмеспи?
Жоодонбеков: Мен тынымсыз көзөмөл тууралуу эмес, бала менен сүйлөшүү зарылчылыгын айтып жатам. Албетте, көзөмөл да керек. Бирок андан да маанилүүсү - бала менен дос катары баарлашып, пикир алышуу керек. Жалаң гана көзөмөл жардам бере албайт.
Бала менен ата-эненин жакындыгы, бала ата-энеси сурай электе эле өзүнүн күнү кандай өткөнүн, мектепте кандай окуя болгонун жана башка жаңылыктарын айтып, бөлүшүүсү керек. Бала менен тыгыз мамиле болгон үй-бүлөлөрдө сырттан опурталдуу көрүнүштөрдүн таасири аз болот.