Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:22

Активисттер мөңгүлөрдү коргоп чыгышты


Бишкекте Ак үй алдында "Суу кодексине" сунушталган өзгөртүүлөргө каршы акция өттү. Ага жарандык активисттер, саясатчылар катышып, бул өзгөртүүлөрдү четке кагууга парламентти чакырышты.

Ошондой эле алар кен казуу үчүн мөңгүлөрдү жок кылууга уруксат берүү боюнча өкмөттүн сунушун сынга алышты. Мөңгүлөрдүн жок болушу Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азиянын, дүйнөнүн экологиясына зыян алып келерин белгилешти.

Катышуучулар "Мөңгүдөн колуңарды тарткыла!", "Мөңгүнү сактайбыз!" деген ураандарды айтып турушту.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, акцияга 60тан ашык киши чогулду.

Мөңгү мыйзамына каршы акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда "Суу кодексине" киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөткөн. Мыйзам долбоору парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилген.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Бийлик Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан аларда кен казууга уруксат берүүнү сунуштоодо.

Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Экологдор Кумтөрдөгү ар кыл жардыруулар, муздарды бир орундан экинчи жайга көчүрүү мөңгүлөрдүн эришин тездеткенин билдирип келишет. Чет элдик компания мөңгүнүн эришин жаратылыштагы өзгөрүүлөр менен байланыштырган.

Кыргызстанда алты миңге жакын мөңгү бар. Бирок соңку 30-40 жылдагы глобалдык жылуулуктун натыйжасында миңдей мөңгү эрип кеткен.

Мөңгүлөрдүн эрип бараткан маселесин президент Алмазбек Атамбаев эки жыл мурун Париждеги климатка арналган саммитте, быйыл БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында көтөргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG