Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Эже-сиңди: Боёк ишеним тартуулайбы?


Иллюстрация
Иллюстрация

“Эже-сиңди” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында акыркы жылдары Кыргызстанда популярдуу болуп калган жасалма сулуулук жана ага артыкчылык берген айымдар тууралуу сөз кылдык.

Студиянын коноктору ырчы жана дизайнер Анжелика Бекболиева, медиа эксперт Гүлзат Матисакова жана косметолог-дерматолог Нарынгүл Алдашева.

Алия Суранова: Анжелика, сиз белгилүү “Бактылуу айым” теледолбоорун алып барасыз. Ошол берүү тартып жатканда макияж менен чач жасалгасынан кийин аялдар өзүн кандай сезерин байкасаңыз керек?

Анжелика Бекболиева: “Бактылуу айым” долбоорунун автору жана алып баруучусу катары мен бир жарым жылдан бери 32 айымдын өзгөрүүсүнө күбө болдум. Албетте биринчи көзгө көрүнгөн өзгөрүүсү – анын сулуулугу. Ошол жерден сүйүнүчтүн көз жашын көрүп жатабыз, өзүн күзгүдөн көргөндө бирөө коркуп бетин жапса, экинчиси жылмайып, "чын эле менминби? Журналдагы айымдарга окшошуп калыпмын го, мен деле ушундай боло алат турбаймынбы" дешет.

Он жылдан бери сулуулук жаатында иштеп келатабыз, аялдар сулуулук салондоруна эмнеге келет? Чачын жасатып, сулууланып, кирпиктерин өстүрүп, кашын тердирип, эс алып чыгышат. Бирок бул бардык эле айымдардын капчыгына туура келбейт. Ошондуктан айымдарга бекер тейлөө болсун деген максатта ушул долбоорду алып чыкканбыз. Ал жакка көп балалуу айымдар же күйөөсү таштап кеткен айымдар келет. Кээ бир учурда "мага сулуулуктун, косметиканын кереги жок, ансыз деле бактылуумун", - деп айтышат. Бирок ошого карабастан, жакындары аларды бизге жиберишет.

“Жасалма сулуулук” деген түшүнүккө мен кошулбайм, анткени сулуулуктун – өзү жасалма түшүнүк. Сулуулук түшүнүгү бала менен кошо төрөлбөйт, аны коом жаратат.
Гүлзат Матисакова

Гүлзат Матисакова: Батышта, менин оюмча, өзгөрүү болуп жатат. “Бодипозитив” деген кыймыл бар, аларда “аял бактылуу болушу үчүн келбетин өзгөртүү зарыл эмес” деген ишеним жашайт.

Бул кыймылдагы аялдар үчүн өң-түс маанилүү эмес. Табият жараткан кебете, келбети менен жүрөт.

“Жасалма сулуулук” деген түшүнүккө мен кошулбайм, анткени сулуулуктун – өзү жасалма түшүнүк. Сулуулук түшүнүгү бала менен кошо төрөлбөйт, аны коом жаратат. Сулуулукту дүйнөдө ар башка доордо, ар башка өлкөдө ар башка кабыл алышкан. Эч качан дүйнө жүзү боюнча бир стандарт болгон эмес.

Врач катары биринчиден ден соолук чың болушу керек деп ойлойм. Ден соолукка кам көрсө, спорт менен машыкса ошол пайдалуу.
Нарынгүл Алдашева

Нарынгүл Алдашева: Кесибим врач болгондон кийин он жылдан бери косметология жана дерматология тармагында иштеп келем. Кыз же эркек болобу, кичинесинен бери ден соолугу жакшы болсо көзү жоодурап, денеси чымыр болот.

Кыздарыбыз азыр өспүрүм кезинде эле кашына татуаж жасатып, өзүнүн келбетин оңдогусу келет. Моделдерди көрүп, аларды туурайт, аны деле түшүнсө болот. Интернеттен, Инстаграмдан ушунун баарып көрүп жатышат. Бирок врач катары биринчиден ден соолук чың болушу керек деп ойлойм. Ден соолукка кам көрсө, спорт менен машыкса ошол пайдалуу.

Берүүнү толугу менен аудиодон уга аласыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG