Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Кыргызстанда аракка уулангандар көбөйдү


Чехияда алкоголдук ичимдиктин курамындагы метил спиртине ууланып каза тапкандардын саны 20дан ашты, 40тан ашууну ооруканага жаткырылды. Кыргызстанда да жасалма арактан ооругандар жана каза тапкандар саны арбын экенин адистер белгилешет.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: жогорку категориядагы нарколог-дарыгер Шайлообек Өмүралиев, Алкогол продукцияларын өндүрүүчүлөр бирлигинин төрагасы Турсунбек Куренкеев.

“Азаттык”: Кыргызстанда арак өндүрүүнүн жок эле дегенде 50% көмүскөдө деп айтылат. Кыргызстанда чыккан арактын баарын таза деп атаса болобу?

Турсунбек Куренкеев: Бүгүнкү күндө Чехиядагыдай окуя бизде болбойт, кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бизде деле андай уулануулар күнүгө эле болуп атат. Үч ай мурда жолдош бала газга ууланып, №4 ооруканага жатып калды. Барсак ал жерде күнүнө 20дай адам аракка ууланып түшөт экен. Өзүм көрүп таң калдым.

Бизде акыркы 10 жылда алкоголду өндүрүү тармагын ар кайсы министрликке өткөрүп атып көзөмөл жоголуп калды. Мамлекеттик органдар бул тармакты көзөмөлдөөгө аракет кылганы менен эч майнап чыкпай жатат. Мындан 5-6 жыл мурда алкоголду өндүрүүчүлөрдүн 50-60% көмүскөдө иштейт десек, азыр 80% жакындап калды.

Өндүрүүчү өзүнүн товары сапаттуу чыгышына кызыкдар, ошондуктан мамлекет атаандаштыкты түзүп бериш керек. Ошондо гана сапаты жогорулайт. Азыр мамлекет андай шартты түзүп бере алган жок.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Аракка ууланып, наркология борборуна түшкөндөр көппү?

Шайлообек Өмүралиев: Эки гана ооруканада катталган жагдайды айтайын. Ууланган адамдар алгач тез жардамга кайрылат, андан соң токсикология бөлүмүнө жеткирилет.

Бизде уулангандын эки түрү бар. Бул - эс-учун жоготуп, өмүр менен өлүмдүн кырында тургандар. Андан жеңилиреги – бул тойдон кийин дагы жети күн ичип, тамак өтпөй, уйкусу качып, жүрөгү кармап, кан басымы жогорулап, жаны жай таппай турган абалды интоксикация деп коёт.

Бирок экөөндө тең уулануу бар. Мисалы, Бишкектеги тез жардамга 100 адам кайрыла турган болсо, анын 60-70% аракка байланыштуу. Ал эми токсикологиянын берген маалыматына ылайык, 8 айда 292 киши ууланып түшкөн. Алардын ичинен 30у аял, 15 адам өлгөн. Андан сырткары 129 адамды тууган-уругу өздөрү машине менен алып келген. Санитардык авиация менен 29 адам түшкөн. Ал эми наркология борборуна оор интоксикация менен 451 адам түшкөн. Алар көзүнө бир нерсе көрүнүп, кулагына угулгандар.
XS
SM
MD
LG