Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:01

Балыкчы: бүтпөгөн ремонт, кыйналган балдар


Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп. Балыкчы.
Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп. Балыкчы.

Балыкчы шаарындагы капиталдык ремонтко деп жабылган Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин 1200дөн ашык окуучусу окуу жылы башталгандан бери төрт чакырым алыс “Манас” мектебине барып окуп жатышат.

Мектеп жетекчилиги билим уясы капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жабылганын айтууда. Имаратты оңдоп-түзөө милдетин АРИС уюму үлгү долбоордун негизинде алган.

"Ремонт сентябрда бүтөт" деген убадага ишенген ата-энелер бүгүн нааразы болуп турган чагы.

- Бизге апрель айында башталат деп айтышкан. Мектеп жайлай бек турду. Балдар эми “Манас” мектебине барып окуп жатышат. Эртең менен балдарына алты сом жол кире таппай жаткан эне-аталар толтура. "Менин баламды ала кетчи" деп жалдырагандар бар. Өкмөт бизди эмне мынча кыйнады?, - деди шаар тургуну Жылдыз Сатыбалдиева.

Нааразы болгон ата-энелер. Балыкчы. 29-октябрда тартылган сүрөт.
Нааразы болгон ата-энелер. Балыкчы. 29-октябрда тартылган сүрөт.

Ата-энелер ушу тапта ремонтуна деле кайылбыз, балдар кыйналбай өз мектебинде окушсун деп талап коюп жатышат. Алардын бири - Нуриза Айылчиева аттуу тургун мындай дейт:

- "Мектептин ремонту бүткөнгө чейин балдарыбыз “Манас” мектебинде окуп турсун" деп кол койгонбуз. Макулдугубузду бергенбиз. Сентябрь анан октябрь айы өттү, ноябрь кирип келди. Ремонтту баштаганды кой бир топурак, бир таш түшкөн жери жок. Балдар кыйналып кетти. Бир маршруткага кырктай окуучу түшөт. Мисалы, менин эле үч балам окуйт.

Ал эми мектеп директору Гүлүмкан Асанова ата-энелерге убада бербегенин, мектептин ремонту 12 айга чейин созуларын айтты:

Гүлүмкан Асанова.
Гүлүмкан Асанова.

- "Сентябрда ачылат" деп эч ким убада берген эмес. “Аристин” менде каты турат, алар ремонт үчүн 12 ай сурашат. Мен аны ата-энелерге көрсөтүп, түшүндүрүп айткам. Катты окуп да бергем. Ремонт үчүн 12 айлык мөөнөт берилген.

Балыкчы шаарынын жетекчилиги Чыңгыз Айтматов атындагы мектепти ремонт кылганга “Арис” программасы милдеттенме алганын ырастады.

Шаар мэринин орун басары Алишер Табалдиев ремонттун башталбай жаткан себебин минтип түшүндүрдү.

- Булар тендер жарыялаганда талапты аябай коет экен. Ар бир фирманын документтери менен эле кармалып калды да. Чынында булар июль, августта эле ишти баштайбыз деп жаткан. Анан ошончо көп компания арыз бергенден кийин, бардыгынын документин карап, жеңүүчүнү аныктаганга чейин ушул убакыт өтүп кетти.

"Аристин" пилоттук долбоору аркылуу социалдык объектилерди капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча Кыргызстандын Балыкчы жана Токтогул шаары тандалып алынган. Анын ичинен Балыкчы шаарынан үч объект кирген.

Вице-мэр Алишер Табалдиев мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле боло бербейт, аны колдонуп калуу керек деген пикирде:

- Пилоттук долбоорго Токтогул менен Балыкчы эле илинген. Мындай долбоорду "айланайын" деп эле колдош керек. Мен тагыраак айта албай жатам, бирок ремонтко 600 же 800 миң доллардай кетет. Жергиликтүү бюджет анча сумманы бөлүп бере албайт.

Вице-мэрдин айтымында, Балыкчыда Чыңгыз Айтматов мектебинен тышкары дагы бир мектеп жана бала бакча капиталдык ремонт өткөрүү үчүн тандалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG