Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Бишкекте Сауд Аравиянын элчилиги ачылды


Сауд Аравиясындагы кыргыз элчиси Жусупбек Шарипов Бишкекте элчилик ачылышы Кыргызстанга араб дүйнөсүнөн ири инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзөт деп эсептейт.

- Сауд Аравиянын элчилигин Кыргызстанда ачуу маселесин көптөн бери эле көтөрүп келе жаткансыз. Буга кандай зарылчылык бар эле?

- Биздин элчилик жүргүзүп жаткан иштеринин негизгилеринин бири –Кыргызстанда араб өлкөлөрүнүн өкүлчүлүгүн, анын ичинен эң негизги өлкө болгон Сауд Аравиянын элчилигин ачуу учурдун талабы болчу.

Бүгүн ачылганы – чоң окуя. Буйруса, мунун артынан эки мамлекеттин ар тараптуу алакалары дагы тереңдейт. Мурда мага да "эмне үчүн арабдардан кыргыз экономикасына инвестиция келбейт" деген көп суроолор берилип келген. Бул үчүн укуктук негиздер зарыл эле.

Бул боюнча да бир катар келишимдерди даярдап койгонбуз, эми элчилик ишке кирсе, жогорку деңгээлдеги сапарлар болсо, ошондо кол коюлуп, алардын ишке ашуусуна жол ачылат. Араб ишкерлери Кыргызстандын экономикасына инвестиция салуусуна чоң өбөлгө түзүлөт деп ишенем.

- Бүгүнкү күнү араб өлкөлөрүндө канча кыргызстандык жаран бар? Сизде маалымат барбы?

- Перс булуңундагы араб өлкөлөрү боюнча Египет, Африка өлкөлөрүндө да жалгыз элчилик – Сауд Аравияда мен иштеген элчилик. Ошондой эле Дубайда да биздин консулдук бар.

Акыркы убактарда араб өлкөлөрүндө болгон окуялардын учурунда биздин жарандарды иликтеп, аныктадык. Египетте болгон окуя учурунда ал жактагы биздин жарандарды коогалаңдуу аймактан алып чыгуу иштерин жүргүздүк. Ал жакта 600дөн ашуун кыргызстандык жаран бар экен. Ливияда, Йеменде жарандарыбыз бар, алар менен да биз тыгыз байланышта турабыз. Сауд Аравияда 138 жараныбыз бар. Алар жакында шайлоого да катышат.

- Кувейтте да Кыргызстандын элчилигин ачуу маселеси көтөрүлүп жатат. Бул канчалык негиздүү?

- Өткөн жылы БУУнун Башкы ассамблеясында мамлекет башчы Роза Отунбаева Кувейттин премьер-министри менен жолугуп сүйлөшкөн. Ошондо элчилик ачуу сунушу болгон. Андан бери биз иштеп, азыр бир келишимге келдик. Кувейт мамлекетинде Кыргыз Республикасынын элчилиги ачылат. Буйруса бул 1-2 айдын ичинде ишке ашат.

- Сиз мурда биздин үналгыга курган маегиңизде "эгер Кыргызстанда Сауд Аравиянын элчилиги ачылса, ажылыкты акыйкат уюштурууга таасирин тийгизе алат эле" деп айткансыз. Элчилик ачылды, эми ажылык сапарды уюштуруу канчалык деңгээлде акыйкат жүргүзүлөт деп ишене аласыз?

- Маселе өзүбүздө. Ажылыкты уюштурууну тартипке салуу өзүбүздөн көз каранды. Сауд Аравиядан жакынкы күндөрү консулдар келет, үч киши келип, ажыга бара турган кыргызстандыктарга виза бере баштайт.

Кийинки жылдан баштап элчилик ажылыкка виза берүү маселесин өзүнө алат. Умра же кичи ажы деп койот, ошону уюштуруу борбору Астанага көчүп кеткенден кийин биздин жарандар ал жакка бара албай, виза ала албай токтоп эле калган. Элчиликтин өзүбүздө болушу исламда көрсөтүлгөн негизги парзды аткарууну каалаган мусулмандар үчүн бир топ жеңилдик болот.

- Ажылыкка беш миң орун бөлүнөрүн айткан элеңиз. Бирок Кыргызстандан барган кишилердин саны чыныгы иш жүзүндө азыраак болуп атпайбы. Ажырым эмнеден чыгып атат?

- Кыргызстан мусулмандары үчүн 4,5 миң орун берилет, мусулмандардын санына жараша. Андан кийин жыл сайын 500дөн орун кошумча берилет. Анткени кээ бир мамлекеттерде мусулмандарын саны көп болгону менен ажылыкка барууну каалагандар аз, ошондуктан алардан 2,5 миң киши барат, алардан ашып калгандардан бизге бөлүп берет.

Ажырым тууралуу айтсак, бул ички тартип, өзүбүзгө байланыштуу. Өткөн жылдары сыртка сатылып кеткен учурлар болгон, тартипсиздик көп эле. Эми мындан ары биз да ал жактан ажылыкты уюштуруу ишин көзөмөлдөп, сунушубузду айтып турабыз. Бирок буга чейин ал сунуштарды эч ким укпай келген.

- Маегиңиз үчүн рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG